ГУАНЧЖОУ – КЫТАЙДЫН «ВИТРИНАСЫ»

Гуанчжоу (мурунку Кантон) – Гуандун провинциясынын борбору. Түштүк Кытайдын саясий, экономикалык, илимий-техникалык жана маданий борбору. Кытайдагы чоңдугу боюнча 3-шаар (Пекин, Шанхайдан кийин).

Шаардын аянты – 7434 чарчы чакырым.
Калкы – 14 миллиондон ашык.
Негизделген мезгили – Биздин доорго чейинки 862-жыл.
Колдонулуучу валютасы – Юань (1 юань орточо эсеп менен 6 сом 50 тыйын).
Административдик-аймактык бөлүнүшү – 10 район менен 2 шаардык уездге бөлүнөт.
Шаардын гербинде 5 эчкинин айкелинин элеси түшүрүлгөн.

ШААРДЫН СИМВОЛУ – 5 ЭЧКИ
Гуанчжоуго коңшулаш Гонконг менен Макао шаарлары орун алган. Шаар субтропикалык аймакта жайгашкан. Андыктан климаты жылуу жана нымдуу. Июль-август айлары жамгырлар сезону болгондуктан, жаан көп жаайт.
Тарых барактарында “Гуанчжоу – илгертен бийликке каршы чыккан көтөрүлүшчүлөрдүн баш калкалоочу шаары” деп жазылып келет. Гуанчжоунун симво­лу болуп 5 эчки эсептелет. Алар шаардын гербинде да түшү­рүл­гөн жана аларга арналып шаарда айкел тургузулган.
Уламышка кайрылсак, азыркы айкел тургузулган орунга илгери бир кезде Кудай тарабынан 5 эчки түшүрүлгөн. Алардын ар биринин оозунда буудай машагы болгон. Элдин айтымында, 5 эчки Гуанчжоунун байлыгын даңазалайт. Чындыгында эле шаар Кытайдын эң бай шаарына кирет.
Айта кетчү нерсе, шаардын символу болгон 5 эчки 2010-жылы Гуанчжоудо өткөн Азия оюндарынын талисманы да болгон.

КООЗ ЖЕРЛЕРИ
Шаарда кыдырып көрүүчү кооз жайлар, имараттар көп. Алып айтсак, шаардын борбору абдан көркөм. Кооз жерлердин кээ бирлерине токтоло кетели.
Юэсю – эң чоң сейил бак. Бак-дарактар менен гүлдөр көп. Жазында жана күзүндө хризантема жарманкеси өткөрүлөт. 30 миң­ден ашык көрүүчү батчу стадион да бар.
Сунь Ятсен мемориалы. Сунь Ятсен революциячы жана Кытайдын 1-президенти болгон. Ал Кытайды 300 жыл башкарган династиянын бийлигин кулаткан.
Зоопарк. Мындан 5 миң түрлүү жаныбарды кездештирүүгө болот.

БАЗАРЛАРЫ ДҮЙНӨ ЭЛИН КИЙИНДИРЕТ
Гуанчжоу – Кытайдагы 2 миң жылдан ашык тарыхка ээ 24 шаардын бири. Илгери дал ушул шаардан Кытайдын жибек, көк чай, ок-дары (порох), фейерверк, фарфор, түркүн татымалдары Азияга, Европага тарай баштаган.
Гуанчжоу – Кытайдын эң ири өнөр жай борбору. Учурда товарларды дүңүнөн сатчу 100дөй ири базар, 100 миңдеген жеңил өнөр жай ишканалары, ошондой эле заводдор, фабрикалар бар. Андыктан Гуанчжоу дүйнө элинин оозунда “базарлардын мекени” аталып, дүйнө элин кийиндирип, түркүн эмерек жана башка буюмдар менен камсыздап келет. Учурда Кыргызстандагы ири базар, дүкөндөрдө (анын ичинде Бишкектеги “Дордойдо”) Гуанчжоудон чыгарылган кийимдер жана башка товарлар сатылууда.
1949-жылы КЭРдин Өкмөтүнүн чечими менен шаарда эркин экономикалык зона ачылган. Бул жеңил өнөр жайынын өсүшүнө алып келген. Батыштын компаниялары менен жакындан байланыш түзүлсүн үчүн көргөзмө-жарманкелер өткөрүлө баштаган. Ушундан улам Гуанчжоу “Кытайдын витринасы” деген атка конгон.
Кытай товарлары көргөзүлүүчү эң чоң жарманке “Кантон жарманкеси” деген аталышта бир жылда эки маал (жазында, күзүндө) өтүп келет. Аталган жарманкеге 2011-жылы баш-аягы 20 000 экспонат коюлуп, 210 өлкөдөн 200 миңден ашык адам келери тууралуу маалымат бар. Жарманкеде электрондук жана тиричилик буюмдары, курулуш жабдыктары, эмеректер, спорт товарлары, деги койчу, издегениңдин түр-түрлөрүн таап, каалаганыңды сатып алсаң болот.
Пачжоу Гуанчжоудогу эле эмес, Азиядагы эң чоң заманбап, эл аралык көргөзмө-комплекс болуп саналат. Аянты – 152 миң чарчы метр. Ири 13 көргөзмө залдан турат. Залдардын көптүгү бир эле мезгилде автомобиль, парустуу кайыктардан тартып кийим-кечек, тамак-аштарга чейин коюуга мүмкүндүк берет.
2-орунда Люхуа көргөзмө-ком­плекси. Аянты – 120 миң чарчы метр.
Цинпин базары. Бул базарда дары-дармектер сатылат.
Айта кетчү нерсе, Гуанчжоудо сапаттуу товарлар менен кошо товарлардын жасалмалары да көп чыгарылат.

ЖАСАЛМА ТОВАРЛАРДЫН ДА МЕКЕНИ
Ар бир соода түйүнүндө, ал тургай алардын ар бир кабатында атайын кеңселер жайгашкан. Анда иштегендер этикетка жана голограммаларды жасоо менен алектенишет. Сатып алуучулар үчүн алар каалаган фирманын белгилерин кагаздан, пластиктен, металлдан жана башкалардан тез жана сапаттуу жасап бере салышат. Жазуулары 80 тилде жазылат!
Бул кызматты көпчүлүк соодагерлер колдонушат. Анткени Кытайдын бажы кызматы жасалма буюмдарды өткөрбөйт. Андыктан базарлардан буюмдардын жасалмаларын арзан баада сатып алып, анан алардын этикетка (лейбл деп да коюшат), голограммаларын (буюмдун фотопластинкадагы сүрөтү) жулуп салып, ордуна атактуу фирманын аты жазылгандарды тага коюшат. Ошентип, буюм (кийим, саат, идиш-аяк жана башка) заматта жасалмадан атактуу фирманын буюмуна айланат. Демек, башка өлкөдө кымбат сатылат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
mamamia
2011-07-18 14:30:54
супер
0
zzz---zzz
2011-07-19 11:55:59
Алладан мин мертеден суранам бизге да акыл бере кор
0
Baku
2011-07-22 12:54:40
ZZZ---ZZZ туура айтасын! Бизге да акылдан берип анан мекен учун куйумдуулор кобойсун!
0
EkaMika
2011-07-23 09:56:13
Kutay kanday onukkon mamleket!Maga munarasu jaktu!
0
Tolikkg
2012-02-03 11:12:08
kandai sonun kitai jergesi suktanaarlyk. Biz dagyn ataandashsak bolot birok atka mineerler jep toiboi atpaiby
0
Davlet1994
2013-12-06 21:24:14
сонун шаар экен
0
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан