ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Орусия

УЛУТЧУЛДАР ӨМҮР БОЮ АБАКТА
11-июлда Москва шаардык соту улутчул маанайдагы “Улутчул-социалисттик коомунун” 5 мүчөсүн 10 жылдан 25 жылга чейин, 7 мүчөсүн өмүр бою эркинен ажыратууга чечим чыгарды. Бардык кылмыш иштеринде улутчулдук маанайда болгон буларга “27 кишини өлтүргөн жана теракттарды уюштурган” деген айыптар тагылды. Айрым маалыматтарда коомдун мүчөлөрү 80ге жакын кишини өлтүрүшкөндүгү айтылууда. Учурда бул коомдун Орусиянын аймагындагы ишмердүүлүгүнө Жогорку Соттон тыюу салынды.
Эске салсак, аталган коом 2004-жылы түптөлүп, негизги максаты орустардан гана турган мамлекетти түзүү болгон. Булар согуштук даярдыктан өтүп турушкан жана улутчулдукту жайылтуу үчүн “Корпус” аттуу гезитин чыгарып келишкен.

Ооганстан

ПРЕЗИДЕНТТИН ИНИСИ КИЛЛЕРДИН ОГУНАН КАЗА ТАПТЫ
Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын иниси 50 жаштагы Ахмед 12-июль күнү өз үйүндө автоматтын огунан көз жумду. Бул кылмыш ишин аталган өлкөдөгү “Талибан” кыймылы өз мойнуна алды. Алар Ахмедди өлтүрүү үчүн киллер жалдашкандыгын жана бул өлтүрүү бийлик менен күрөшүп келе жаткан 10 жылдан берки эң чоң жеңиш деп эсептешерин билдиришүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, аны жанында кайтарып жүргөн жан сакчысы (жан сакчысын киллер катары жалдашкан) атып салган. Бирок ал качууга үлгүрбөй, кароолчулардын колунан ошол эле жерде каза болгон.
Эске салсак, буга чейин “Талибан” кыймылы НАТОнун аскерлери менен кызматташкан 28 кишини уурдап кетип, алардын жетөөсүнүн башын кесип ташташкан эле.

Германия

ДҮКӨНДҮН ИШИН ТОКТОТКОН ЖӨРГӨМҮШ
Германиянын Бексбах шаарындагы супермаркеттердин биринде Колумбиядан келген банандын кутусун ачканда банан жөргөмүшү секирип чыккан. Коркуп кеткен кызматкерлер курт-кумурскалар менен күрөшүүчү ведомствого кайрылышкан. Алар жөргөмүштү таап жок кылыш үчүн супермаркеттин ишин токтотуп, анын ичине уулуу химикаттарды чачып, бирок жөргөмүштү таппай коюшкан. Адистер “жөргөмүштү таппай койдук. Ууланып өлүп калды окшойт” дешет.
Супермаркеттеги бардык товарларга уулуу химикаттар сиңип калгандыктан, алардын бардыгы жок кылынууда. Учурда бир жөргөмүштүн айынан ишин токтоткон супермаркеттин чыгашасы эсептелип жатат. Өтө уулуу жөргөмүштөрдүн катарына кирген банан жөргө­мү­шү Түштүк жана Борбордук Америкада жашайт.

Түркмөнстан

15 КИШИ НАБЫТ БОЛДУ
Өткөн аптанын бейшемби күнү Түркмөнстандын Абадан шаарындагы аскердик жайда орун алган ок-дары кампасы жарылганын өлкө бийлиги төгүндөп жаткан эле. Алар аскердик имарат эмес, пиротехникалык каражат сакталган жай жарылганын жана эч кандай адам өмүрү кыйылбаганын билдиришкен. Бирок “шибегени капка ката албайсың” дегендей, аталган шаардагы аскердик жайдын ок-дары сакталган кампасы жарылганын жана андан 15 киши набыт болгонун бийлик 10-июлда гана мойнуна алды. Кырсыктын себеби катары биринчи пиротехникалык жайдагы жарылуу күч алып, жакын турган аскердик жайдын кампасына жеткени айтылууда. Учурда жабыр таркандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамдар берилип жатат.
Ал эми укук коргоочулар набыт болгондордун саны 200гө чукул деп жатышат.

Азербайжан

АТАСЫЗ КАЛГАН БАЛДАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ
Азербайжанда ушул жылы эле жаңы төрөлгөн 5 миңге жакын бала атасыз калган. Мындай кайгылуу көрүнүштүн өсүшүнө мектеп курагындагы кыздарды ата-энеси алардын макулдугу жок эле күйөөгө берип жибергендиги себеп болууда. Мунун айынан жаш үй-бүлөдө келишпестиктер жаралып, жыйынтыгы ажырашууга алып келип жатат. Ушундай абалга туш болгон кыздардын бири: “Үй-бүлө курган жаштар исламдын негизинде нике кыйдырып, расмий каттоого турбагандыктан, ажырашкандан кийин баланы багуу жаш энелердин мойнуна жүктөлүп жатат”,- дейт.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
KG-Tolkun
2011-07-21 10:58:07
Скин-хеддердики отту ай. 5-6 болуп алып бир адамга асылышат, эгер кобуроок болсо тийишишпейт. Мага "раз на раз" эркекче чыкса, чимкиригин чыгара коймокмун иливойун....
0
kyrqyz
2011-07-21 15:13:09
KG-Tolkun, сага ишенебиз
0
kubik
2011-07-22 11:53:11
kyrqyz,

Чын эле!!! Айтып кой пачагын чыгарам.....
0
jansezim26
2011-07-22 18:11:39
=)=)тишими корсотуп кулойун десем смайлик жок да.=)молодцы ребята!
0
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан