Кызык экен
Балдар, силер жеп жүргөн балмуздак мындан 5 миң жыл мурда пайда болуптур. Илгери балмуздакты жасаш үчүн муз менен карды колдонушкан. Байыркы кытайлыктар кар менен музга апельсинди, лимонду жана анарды кошуп, аны дасторконго коюшчу экен.
Ал эми Египеттин Каир шаарынын султаны муздак суусундук менен балмуздак жасатып турганын 11-кылымда жашаган персиялык саякатчы Нассири-Хозрау айткан. Ал үчүн тоолордон күнүгө мөңгүлөрдү ташытып келчү экен.
Учурда балмуздакты сүт, май, шекер жана таттуу болсун деп ар кандай жемиштердин ширелерин кошуп даярдашат. Балмуздакты күн ысыкта жеп койсо, көңүлдү көтөрөт. Ал эми дүйнөдө жай мезгилинде ар бир 3 секунд сайын бир балмуздак сатылат экен.
Кир жууп жаткан апасы баласына:
– Уулум, бул көйнөгүңдү күнгө жайып келчи. Баласы:
– Апа, мен күнгө жетпейм да...
ххх
Көчөдө ойноп жүргөн Асандан бир чоң ата:
– Ай, кимдин баласы болосуң?
– Атамдын.
«Атаңдын аты ким?» деп сураган чоң атага Асан:
– Атамдын аты жок, кара эшеги бар,- деп жооп бериптир.
ДОСТОРУМ
Обону: Владимир Шаинскийдики
Сөзү: Михаил Таничтики
Кыргызчалаган: Кыялбек Урманбетов
Жалгыз чыксаң жол узун,
Дос менен жол кыска.
Досум барда кол узун,
Дос жокто кол кыска.
Кайырма:
Аптабың мага эмне,
Жамгыр эмне, кар эмне?
Жанымда достор бар кезде.
Бирди жыгат билегиң,
Миңди жык баарылап.
Билбегенди билемин,
Достордон ар убак.
Кайырма:
Аюудан да качпайбыз,
Ишенем доско мен.
Аюу болсо жапжалгыз,
Мен болсом дос менен.
Кайырма:
Кубаныч Сыдыков
balakai@super.kg