Жакында бирөөнүн баласын уурдап, тилемчилик кылып жүргөн аял тууралуу кабар Кыргызстанды дүң дедирди. Бул окуя боюнча маалымат чогултуп жүрүп үрөйдү учурган нерселерге туш болдук. Айгүл аттуу аял бирөөнүн бир жарым жашар баласын уурдап, ага буюмдай мамиле жасап, жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган. Бир айдын ичинде бөбөктү жуунтуп да койгон эмес. Натыйжада бала арыктап, оорукчан болуп калган. Анда кеп башынан болсун.
БИР КАРАГАНДА КАТАРДАГЫ ЭЛЕ ТОНООЧУЛУК, БИРО-ОК...
Май айынын баш чендеринде Кемин РИИБинин кызматкерлери түшкөн арыздын негизинде тоноого шектүү деп 33 жаштагы Айгүл аттуу айымды кармашкан. Бир караганда катардагы эле тоноочулук. Айыпталуучу 5-май күнү кокусунан таанышып калган бир аял менен арак ичип, аны мас кылып уктатып коюп, кулагындагы алтын сөйкөсүн уурдап кеткен. Анан зер буюмду соода күркөлөрүнүн бирине арзыбаган акчага өткөрүп жиберген. Бирок “шоунун” баары иликтөөдө башталат.
Анын буга чейин да тоноочулук жана уурулук боюнча сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болот. Аз гана убакыт мурун абактан бошонуп чыккан экен. Ошол учурда туруктуу жумушу жана жашаган жери болгон эмес. Баарынан кызыгы Айгүлдүн билдирүүсү болгон. Ал милиция кызматкерлерине: “Силердин мени кармоого укугуңар жок, анткени менин кичинекей балам бар”,- дейт. Анан чынында эле тоноочунун баласы бар экендиги тастыкталат. Мыйзам деген мыйзам, Айгүл темир тор артына кетиши мүмкүн болгондуктан, укук коргоочулар баланы Кеминдеги Балдарды убактылуу кароочу борборго өткөрүп берүүгө аргасыз болушат.
МЫНА САГА “КОНЦЕРТ”!
Мындан аркысы өзүнчө эле мексикалык сериал. Баланы дарыгерлер текшергенде анын денесиндеги көптөгөн тактарды, эки тараптуу пневмониясын (өпкөнүн сезгениши) көрүп чочуп кетишкен. Мындан сырткары бала биттеп да кетиптир. Анткени баланы бери эле дегенде бир ай жуунтушкан эмес. Аябай арыктап кеткени начар тамактануудан экендиги айтылат. Айтор, балага жаман мамиле жасалгандыктан, ал ушунчалык начар абалда калган.
Баланын ден соолугун калыбына келтирүү максатында дарылануу үчүн Бишкектеги балдар ооруканасына жиберилет. Ошол борбордогу ооруканада жатканда гана баланын чыныгы ата-энеси пайда болгон. Ал эми "энесимин" деген Айгүлдүн балага эч кандай жакындыгы жок болуп чыгат.
ЭНЕСИН МАС КЫЛЫП КОЮП, БАЛАСЫН УУРДАП КЕТКЕН
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, Айгүл апрелде боштондукка чыгып, жаңы жашоону баштайт. Жумуш издеп жүрүп Нурлан деген адам менен таанышып калат. Токмокто жүргөн Нурлан Айгүлдү Бишкектин Дордой жаңы конушундагы үйүнө чакырат. Ошол күнү үйдө келинчеги жана балдары жок болгондуктан, Айгүл анын үйүнө түнөп калат. Экөө түндү чогуу өткөрүшөт. Эртеси Айгүл Нурланга “эми сен мага үйлөнүшүң керек” деп чыгат. Мындайды күтпөгөн Нурлан үйлөнгөнүн, аялы жана 4 баласы бар экенин түшүндүрүп, үйүнөн сылык узатып коёт. Айгүл Нурландын мындай мамилесине таарынып, кек сактап калат. Анан өч алууну көздөп, Нурландын үйүнө кайра барат. Ал күнү үйдө Нурландын аялы Назгүл жана кичүү уулу Баястан бар болгон, калган балдары туугандарыныкында эле.
Назгүлгө өзүн “Нурландын сүйлөшкөн кызы болом” деп тааныштырат. Башка аял болгондо, балким, уялбастан “ойношумун” деп келгенине чыдабай ызы-чуу кылып, чачынан сүйрөп кууп чыкмактыр. Бирок Назгүл Айгүлдү үйүнөн кууп чыгуунун ордуна аны менен арак ичүүгө макул болот. Экөө эки бөтөлкө арак ичишет. Назгүл мас болуп уктап калганда Айгүл Баястанды алып, келген жолуна түшөт. Үйгө келген Нурлан окуянын чоо-жайын угуп, укук коргоо кызматкерлерине кайрылат.
БАЛА МЕНЕН ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛГАН
Бул убакыт ичинде “баланы көрсө, элдин боору ооруп көбүрөөк акча берет” дедиби, Айгүл Баястанды көтөрүп алып Токмок жана Кеминде тилемчилик кылып жүргөн. Бала Айгүл менен кошо көрүнгөн жерде жатып, ал эмне жесе (көбүнчө нан, суу) ошону менен тамактанган. Айгүл акыркы жолку “аңчылыкка” чыгар алдында аны бир аялдын үйүнө таштап койгон. Баланы ошол жерден милиция кызматкерлери алып кетишкен.
