Тоо суусунда тоскоолдуктар менен алышуу же РАФТИНГ

Мурун шар аккан сууларда рафтинг менен алектенгендерди теледен гана көргөм. Бирок анда кызык жоктугунан “эмне шам ушинтип?” деп койчумун. Кызыгуум качан гана рафтингге катышуу сунушу түшкөндө ойгонду. Ошентип, сунуштан соң аталган спорт түрү тууралуу изденип көрдүм. Эмесе, кооптуу спорт деп эсептелген рафтинг менен жакындан таанышууга чакырам.

БАШ СӨЗ ОРДУНА
2-июль күнү Боом капчыгайындагы Чүй суусундагы рафтинг “Мегаком” компаниясынын демилгеси менен уюшулду. Сапарга компаниянын кызматкерлери менен катар өлкөбүздөгү белгилүү гезит, радио жана теленин өкүлдөрү чакырылып, алардын ичинде биз да болдук. Ал күнү 20дан ашык киши бул сапар үчүн таң эрте саат жетиде шаардан Боомду көздөй жөнөп кеттик.

ТОЛКУН МЕНЕН ЖААНГА БУТА БОЛДУК
Жетип эле жеңил тамактандык да, сууга түшүү үчүн ылайыкташтырылган калың кийим жана коопсуздук үчүн баллон жилет, башка шлем кийдик. Рафт же болбосо кайыкка 8 конок жайгаштык жана биздин коопсуздугубуз үчүн 2 адис кайыктын эң артынан орун алышты. Анан кайык казыгынан бошотулуп, сапарды баштадык да, олку-солку толкун менен термелип жөнөдүк. Ар толкундан өткөн сайын күч алган адреналин улам кийинки толкунду күттүрүп жатты. Көп өтпөй бүркөлүп турган күн төгүп коё берди. Кызыкты эми көрүп ал, бет маңдайдан тоодой толкундар, ага кошул-ташыл бетке урган жаан, кайыктын алдынан жая берген суу, эки капталдан суунун чачырандылары... Көз ачылбайт. Мындай шартта буту-колдун тарамыштарынын түйүлүп, тырышып калуу коркунучу бар экен. Андыктан маал-маалы менен жээк жакалап барып, тыныгып жаттык.
Рафтинг командалык спорт түрү болгондуктан, жоопкерчилик, башкаруу милдети, ар кандай кыйчалыш учурда чечим чыгаруу атайын шайланган капитанга жүктөлөт экен. Маал-маалы менен анын тапшырмаларын орундатып жаттык. Суу үстүндөгү 2,5 сааттык сапарыбыз аяктап, марабыз 25 чакырым болду. Калчылдап үшүп турсак да, суудан чыккыбыз келбей турду. Ошентип, аз убакыт ичинде терс энергиялар менен катар чоң, шар суудан корккон фобиямдан арылдым.

КЫРГЫЗГА РАФТИНГ МУРАСКА КАЛГАНБЫ?
Кыргызстан Орто Азия жана КМШ өлкө­лө­рүнүн ичинен сууларынын катаалдыгы, кооптуулугу боюнча алдыда турат. Бизде рафтинг үчүн Көкөмерен, Чоң-Нарын, Кичи-Нарын, Чаткал, Сары-Жаз суулары ыңгайлуу. Сезон май айында суулар көбөйүп, кире баштаган маалда ачылып, октябрда аяктайт. Кыргызстандын сууларында алгач рафт жойлоткондор орус улутунун өкүлдөрү болуп, алар 80-жылдары кыргыз жергесинде рафтингдин пайын түптөшкөн. Кыргыздар 1989-жылдан тарта машыга башташкандыгы тууралуу маалыматтар бар.
2000-жылы Геннадий Леонтьевдин жетегиндеги туристтик фирма тарабынан “Гелеон” командасы түзүлөт. Өлкө боюнча спорттук багыттагы рафтинг менен алектенген жалгыз команданын “спортзалы” Чүй суусу болуп эсептелет. Бул команданын 6 өкүлү соңку жылдары Орусия­да, Казакстанда өткөн эл аралык мелдештерге үзбөй катышып, куру кол кайта элек. Бул ийгиликтерди Эл аралык Рафтинг федерациясы көз жаздымда калтырбай, быйыл күз айында Чилиде өтө турган Дүйнө биринчилигине чакырган. Бирок Дүйнө чемпиондугуна улуттук курам болуп КРнын Рафтинг федерациясы аркылуу барыш керек эле. Федерациянын жоктугу мекендештердин жолун бууп, эми чемпиондук кыргыздарсыз өтүп калышы мүмкүн. Ал эми КРнын Рафтинг федерациясын түзүүгө 4 жылдан бери көрүлгөн аракет саясий туруксуздуктан улам текке кетип жатат.
Маалым болгондой, соңку мезгилдерде Өзгө­чө кырдаалдар министрлиги кызматташууга чакырып жатат. Ал үчүн сууда катталган кырсыктарда жардам көргөзмөкчү.

