Биздин кезектеги каарманыбыз жакшы-жаман жаңычыл ойлору менен көбүрөөк таанымал. Баарлашуубуз ортолоп калганда “өзүң сурап калдың, эми мени ук, эки айдан бери жаткан бугумду чыгарып алайын” деген Акылбек мырзанын төгүлүп-чачылган маегин сунуштайбыз.
БУЗУЛГАН ЭЛГЕ БУЧУК БИЙДИ БУЮРАБЫ?
– Өткөн ишемби күнү “Ар-намыстын” съезди болуп, анда президенттикке көрсөтүлгөн эки талапкердин бири катары сиз азыраак добуш топтоп калыпсыз. Анын себеби эмнеде?
– Партиянын съездине бир күн калганда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда түнкү саат 12ге чейин жүрдүк. Негизи, партиянын саясий кеңешинин квотасы боюнча 120 делегат катышмак, бирок биз эртеси съезд өтүүчү жайга барсак, делегаттардын саны 178 киши болуп кетиптир. Өңчөйүн эле Бишкектен келгендер түзүп, аймактардан келүүчү тиешелүү делегаттар камтылбай калган. Башталгандан тартып уюштуруу комитетинде ыр-чыр чыкты. Шайлоосу да өтпөй калды. Анан буга байланыштуу күнөөнүн баарын уюштуруу комитети эмес, партиянын лидери Феликс Шаршенбаевич мойнуна алды. Ал мага: “Съезд даярдалып жатканда жакшы көңүл бурбай калдым”,- деди. Бирок жыйында мага “ишеним көрсөткүлө” деген маселени койгон болчу. Ошентип, бир топ мүчүлүштүктөрдүн айынан съезд токтолуп, жакынкы арада экинчи баскыч менен өтмөй болду.
– Эгерде кийинкиде добушту жетишерлик топтосоңуз, президенттикке катышасызбы? Сиз буга даярсызбы?
– Биздин саясий кеңештин чечими боюнча “Ар-намыс” президенттик шайлоого катышат. Бирок ким катышат, аны делегаттар тандайт.
Өзүмө токтолсом, буюрса деп турам. Президент болуу – Кудайдын буйругу жана элдин колдоосу. Мен түрдүү мамлекеттик кызматтарда иштеп, ар кандай ведомстволорду да жетектеп келгем. Соңку 15 жылдан бери президенттик даярдык үчүн аракеттин үстүндөмүн. Муну бала чактан бери максат кылып койгон элем. Менин өзүмдүн экономикалык программамдан тышкары кантип мамлекетти эффективдүү башкаруу керектиги жөнүндө пландарым бар.
– Интеллектуалдык жана моралдык жактан даяр экенсиз. Анда материалдык жактан кандайсыз?
– Акыркы 20 жылдан бери материалдык жагы эң ири аргумент болуп калган. Орустарда муну “ашказандын философиясы” деп коюшат. Эсимде, кичине кезимде жөн эле көчөдө жүрсөм, аксакалдар токтотуп алып: “Мурдуңду урайын, кимдин баласысың? Отур мындай, сага бир бата берип коёюн”,- деп калышчу. Азыркы чоң аталарыбыз “куру аякка бата жүрбөйт” дешип, биздин салтыбызга жат көрүнүштөрдү киргизип жатышат. Анткени дал ушул шайлоолордо “акчасын ала бергиле да” деп жүрүп, өзүбүз коомду деградациялап жибердик.
Казакстан, Орусия сыяктуу чет мамлекеттерге чыгып калганымда ал жактагы теңтуштар “бузулган элге бучук бий” деп шылдыңдап калышат. “Акчам көп, ошол үчүн президент болом” дегендерге ашказандан сырткары жүрөк жана акыл-эс да бар экенин баса белгилеп айтмакчымын.
– Шайлоонун таза өтүшү үчүн Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзамдарды карап чыктыбы?
– Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков жана башкалар шайлоого байланыштуу түрдүү маселелерди көтөрүп чыгышты. Таза шайлоо болбогондуктан, бизден экөө качты. Өткөндө Орусияда менден “Кыргызстанда үчүнчү революция болобу?” деп сурашты. Мен “Үчүнчүсү качан болорун билбейм, бирок төртүнчү революция сөзсүз болбойт. Анткени ал учурда Кыргызстан деген республика жок болуп кетиши мүмкүн” дедим.
Административдик ресурсту минимумга түшүрдүк. Эгерде бир адам экинчинин ордуна добуш берсе, 200 миң сом айып пул төлөйт. Ал эми аким мектептин директоруна чалып, мугалимдерге “белгилүү бирөө үчүн добуш бер” деп айтканы тастыкталса, ал 5-10 жылга чейин соттолот. Буюрса, мунун баарын сентябрдын биринчи күндөрүндө Жогорку Кеңеш кабыл алып берет.
– “Ар-намыстын” экинчи адамы катары айта аласызбы, бул партиянын коалицияга кирүү процесси качан аяктайт?
– Мен дагы жообун билгим келет. Өзүм да тушалып турам. Сүйлөшүүлөр дале жүрүп жатат.
Бирок мамлекет оор абалга бара жаткан кез. Муну мен экономист катары айтып коюшум керек. Баалар күн санап өсүп жатса, өкмөт жакында өтүүчү шайлоонун шарапаты менен жүрөт. Өкмөттүн ушул күнгө чейин экономикалык программасы жок. Же болбосо Алмаз Шаршенович премьер болуп жатканда “буюрса, бир айдын ичинде программаны алып келем” деген. Биз дале күтүп жатабыз. Ыгы менен деле, ыгы жок деле Кудайды эстей баштаганы туура эмес.
Бюджеттин дефицити кыскарган жок. Азыр Кыргызстандын рыногунда керек болсо сом калбады. Айлык кескин көтөрүлүп кеткен соң Улуттук банк рынокто болгон сомдун баарын алып кетүүгө аракет кылууда. Бул көрсөткүчтүн баары өлкөнү октябрь же ноябрда эң чоң каатчылыкка алып барат. Грецияга окшоп эмдиги жылдын жаз айларына чейин Кыргызстан да банкрот деп жарыяланышы толук ыктымал.
– Биринчи вице-премьер, министр болуп тургансыз, азыр активдүү депутаттардын бирисиз. Бүгүнкү статусуңузга эмне салым кошту?
– Мен бир да жолу жумуштагы жетекчилерден уруш уккан адам эмесмин. Ооба, мүнөзүм чатак. Оюмдагыны ачык айтып, чындык сөз үчүн көшөрүп тура берем. Жакында эле Алмаз Шаршенович “Акылбек инимде баары бар экенин билем, бирок тили да бар” деди. Өкмөт башчы үч-төрт жолу экономикалык тармактагы кызматта иштеп берүүмдү да сурады.
– Бишкекте аптап. Эс алууга чыгасызбы?
– Тилекке каршы, эс алууга убактым болбойт. Шайлоого байланыштуу көп маселелерибиз бар. Кудайдын буйругу болсо, эртеңки күндү тилеп коюу менен иштеп эле жатабыз.
«УЯТ ДЕГЕН КИШИ ТОКМОКТОП КЕТЕТ ДЕЧҮМҮН»
Бүгүнкү депутат бала кезде ата-энесинин урушунан же чымчып коюусунан эмес, көбүрөөк “уят” деген кишиден коркчу экен. Себеби Акылбек Жапаров кичинесинде үйдөгүлөрүнөн “короону шыпырып койгула, кокуй, эл көрсө, уят” же “конок кеткенден кийин деле жей бересиңер момпосуйду, столдо жок болуп калса уят болот” деген сөздү көп укчу тура. Ичинен “чоң кишилер да конфет жемек беле?” деген Акылбек мырза бала кыялы менен “ии, Уят деген олбурлуу чоң киши болсо керек. Бизди уруп койсо эмне болот?” деп чочулап турчу экен.
“Көрсө, уят – кыргыздардын кылымдардан бери келе жаткан тарбиялоо системасы турбайбы”,- деди Акылбек Жапаров. Анын айтымында, өмүр бою уят деп жашап келет. “Ата-энебизди уят кылбайлы деп жакшы бааларга тырыштык. Кийин билим берген мугалимдерди жер каратпайлы деп Кочкордон келсек да, шаардыктар менен чогуу тең окудук. Үй-бүлөлүү болгон соң аялыңдын бети сен үчүн кызарбасын деп тытынып иштедик. 48 жаштын тамагын жеп калганыма карабастан, билимдүү жаштардын алдында жүрөйүн деп илимге да малынып алдым. Кандидаттыгымды жактап, экономикалык модернизация жөнүндө диссертациямды ийгиликтүү аяктадым”,- деген Акылбек мырза өз күрөшүн баяндады.
«АПАМ ГЕЗИТТЕРДИ ОКУП, КАПА БОЛОТ»
Каарманыбыздын атасы 1986-жылы эле эрте кайтыш болгон. Ал учурда Акылбек Жапаров институтту аяктап, аспирантурага кетейин деген кези болчу. Бирок үйдүн улуусу болгондуктан, өзүнөн кийинки бир карындашы жана үч инисине каралашуу үчүн окуудан калат. “Атам санитардык врач болуп иштесе, апам инженер-технолог эле. Быйыл апамдын 70 жаш мааракесин белгилейбиз. Ал 15 жылдай Кочкордогу сыра чыгаруучу заводду жетектеп турган. Азыр неберелери менен үйдө”,- деди.
Ар бир эле апа өз баласын аман болсо экен дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Акылбек мырзанын апасы да ошентет. Бир мүнөздүү. Аз сүйлөп, көп окуп-жазган киши. Каарманыбыз жөнүндө жазылган сын макалаларды окуп, кээде капа болот.
Акылбек Жапаров 6 бир тууган. Эң улуусун атасынын бир тууган эжеси багып алган. 3 иниси бар. Алар жеке ишкер, Ички иштер министрлигинде жана бирөөсү бажы кызматкери. Ал эми жалгыз карындашы эл аралык мекемелерде эксперт болуп иштейт.
«КИЧҮҮ КЫЗЫМ АЖАРА – МЕНИН ХОББИМ»
Жакшы-жаман күндөр чогуу жүрөт эмеспи, ошого байланыштуу Акылбек Жапаровдун эрмеги – 5 жашар кызы Ажара. “Кызымды өткөөл мезгилдеги хоббим дейм. Азыр экөөбүз отуруп алып тамга үйрөнүп жатабыз. “Жаман өз жаатын мактайт” деп коюшат го, бирок чынында эле кызым интернетти жакшы билет. Кадимкидей видео жүктөлгөн сайттарды ачып, өзү мультфильм тандап көрө алат. Кечинде апасы экөөбүз келип, интернет карайлы десек эле анын акчасы түгөнүп калган болот”,- деди жылмайган Акылбек Жапаров.
Улуу кызы турмушка чыгып, неберелүү кылса, ал эми жалгыз уулу Максат Кытайда билим алат. “Кытайда жүргөнүнө 5 жылдай болду, үйлөнө элек” деген Акылбек мырзага “кытай кызын ээрчитип келип алсачы?” деп суроо салдык. “Алар кыргызы жок эле көбөйүп жатышат. Өзүбүздүн эле кызга үйлөнөт го. Бирок Жапаровдордун салтын бузат окшойт. Анткени менин ата-энем да эрте бүлө күтүшкөн. Мен да 1-курста эле үйлөнүп алган болчумун”,- деп калды.
«КЫРГЫЗСТАНДАН КЕТ» ДЕШТИ»
Апрель окуясында Акылбек Жапаров Таласта болгондугу белгилүү. Ички иштердин экс-министри Молдомуса Конгантиев ур-токмокко кабылса, аны убагында митингчилерден алыстатып кетишкен. “Кийин мага Азимбек Бекназаров “Кыргызстандан кетип калсаң болмок” деп жүрдү. Анда мен ага “менин күнөөм болуп же ичип-жеп койсом, түрмөгө отургузгула. Анан мен качып, кайра Кыргызстанга келүү үчүн акча берип отурмак белем” деп жооп бергенмин”,- дейт. Ошентип, Акылбек Жапаров эч жакка кетпөөнү чечет.
Биздин каарманга бир жолу Кубатбек Байболов тамашалай “50гө чейин беш диплом алыш керек” деп айтыптыр. Азыр Акылбек мырзанын үч диплому бар. Төртүнчүсүнө теология тармагын караштырып отурган чагы. “Эки жылдан бери жума намазга барам. Анын үстүнө жашым да ошол чөйрөнү изилдеп чыгууга жетип калды өңдөнөт”,- деп каарманыбыз сөзүн жыйынтыктады.
Эльвира Караева
koom@super.kg