Казакстандын Темиртау шаарында 10-июль күнү профессионалдар жана спорт сүйүүчү өспүрүмдөр арасында КМШнын “Абсолюттук кармаш” версиясы боюнча биринчилиги болуп өттү. КРнын Вале тудо федерациясынын президенти Эмил Токтогоновдун айтымында, Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте 1-орунду ээледи. Барган төрт эрдин ичинен Кадырбек Аданов (60 килограмм салмакта, Кара-Суу), Актилек Жумабек уулу (70, “Стронг”), Актилек Асанов (75, Кара-Суу) чемпион болушту. Ал эми өспүрүмдөр арасында Азат Анарбай уулу (52, Кара-Балта) керекке жарап, коло медалды багындырды.
Мушкерлердин мындай жетишкендиктеринде алардын машыктыруучулары Нурланбек Кулдашев жана Мирбек Буларкиевдин ролу чоң экендиги талашсыз.