ГЕОЛОГИЯДА ДА, СОГУШТА ДА РАФТИНГ ЖЕ АНЫН ТАРЫХЫ
Рафтинг “raft” деген англис сөзүнөн келип чыккан. Бизче “кайык” же “сал” деп которулат. Рафтинг – рафт менен тоо суусунда, дарыяда тоскоолдуктар менен күрөшүүгө багытталган спорттун экстремалдык түрү. Тарыхка кайрылсак, рафтинг үчүн резинадан жасалган рафттар 1811-жылы Америкада жарык көрүп, 1842-жылы америкалык аскер кызматкерлери Жон Фремонт жана Гораде Дэй Скалист тоолорун изилдөө үчүн колдонушкан соң белгилүү боло баштаган. Бирок өткөн кылымдын экинчи жарымында Вьетнам согушунан кийин гана өнүгүү жолуна кирген. Согушта рафттар америкалыктардын өз базасына суу аркылуу азык-түлүк, курал-жарак алып өтүүсүн камсыздаган. Ошондон кийин рафттарга талап жогорулап, кийинчерээк спорт түрүнө айланган. 1989-жылы Америкада рафтинг боюнча алгачкы мелдеш өтүп, рафтингдин спорттук түрү жолго коюлат. 1998-жылдан бери 2 жылда бир Дүйнө биринчилиги өтүп келет. 1995-жылы Эл аралык Рафтинг федерациясы түзүлгөн. Учурда федерациянын мүчөлүгүндө 49 өлкө бар.
Рафттар спорттук жана туристтик багытта колдонулат. Туристтик рафтка 10-18 киши батат. Рафтинг менен эс алууга жана машыгууга 14 жаштан жогорулардын мүмкүнчүлүгү бар жана алар үчүн эч кандай тажрыйба, даярдык талап кылынбайт. Коопсуздук үчүн кийимдерди кийип, капитандын буйругун аткаруу жетиштүү. Ал эми спорттук рафттар 4-6 кишиге ылайыкташкан. Рафтингде ылдамдыкты арттыруу каралган эмес. Демек, саатына канча чакырым басып өтөрүң суунун агымынан көз каранды.
Рафтинг 6 баскычтагы татаалдыктан турат. 1,2,3 категориялар жеңил келип, тажрыйбасыз эс алуучулар үчүн, 4-5-баскычтар тажрыйбалуу адистерге жана спорттук мелдештерге ыңгайлуу. Ал эми 6-баскыч баарынан оор болгондуктан, анда сүзүү өтө кыйын. Ошол себептүү спорт чеберине же башка наамга көрсөтүлгөндөр 6-татаалдыгын басып өтсө гана өз наамдарына жолугушат.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kubik
2011-07-19 11:40:44
Мага уинд-серфинг жагат. Бирок Кыргызстанда чон толкундар жок болгондуктан биздин мумкунчулук чектелуу го...
0
19zamir87
2011-07-21 16:37:54
Кыргызстан деле Эл аралык Рафтинг федерациясына кошулса болмок.Биздин жаратылыш туура келет рафтинг өткөзгөнү,бизде тоолу дарыябыз жана толкундуу сууларыбыз көп.
Ушундай жакшы жерлерибиз туруп,спортту дүйнөлүк деңгеелге алып чыгалбаганыбыз өкүнүчтүү!!!
0
Suiorbek
2011-07-24 12:43:16
Бул спорттун туру мага аябай жакты толкундуу, шар аккан дарыяларга тушбосом дагы, толкуну азырак дарыяга тушуп кордум.
0
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан