Атактуу футбол жылдызы Дэвид Бекхэм 10-июль күнү кыздуу болду. Анын жубайы Виктория Лос-Анжелестин “Седарс-Синай” аттуу төрөт үйүндө көз жарды. Салмагы 3 килограмм 459 грамм болуп төрөлгөн ымыркай кыздуу болууну көптөн күткөн жылдыздуу үй-бүлөгө абдан чоң кубаныч алып келди. Азырынча наристенин аты сыр бойдон калууда. Эскерте кетсек, жакында эле 36 жашка толгон Бекхэмдин 11 жаштагы Бруклин, 8 жаштагы Ромео жана 6 жаштагы Круз аттуу үч уулу бар.