КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

КЫЛМЫШКЕР БИР АЙДА ТАБЫЛДЫ
19-июнда таңкы саат 5те Сокулук айылынын 46 жаштагы М.С. аттуу тургунунун сабалып өлтүрүлгөн сөөгү өз үйүнөн табылган. Кылмышка шектүү делген жаран ушул жумада колго түшүрүлдү. Чүй ОИИБи жана Сокулук РИИБинин кызматкерлеринин изилдөө амалдарынын натыйжасында 19 жаштагы Ч.С. деген жаран кармалып, учурда убактылуу кармалуучу жайда.

МОСКВАДА КЫРГЫЗ КЫЗЫ ӨРТТӨЛДҮ
Москва шаарында 10-июлга караган түнү 19 жаштагы Бегимай Ахуновага үйүнүн подъездине кирип келе жаткан кезинде кол салынган. Аны атайын күтүп турган бет кап кийген белгисиз адам башынан ылдый бензин куюп өрттөп жиберген. Ага кошунасы Тилек Эркинулов жардам берип калган. Учурда Бегимай Склифосовский институтунда дарыланууда. Дарыгерлердин айтуусунда, анын абалы оор жана денесинин 35 пайызы күйүп калган.
Акыркы маалыматтарга таянсак, бул кылмышты жасаган адам ошол эле үйдө жашаган 21 жаштагы Азербайжандын жараны экендиги такталып, азыр ал Москванын ички иштер кызматкерлери тарабынан изделүүдө.

№3-АБАКТА МАССАЛЫК МУШТАШ БОЛДУ
Чүй облусунун Новопокровка айылындагы №3-абакта массалык мушташ болгондугу жөнүндө КРнын Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов билдирген. Анын айтуусу боюнча, 10-майда кечки 6лар чамасында абактагы бир топ экинчи топко кол салып, ур-токмокко алышкан.
Такталбаган маалыматтар боюнча, жаңжалга абактагылардын бирөөсүнүн аялы жөнүндө айтылган сөз себеп болгон. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө. Ошондой эле башка абактарда дагы мындай баш аламандыктардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

СҮЙҮҮДӨН КЫЛМЫШКА БИР КАДАМ
Бишкек шаарында 18 жаштагы кызга анын подъездинен бычак менен кол салынгандыгы тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Ал кызды коргоого аракет кылган анын атасы да шектүү тарабынан жеңил жаракат алган. Андан соң кол салуучу өзүнүн ден соолугуна залал келтирген. Кийинчерээк аныкталгандай, кол салуучу жабырлануучу кызды сүйгөн. Бирок ал жигит кыздын атасынан колун сурап, макулдугун ала албай ушундай кадамга барган. Кыздын атасынын каршы болушуна эки жаштын туугандык жагы бар экендиги себеп болгон. Бул кол салуу боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК-ТОРУГАРТ ЖОЛУНДА КЫРСЫК КАТТАЛДЫ
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек-Торугарт жолунун 147-чакырымында 10-июль күнү саат 11лер чамасында жол кырсыгы катталды. Инфинити QX4 автоунаасынын 41 жаштагы айдоочусу Ш.Д. автоунаасын башкара албай калган. Аварияга туш болгон машинанын ичиндеги 81 жаштагы жүргүнчү Балыкчыдагы ооруканада көз жумган. Ал эми бул автокырсыктан каза болгон жүргүнчүнүн 69 жаштагы жубайы менен айдоочу жаракат алышкан эмес.

