Апасынын эрке кызы болгон сонун го дейм. Дегеним, ырчы Сайкал Садыбакасова Ошко барса апасынын унаасын зуулдата айдаса, Бишкекке келип туулган күнүнө белекке алган Мерседесинин жанын тындырбай башкарып келет. Машина сүйүүчүлөрдүн катарын толуктаган Сайкалдын маегине көңүл бурсак.
– Сайкал, канча жашыңдан бери унааны башкарып келесиң?
– Унаа башкарганды 9-класста апамдан үйрөнгөм. Анткени апам бул жагынан профессионал десем болот. 1983-жылдан бери рулда. Жанына отуруп калганымда “кызым, муну билип алсаң жакшы. Бул белги мындай болот, ашууларда мындай ылдамдыкта айдайсың” деп көп нерсени үйрөткөн. Жадакалса атайын Ноокаттын ашуусуна алып барып айдатып да көргөн.
– Демек, алгачкы жолу апаңдын машинасынын рулун кармаган турбайсыңбы?
– Жок, баарын үйрөткөндөн кийин «үйрөнгөнгө оңой, бир нерсени сүзүп алсаң да арзан» деп Деу Ланос үлгүсүндөгү кызыл, механикалык унааны сатып берди. Алгач үйдүн тегерегинде айдап жүрдүм. Анан акырындык менен Ош шаарынын бул четинен тиги четине айдай баштадым. Албетте, «ким сүзүп кетет, бирөөнү уруп албасам эле болду» деп коркчумун. Кээде “Сайкал, азамат! Бат өздөштүрүп кеттиң” деп өзүмө дем берчүмүн. Анан да бул унаамды дүйнө эли көргөнүн айтпасам болбойт го. Былтыр Орусиянын Биринчи каналындагы жаңылыктардан Ош окуясы жөнүндө берип жаткан. Көчөдө бир да машина көрүнбөйт, бир эле кызыл машина зуулдап жүрөт. Баарыбыз “ии, мобу эмне кылып жүрөт?” деп калдык. Анан жакшылап карасам, байкуш менин машинам экен. Көрсө, апам өзүнүкүн токтотуп, балдарга меникин айдатып, жумуштарын бүтүрүп жүрүптүр да.
– Бул тулпарыңды ким алып берди?
– 18 жашка чыкканымда апам белек кылган. Ошол күндү такыр унутпайм. Апам экөөбүздүн туулган күнүбүз бир күндө эмеспи. Туулган күнүбүздү, анан апамдын «КРнын Эл артисти» деген наамын жакындарыбызга жууп берүү максатында той өткөрүп жатканбыз. Апама каалоо-тилек айтып, эне жөнүндө жаңы ырымды сюрприз кылдым. Ырдап бүтөрүм менен апам дароо микрофонду алып сөз сүйлөп, ал да мага сюрприз кылып ачкычты тапшырып жатпайбы. Чындыгында, мен үчүн күтүлбөгөн белек болгон.
– “Жол азабы, көр азабы” деп коюшат. Бузулган учурда эмне кыласың?
– Алгачкы унаамды сабакка айдап барганымда аккумулятору отуруп калса болобу! Эптеп курсташтарымды жардамга чакырып, түртүп жүргүзгөн элек. Жолдо кетип бара жатып дүкөнгө токтосом, баягы “оорусу” кайра кармап калды. Дүкөндүн алдында мени сыртымдан тааныган кыздар-балдар турушуптур. Алар “Сайкал качан кетет экен?” деп күтүп турушат. А менин машинам от албайт. Музыка угайын десем, анысы да ырдабай калат тура. Апама чалсам, телефону өчүк. Агаларыма чалсам, «бош эмеспиз» дешет. Ошентип, тиги кыздар-балдар кеткенде гана 2-3 жигитти чакырып, түрттүрүп жүргүзүп, эч жерге токтотпостон үйүмө жеткем.
– Айдоочулук күбөлүктү окуп алдың беле же...
– «Сен эмес, сенин апаң мен да окуп алгам» деген апамдын талабынан кийин 3 ай окуп, сынак тапшырып алдым. Азыр да унаалар тууралуу кызыктуу журналдарды, китептерди, пайдалуу кеңештерди окуп турам.
– Акыркы жолу коомдук унаага түшкөнүң эсиңдеби?
– Ланосту саткандан кийин түшкөм. “Кыз-Бурактын” кыздары бир кечеге бармакпыз, болушунча жасанып-түзөнүп алганбыз. Топтун машинасы бузулуп калып, аргасыздан маршруткага түшкөн элек. Баары бизди карашат десеңиз. Ошондо аябай жаман болгом. Мен деле адаммын да, элге окшоп кээде коомдук унааларга түшкүм келет.
– Ала таяк көтөргөн ага-эжелериң менен мамилең кандай?
– Негизи, көйнөк кийгенимде бырышып калат деп такыр кур такпайм. Ошол учурда көп кармалам, анан да телефон менен сүйлөшүп баратканымда. Бирок бири-бирибизди бат түшүнүшөбүз, эл үчүн иштеген адамдарбыз деп.
– Бир күндө канча бензин коротосуң?
–20-30 литрдин тегерегинде.
– Айдоочулардын кайсы түрүнө киресиң, жогорку ылдамдыкты сүйүүчүлөргөбү же...
– Жогорку ылдамдыкта айдаган жагат. МАИчилер апама «Сайкалды жай айда дебейсизби» деп көп айтышат экен.
– Машинаңа кандай мамиле жасайсың?
– Унаамды өзүм жууганды жактырам. Ар дайым бата кылып, аластап турам. Оштон келгенимче сагынып кетем. Машина үй-бүлөңдүн бир мүчөсү болуп калат экен. Кадимкидей “жаным, жоргом менин” деп сүйлөшөм. «Мерседес Африкада да Мерседес» деп коюшат го. Андыктан жоргомду алмаштыруу оюмда жок.
– Унааңды башкаларга айдаганга бересиңби?
– Жок, эмнеге бермек элем?! Ал меники да. Бирок бул ичи тардык эмес. Апам Бишкекке келгенде меникин айдап калат да. Ошондо «абайлап айдаңыз» деп көп эскерте берет экенмин. Анткеним өзүмө билинбейт.
– Айдоочу айымдар кошумча бут кийим алып жүрүшөт экен. Сенчи?
– Башында жапыз такалуу бут кийим менен айдачумун. Азыр бийик такалуу бут кийим кийип деле айдап кете берем.
– Ар дайым Дөөтү колдоп, унааңдын дөңгөлөгү чимирилип турсун.
Дамира Арстанова
star@super.kg