Тирүү легенда, Аргентина курама командасынын мурунку башкы машыктыруучусу Диего Марадона 11-июль күнү жол кырсыгына кабылды. Ал өз автоунаасында жарандык никедеги аялы Вероника Охеда экөө баратып автобусту сүзүп алган. Марадонанын бактысына кырсыктан ал жана жубайы олуттуу жаракат алышкан жок. Ооруканага жеткирилген футбол жылдызы жана жубайы тез эле үйүнө жиберилген. Окуя Буэнос-Айрестин Эзейза аттуу шаарчасында, дон Диегонун үйүнүн жанында болгон. Буга чейин Марадона 2006-жылы жана 2010-жылы жол кырсыгына кабылган.