“АТАСЫ БАЛЫКЧЫДА ИШТЕЙТ” ДЕП, БИРОК ДАРЕГИН АЙТПАЙ КОЙГОН”
Кемин РИИБинин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору Элмира Шамшиева мындай дейт:
– 7-май күнү РИИБден “Кемин шаарчасынын Абдыбачаев көчөсүндөгү №2-үйгө кичинекей бала ташталды. Анын энеси талап-тоноо боюнча кармалып, биздин убактылуу кармоочу жайда отурат” деген билдирүү түштү. Ал даректе жашаган Коновалов дегендердин үй-бүлөсү бизде каттоодо турат. Күйөөсү да, аялы да дайыма арак ичип мас болуп эле жүрүшөт. Аны угуп, Орловка айылындагы “Нурмээайса” деген балдарды убактылуу кароочу борбордун директору Гүлнара Киребаеваны чакырдым. Экөөбүз аталган дарекке барсак, орус үй-бүлөдө кыргыз бала бар экен. Аны текшерсек, денеси, бети тытылып, көк ала болуп, котур да болуп кетиптир.
Убактылуу кармоочу жайга келип кармалган аялга жолугуп, “эмне үчүн бул үйгө таштадың, башка үйгө таштасаң болбойт беле?” десем, “үч күн шабашкага чыктым эле, караганга киши жок болгондуктан, ошол жакка таштадым” деп койду. “Балаңдын денесинин баары жара экен. Сен бул жакта отурасың, атасынын дарегин айт, ошого жөнөтөлү” десем, Кочкор районундагы бир айылды айтты. Ал айткан айылдан биздин бир кесиптешибиз бар эле, ал андай адам жок экенин айтты. Кайра келип, ал айткан айылда андай адам жок экенин, эмнеге алдап жатканын сурасам, “баламдын атасы Балыкчыда иштейт” деп, бирок дарегин айтпай койду. Анан Балыкчыдан издештире баштадым.
Дагы бир жолу кирсем, оозу-башын боёгон, тим эле кычырап алыптыр. “Эже, ден соолугуңуз кандай?” деп коёт. “Менин ден соолугумду эмне кыласың, балаңдыкын сурабайсыңбы? Ооруканада жатат” десем, ойлонуп да койгон жок. Ошондо таң калып, шекшип койгом. Баланын атын Арген деп айткан, ал эми таштаган үйдөгүлөр “өз аты Темирлан болсо керек” деп айтышты. Кийин белгилүү болгондой, баланын аты Баястан экен.
“БИР ЖАРЫМ АЙ МУРУН ЖОГОЛГОН БАЛАМДЫ ИЗДЕЙМ”
– 26-май күнү Киребаева телефон чалып калды, “эже, бизге бир аял келиптир, жанагы бала жөнүндө айтып жатат окшойт” деп. “Анда РИИБге келе калгыла” десем, экөө ээрчишип келип калышты. "Баланын энесимин" деген айым Дордой жаңы конушунда жашаган 28 жаштагы Назгүл Мансурова экен. “Баламды бир жарым ай мурун жоготуп, издеп жүрөм. Бул боюнча Свердлов РИИБине жоголгондугу тууралуу арыз жазганбыз. Ушул жакта менин балама окшош бала бар экен деп угуп келдим”,- деп айтып калды. Свердлов РИИБинин тергөөчүсү менен байланышсам, ал тастыктап берди. Ошол маалда бала Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы ооруканага жатып калган эле. Айгүл Мамытова экөөнү жолуктурсак, экөө бири-бирин тааныйт экен. Менимче, Айгүл тиги бала аркылуу өч алайын деген окшойт.
МЭЭРИМСИЗ АЯЛЗАТЫ ЖАЗАСЫН АЛДЫ
Бишкек шаардык Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Мирлан Солтоев буларды маалымдады:
– Бизге Нурлан Кызалаков деген адамдан баласын уурдап кеткени тууралуу арыз түшкөн. Айгүл Мамытова 23-апрелде Нурландын үйүнө келип, анын Баястан аттуу уулун алып кеткен. Нурлан бизге ал аялдын атын, анын жакында эле абактан чыккандыгын айтып берди. Биз аялдар колониясына барып, ал жөнүндө так маалыматтарды, сүрөтүн алып, издөө жүргүзө баштадык. Айгүл Мамытова мурун да үч жолу уурулук жана эки жолу тоноочулук боюнча соттолуп чыккан. Анын үстүнөн 123-берене (адам уурдоо) жана 167-берене (тоноо) боюнча иш козголгон.
Бул иш боюнча сот процесси 24-июнда аяктады. Кемин райондук соту Айгүл Мамытованы 8 жылга эркинен ажыратты. Аял болуп туруп бөбөктү кордогон Айгүл өз жазасын алды. Наристеден кабар алуу үчүн Дордой конушуна барганыбызда коңшулары алардын Нарынга көчүп кетишкенин айтышты.
Ата-эне үчүн баладан кымбат эмне бар? Арабызда "наристе жытын жыттасам" деп балага жетпей жүргөндөр канча. “Бирөөгө зар, бирөөгө кор” дегендей, бирөөлөр балага жетпей жүрүшсө, бирөөлөр мас болуп, баласын уурдатып жүрүшөт. Бул окуя көптөгөн жаш ата-энелерге ар тараптан сабак болот деп ишенебиз.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg