Ибрагим Жунусов: «АПАМ БАЛДАРЫМА ДЕП ӨМҮР БОЮ АКЧА ЧОГУЛТКАН ЭКЕН»

“Алтын апа, болбочу капа” деген ырды уктуңуз беле? «Өз апасынын гана эмес, миңдеген энелердин эмгегин даңазалаган Ибрагим агайды чоңойткон апа кандай болду экен?» деп кызыккандар арбын болсо керек. Анда эмесе, апасын эстеген бүгүнкү каарманыбыз Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ибрагим Жунусов болмокчу.

“БИР ЧАКА ПИЯЗ, АПАМДЫН СҮЙҮНҮЧҮ...”
– Апамдын аты Раабы. Апам 4 баланы жалгыз бой чоңойтту. 2 жашымда апам менен атам ажырашып, эки ача жолго түшүшкөн. Апам кесиби боюнча мугалим эле. Бирок мен мектепти жакшы окуган жокмун. Мектептин директору апама дайыма эле “сени мына ушул балаң уят кылат” дей берер эле. Мектепти жыргатпасам да, үйдө оокатты жакшы эле жасачумун. Анда карындашым кичинекей кыз. Улуу акем камыр жууруп, апам мектептен келгенге чейин даярдап койчу. Апамдын нандары томпойгон, кызыл-кызыл болуп өзүнө окшошуп бышчу. Кээде үйдө нан жок калганда коңшубуздан сурай калган нан апамдыкына окшошпой, жегим келбей калчу. Базарга барганда эл эт, пияз, картошканы 2 килограммдан алса, биз жарым килограммдан алчу элек. Көрсө, байкуш апамдын акчаны баарына жеткирейин деген аракети окшобойбу. Апам жалгыз эле иштегендиктен, эч нерсеге жеткизе албай кыйналчу. Бирок ошонун бирин да билгизбей зыңкыйып койчу. “Жалгыз болсоң чогоол бол, көп жаныңдан түңүлсүн” дегендей, биз атасыз өскөндүктөнбү, турмушка тез такшалдык. Корейлердин пияз талаасында акем экөөбүз пияз терип иштечүбүз. Кээде акчасын берсе, кээде бир чака пияз берип койчу. Сүйүнгөн бойдон үйгө чуркап, апабызды кубантчу элек. Апам үй жыйнап койсок да, жакшы баа алсак да кубанычы койнуна батпай сүйүнүп калар эле.

“КОЛХОЗДУН ТӨРАГАСЫН ӨЛТҮРӨМ ДЕП...”
– Шок элем. Анын айынан апам далай жолу кыйналды. 7-класста окуп жүргөнүмдө колхоздун пахтасын тергенге барып калдык. Пахта кичинекей кезинде гозо деп аталат, аны чаап жатып 2-3 гозону түбүнөн кертип алдым. Аны колхоздун төрагасы көрүп, мага келип “сен кимдин баласы болосуң?” деди мен “Раабынын баласымын” десем, атамдын атын айтып, “ий, ошонун баласысыңбы, анда баары түшүнүктүү” деп ар кайсыны сүйлөнө баштады. Чындыгында, атамды бүтүн айыл жаман көрүшчү. Ошентсе да анын сөздөрү жонумду сыйрып жаткандай тийди. Колумдагы кетменди көтөрүп, агайга атырылдым. Ал качып баратат, мен артынан токтобой чуркайм. Агайдын жүрөгү түшүп калыптыр. Апам менин кебетемди көрүп, жүрөгү түшкөнү менен, менин абалымды жакшы түшүнүп турду.
Ошондон көп өтпөй орозо айы да келип жетти. Орозо айтта жалаң аксакалдар үймө-үй кыдырып аш жешчү. Биздин үйдөн мен кошулуп алгам, биздикине жетип калганда баары тең жаныбыздагы коңшубуздун үйүнө кирип кетишти “ашы даяр экен” дешип. Негедир биздикине киришкен жок. Дагы намысым кычап, жинденип үйүмө кетип калдым. Баягы аксакалдар чогулуп биздикине кирип келишкенде босогодон аттатпай койдум. Эки колум менен жолду тороп алып “эмне, кембагалдардын үйүнөн өтүп кетиш керек бекен, кирбей эле койгула” деп такыр киргизбей жатам десең. Артымда апам “ай, кой, антпе” деп колумдан сүйрөп, айласы кетип жатат. Акыры үйгө киргенде аксакалдар менден кечирим сурашканы эч эсимден кетпейт. Ушундан кийин айылдын баары дуулдап жүрдү. Ошондо мен аксакалдарга “бир күнү мен сиздердин төрүңөргө да отурам” деп сөз бергем. Ушундай кежир, тежик бала болчумун.

“АЛТЫН АПА” КАНТИП ЖАРАЛГАН?”
– Мектепти аяктап, Ош университетине окуп, үйүмө жумасына бир жолу гана барып калдым. Апамды аябай сагынчу элем. Барганымда нан жасап, картошка кууруп койчу. Эти жок картошка болсо да, андай даамды эч бир жерден таба албайт элем. Мен жаңыдан ыр жазып, чыгармачылык менен аралаша баштаган кезим экен. Бир күнү отуруп, апама арнап ыр жаздым. 8-Мартка карата Ош драма театрда концерт болмок, анан апамды ал жакка алып келдим. Сахнадан “эмки ырыбыз “Алтын апа, болбочу капа” деп аталат, Ибрагим Жунусов” деп кол чабуулар угулуп, мен сахнага чыктым. Ырдап бүткөн соң залдагылар тынбай кол чаап жатышат. Мен апама барып, колуна белегин карматып, бетинен сүйдүм. Ошол учурдагы апамдын бактылуу көздөрүн өмүр бою унуталбай келем. Ушул ырымдан кийин апамды баары тең “Алтын апа” деп калышты. Апам мени “анальгиним” деп эркелетер эле, анткени апам “сени менен сүйлөшсөм, ооруган жерим басылып калат” дей берчү. Коңшулар да «анальгин балаңыз келдиби?» деп күлүп калышчу эле.

“АТАМДЫН СӨӨГҮН ГАНА КӨРДҮМ”
– Атамдын өзүн эмес, сүрөтүн да өмүрү көргөн эмес элем. Апам экөө ажырашканда ал Астанага көчүп кеткен экен. Кийин ошол жактан каза болду. Апам “сен кийин белгилүү болосуң, анан сени көрө албагандар «атасы талаада өлгөн» деп айтышат. Атаңдын сөөгүн бул жакка алып кел” деп араң көндүрдү. Акыры Астанага барып, атамдын сөөгүн алып келдим. Апам канча жылдан бери чогуу жашашпаса да, сөөктү өзүбүздүн үйдөн чыгарды. Мен ошондо апама абдан таң бергем.

“АПАМ КЕРЭЭЗИН АЙТЫП КЕТТИ”
– Апам жакшынакай жүрүп эле, 2004-жылы каза болуп калды. Ооруган да жок, ошол күнү акелерим, карындашым, бала-бакырабыз да чогулган элек. Апам жатып алып, мен колун кармап, сүйлөшүп отургам. Бир маалда апам “молдо чакырт, балам” деп калды. Акем молдого кеткен соң бир жерди айтып, “түйүнчөктү алып кел” деп калды. Аны ачып эле “балам, баары тең силерге” деген бойдон акча сунду. Ал жерде 3 миң доллар, 10 миң сом бар экен. “Ай, апа, муну каяктан алдыңыз?” десек, “эй, балам, силерге деп чогулткам да” деди. Оокатынын баарын бөлүштүрүп коюптур. Алтындарын неберелерине берди. Баарыбызга ыраазычылыгын айтып, “балдарым, силер эненин сүтүн актадыңар” деп баарыбызга ыраазы болду. Көп өтпөй колума башын койгон бойдон көзү жумулуп калды. Ошол бойдон ойгонбоду. Апамдан айрылган соң жинди болуп кете жаздадым. Улуу акем доктур болгондуктан эле аман калдым окшойт. Уктабай да калгам. Акем күнү-түнү укол сайып, дары бери жатып айыктырган. Апам апрель айында каза болсо, акем өзү август айында жүрөгү ооруп каза болуп калды. Кийинки жылы экинчи акемди атып кетишти. Айла жок экен, учурда жалгыз гана карындашым калды, ал үй-бүлөсү менен ошол үйүбүздө жашайт.
Кара-Сууга барган сайын биринчи эле апамдын жайына барам. Эки акем да апамдын жанына коюлган. Апамдын, акелеримдин күмбөзүнө барып куран окуп, топурактарынан жыттап алып үйгө жөнөйм. Үйдөгү кийимдери биринчи үч жыл апамдын жыты жыттанып жүрдү. Мен апамдын жытын жакшы билчүмүн. Кийин ал жыт да жоголуп кетти. Мен ар дайым апамдын сүрөтүн ала жүрөм. Жашоо токтоп калбайт экен, эң жакын адамдарым бөксөртүп кеткен дүйнөмдү учурда эки ширин неберем толуктап келет. Ал экөө жок болуп калса, чыдабай кетем. Алар да мага көнүп алышкан, бири-бирибиз жок жашоо токтоп калчудай. Мени минип алып, ат кылып ойногонду аябай жакшы көрүшөт. Кээде жетишпей калып, сурагандарын алып барбай калсам “я не буду с тобой играть” деп таарынып да калышат.