ӨРТ ЭКИ ӨМҮРДҮ АЛЫП КЕТТИ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Жамбыл көчөсүндөгү №61-үйдө 12-июль түнү өрт чыккан. Түнкү саат 02:40та башталган бул өрттөн 2 адам каза болуп, 3 адам ар кандай даражадагы жараат алышкан. Өрттөн үйдүн 65 чарчы метри күйүп кеткен. Тилсиз жоонун чылым чегүүнүн этиятсыздыгынан келип чыккандыгы такталды.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
melo
2011-07-18 17:19:41
Россияда жvргон кыргыздын кыздары намысын жоготуп акча vчvн оз улутун да шерменде кылышат! Ошондой касиетсиз кыздарды тарбиялаган ата-энесине наалат! Адамдын айбандары!Россияда жvргон кыргыздын кыздары намысын жоготуп акча vчvн оз улутун да шерменде кылышат! Ошондой касиетсиз кыздарды тарбиялаган ата-энесине наалат! Адамдын айбандары!
0
Juliana
2011-07-19 02:37:59
melo, vecherniy bishkek degen gezitinde jazylyp jurgon, bul kyzdy ozunun ele kurdashy 21 jashtagy Asel degen kyz zakaz kylgan dep. Oshol janagy balany jaldaptyr.
0
jazim
2011-07-19 23:55:47
melo, Ата энеге наалат келтирбениз ата-энелер эч качан балдарын жаман болсун дебейт, а бирок менин да жиним келет россиядагы ошондой кыздарга. Бирок менин оюмча аларга да кыйындыр бул жолго оз эркилери менен барышпагандыр, оздору деле каалабагандыр бул жолду?
0
kyrqyz
2011-07-20 13:30:34
сен биринчи жакшына окуп чыкчы комментарий жазыштан мурда.
0
lider-kg
2011-07-18 23:05:22
колундан келсе сенделе колдоно бер кыргыз кыздарын
азыр сен куйуп айтсан жаманатты болосун чынбы
0
sabirdinovich
2011-07-19 03:55:36
Оз уйум-олон тошогум демекчи, Оз жеринде жургонго жетеби? Эптеп, сабыр кылып бул жерде эле иштешсе, ырыскы бизде деле бар. Мейли го, эркектер барып иштеп келишсе,бирок, кыргыздын молтурогон кыздары ал жакка барып, иштеп кор болгонду эч каалабайт элем. Ал жакта кандай журушот, аларга кандай мамиле кылып жатышат? Деги Кудайым бизди Ыйман-Ырыскыдан кем кылбаса экен.
0
sabirdinovich
2011-07-19 04:11:14
lider-kg сиз кызыктай адам экенсиз, атыныз затынызга тук жарашпаган. Кандайча "колундан келсе сенделе колдоно бер кыргыз кыздарын",-деп маарап жатасыз. Эл учун куйуп-бышып жаманатты болсо аны кийин тарых озу таразалайт,учурдагы эл билбесе да.
0
bagdat
2011-07-19 15:36:30
Бул ото актуалдуу тема туугандар, чындыгында баары тен эмес, бирок биздин кыргыз кыздары эмне учун башка улуттун эркектерин ушунчалык жакшы корушот мен тушунбойм, анан дагы башка улуттун кыздары эмнеге мындай ишке барышпайт тушунуксуз?
0
solnyshko
2011-07-20 12:51:20
Бул жерде Россиядагы кыздын намысы жонундо эмес,башка улуттагы адам биздин кыргыз кызын орттоп жибергендиги жонундо айтылып атат го?Тобо кылдым адамдарга лижбы бироону жаман атты кылып корсотуп эле койсо
0
brit
2011-07-20 13:05:43
орусиянын ммк-ларынын маалыматына караганда ал кыз окучу окшойт москвада.эртерээк сакайып кетсин дегендин ордуна баарынар эле жамандап кирипсинер да ал байкушту
0
ladynur
2011-07-21 22:15:45
Каерде болбойлу Кудай бут баарына ынсап берсин!!!
0
Marusya
2011-07-24 04:28:24
Мен Москвада иштейм, окуйм кудайга шугур жман жолдон алыс кылсын ,мага аябай неприятно ушул нерселерди укканды как будто москавада баары буткон кыздар...мен тоже угам кыргызстанда жаштар аман эле болсун заман озгорду деп...беш кол тен эмес бироону корсонор или уксанар это не значит они все такие....???
0
kurbanbu
2011-07-24 12:31:40
Marusya
мен сага толугу менен кошулам мен да росияда эмгектенем.беш кол тен эмес андай тарбиясыздарды Кыргызстанда тапса болот.ал эми мекендешибиз эртерээк айыгып кетсин.
0
solomon3dark
2011-07-24 14:29:15
Ээй туугандар мен азыр Москвадамын, кандай таш боорсунар, мага дин уруксат бергенде ошого окшогон таджик болобу чеченби ингушпу баарын союп салмакмын колдон келет! Андайлар он,ой олгонго татыктуу эмес! Бул жакта канчасын зордо канчасын жемелеп коркутуп ит кылбаган иштерди кылышууда! Андан коро бул жактагылар учун дуба кылгыла! Мен кыргыздын кыздарын коргогум келет! Баарында ыйман бар, же ыйманы алсыз, кыргыздын кызы эч качан кор болбошу керек.Ээй туугандар мен азыр Москвадамын, кандай таш боорсу
0
jansezim26
2011-07-24 15:10:02
чечендер кыздары кыйшык карап койсо союп салат.ото намыской,кызуу кандуу адамдар,жаштар мурда ата энеси бакса,азыр жаштар ата энелерин багат,бул бир,чет жерде иштегендер Кыргызстандын экономикасын минимум 60%ке которот,бул эки.ойнооку кыздарга келсек,ал кыздарды кудай озу кечирсин.оздоруно жаман акылына убагында кирбесе.
0
Ulara_1
2011-08-19 14:43:23
салам
0
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан