Бул маршрут учурда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын эң негизги кыялы болуп саналат. Башкы футболдук командабыз 2014-жылы Бразилияда өтчү мундиалдын тандап алуу оюнуна катуу даярдык көрүүдө. Алар 23-июлда Ташкентте Өзбекстан менен боло турган беттешке карата, алдын ала пландалгандай, Ошто эмес, Бишкекте машыгуу сборуна чогулушту. Бул сбордун алкагында футболчуларыбыз “Абдыш-Ата” (16-июлда) жана “Алга” (18-июлда) командалары менен “Спартак” стадионунда достук беттеш өткөрмөкчү. Ал эми Ташкентке 21-июлда сапар алышат.
Айта кетсек, Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 169-орунду ээлесе, Өзбекстан 86-катарда.