(Ибрагим Жунусовдун апасына арналган ырын клиби менен бул жерден көрө аласыз)

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Барби
2011-07-21 16:47:30
Апаныздын батасын алган учун эл башына келип жатасыз. Апалардын ак сутун актайлы
0
solnyshko
2011-07-22 11:39:14
Мдааааа...журогумо катту тийди,ыйлагым да келди...
0
ismail
2011-07-22 12:22:27
Азаматсыз. Бул жалган жашоодо коп нерсеге жете алдыныз.Сизден коп нерсеге уйронсок болот экен.
0
ayay
2011-07-22 13:44:26
чын эле жашоо токтогон жок. Ибрагим байке мен кайгырып да кубанып жатам!сизге чоон рахмат! Ар убак аман,бекем ден соолукта дагы да мекенге далай ийгиликтерди жарата бериниз!буга чеин кудайдан тынчынызды тилеп журсом эми смс да жазып атам,буйруса кашынызда да айтармын
0
Ayuwa
2011-07-22 15:27:14
кыйын инсан экен, билбепмин буга чейин...
0
19zamir87
2011-07-23 13:15:10
Эмне деп жазышымды да билбей калдым.... Апамды эстеп.
АПАЛАР бар болсун ар дайым!!!
0
Joldosh123
2011-07-23 16:39:01
Кайрат кылыныз Ибрагим байке,апамыздын жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
Ушул дуйнодо апалар бар болсун, омурлору узун болуп торубуздун куту, уйубуздун нуру болуп, ар дайым кулуп жайнап журушуно кудайдан тилейли достор. Эненин таманында бейиш тору деген создорубуз бекеринен айтылбаса керек, Энелерди сыйлай билели.
0
asa
2011-07-25 00:24:31
ибрагим байке сз таланттуу да акылдуу адам экенсиз сизге ден соолук ийгилик
0
peach
2011-07-29 13:58:45
balachagynyz oor bolso da,baktyluu,namystuu uul ekensiz.adam omurundo apalardyn rolu chon,apanyz chynynda syimyktanchu Altyn apa eken!
0
880909
2011-07-30 16:51:24
Ар бирибиздин энелерибиз омурунун акырында бизге Ибрагим абаныкындай ыраазы болуп кеткенден насип кылсынАр бирибиздин энелерибиз омурунун акырында бизге Ибрагим абаныкындай ыраазы болуп кеткенден насип кылсын
0
KKushtarbek
2011-08-09 15:24:55
Ибрагиа Жунусов АЗАМАТ жигит! Ооматтуу, омурлуу болсун! Кыргызга кызмат кылып шаттык кучагында жашасын!
0
kyzjibeka
2011-08-13 03:06:32
трогательно бирок молодец экен...
0
MEDEROLLA
2011-08-19 07:21:03
Игбрагим Жунусовдун вице-премьер болушуна апасынын эмгеги, берген тарбиясы зор. Пайгамбарыбыздан кимге жакшылык кылышым керек деп сураганда "апана, апана, апана"деп 4-жолкунсунда "атана" деп бекеринен айтпаса керек. ЖАШАСЫН АПАЛАР!
0
Knt
2011-09-04 23:01:36
apamdy sagyndyyym(((((
0
Janusia
2011-09-13 16:37:27
Сиз апанызды сыйлаганыныз учун ушунча ийгиликтерге жетишип жатсаныз керек. Кайрат кылыныз, акелериниз жаш кеткен экен. Ишинизге ийгиликтерди каалайм.
0
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан