2010-жылы “Супер алпаруучу” наамына ат салышкан Роза Ибраимова бул аптабыздын каарманы. Анда алпаруучу сүйүүсүн, өмүрүн, карьерасын камтып, окурмандар менен ой бөлүшсүн.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
“ТАКШАЛА ЭЛЕКСИҢ” ДЕП ЭФИРГЕ ЧЫГАРБАЙ КОЮШКАН”
– Окуучулук кезимде эле майрамдык иш-чараларды алпарып жүрчүмүн. Жакындарым “кийин сен да бул дикторлорго окшоп сыналгыдан чыгып сүйлөйсүңбү?” дешсе, дароо “ооба, сөзсүз” деп жооп берчү экенмин. Бул кыялымды 19 жашымдан баштап ишке ашыра баштадым. Алгач “Миң кыял FM” радиосунун сынагынан өтүп, ди-джейликти аркалап калгам. Өчүк микрофонго сүйлөп, угармандардан “үнүңүз угулбай жатат” деген телефон чалууларды көп уктум. Кийин ди-джейлик менен телеалпаруучулукту чогуу алып кетсем кандай болот деп Ассоль Молдокматованын “Түнкү канал” долбооруна бет алдым. Эсимде, алгач эфирге чыкканымда чачымды тасырайта экиге бөлүп өрүп алган кебетемди элестетсем, азыр күлкүм келет. Эфирге чыкканымдан кийин “такшала элек экенсиң” деп түз эфирге чыгарбай, чакан рубрикалардын алпаруучусу кылып дайындашкан. “Көздүү мончок жерде калбайт” дегендей, мен иштешип жаткан долбоор жабылып, багыма “Супер ТВ” телеканалы ачылып, режиссёр Канат Култаев менен иштешип калдым. Бир эле мезгилде режиссёрдун “Браво” берүүсүндө да алпаруучулукту аркаладым.
“ЛАГМАН ЧОЁ АЛБАЙМ, КАНТИП КҮЙӨӨГӨ ТИЕМ?”
– Нарындык болгондуктанбы, кара кесек этке, анан сүт азыктарына жакынмын. Ашканада болсо тамактарды даамдуу жасаганга аракеттенем. Бир гана лагман чойгонду жакшы өздөштүрө элекмин. “Кайын журтум лагманды сүйүп жеген адамдар болсо эмне кылам?” деп азыртадан чойгонду үйрөнүп жатам.
Андан сырткары гүлдүн түрлөрүн өстүргөндү жактырам. Жакында эле апамдын туулган күнүнө атайын идишке гүл өстүрүп, белекке алпарып бердим.
“ЧАЧЫМ ҮЧҮН КУЛТАЕВДЕН УРУШ УККАМ”
– Алпаруучулар гримге көнүп калышат эмеспи. Бирок мен көп боёнбойм. Кирпик да, тырмак да чаптап көргөн эмесмин. Чачымды кыркып, кашымды теришиме апам да каршы болчу. Бирок алпаруучу болуп жаңы киргенде визажисттер кашымды терип салышкан. Көнө албай ыйласам, Ассоль Молдокматова “сен деген эми алпаруучусуң, боёнушуң керек” деп соороткон эле. Кийинчерээк бизди тейлеген сулуулук салону белимден ашкан чачымды кулагымдын түбүнөн кылып кесип салышканда жетекчим Канат Култаев “кыркып жатса деле отура бердиңби?!” деп абдан урушкан эле. Мен да анда “ии, стилдүү болуп калам го” деп отура бериптирмин.
“КҮЙӨРМАНДАР АРАСЫНАН ТҮГӨЙҮМДҮ ТАБА АЛГАН ЖОКМУН”
– Египетте жашаган Султан аттуу күйөрманым бар болчу. Мага Куран китеп алып келип бергенде абдан кубангам. Дагы бир күйөрманым тирүү болбосо да деп кичинекей сувенир кой көтөрүп келип, “бай болуңуз, ушинтип мал багып, кийин айылда жашаңыз” дегенде, аябай таң калгам. Бирок айылга турмушка чыксам деле көнүп кетмекмин. Эми шаарда жашасам деле мал баксамбы деп жатам (күлүп). Арасынан колумду сурагандардын сыртынан сынап көрчүмүн, бирок эч кимисин түгөйүм катары ылайык тапкан жокмун.
“ЖИГИТИМ АЛДАП ҮЙҮНӨ АЛПАРЫП...”
– Сүйүктүүмдү таптым! Бактымды кечиктирбей жолуктурганыма кубанып турган чагым. Сүйүктүүм Аман менен сегиз ай мурун теледен таанышкам. Телеге таанышы менен келген экен, биз менен бир дасторкондо отуруп калган. Кесиби программист экен. Алгач телефон номеримди алып, күндө СМС-билдирүү жазып турду. Бирок мен анча деле маани бербей, кээде СМСине жооп берип гана жүргөм. Кийинки күндөрү тамакка чакырып, айтор, бат-бат жолугушчу болдук. Көрсө, ал мага акырындык менен тор жайып жүргөн тура. Бир ирет “шишкебек жеп келели” дегенинен жолугушууга барсам, башка жакка эле баратабыз, “кайда?” десем “үйгө” деп жылмайып койду. Көрсө, ата-энеси менен тааныштырууну көздөгөн экен. Алдын ала айтсам көнбөй коёт деп алдаган экен да. Бирок мен үчүн болочок кайнене-кайнатам менен таанышуу абдан жакты. Кичүү уулу болгондуктан, буюрса, алар менен чогуу жашайбыз. Турмушка чыгуума менин ата-энем деле каршы болушкан жок. Анткени 24 жашка чыктым, демек, үй-бүлө күтүүгө убакыт келди деп эсептейм. Учурда эки тарап сүйлөшүп, үйлөнүү тоюбузду 23-июль күнгө белгилешти. Улуу жолго аттанарда толкунданып турам, бирок баары жакшы болот деген ниеттемин.
РОЗА ЖАКШЫ БИЛЕТ...
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg