ЗЕРГЕРЧИЛИК

Зергерчилик өнөр бизге мурунтан эле калган. Учурда бул өнөрдүн өркүндөп жаткан кези. Көз жоосун алган буюмдар кандай жасалат, кандай процесстен өтөт, канча убакыт талап кылынарын ар бирибиз эле билбесек керек. Бүгүн зергерчилик тууралуу кеп кылмакчыбыз.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Дүйнөдөгү эң белгилүү зергер болуп франциялык Луи Картье эсептелинет. Мунун колунан чыккан зер буюмдардын баасы 1 миллиондон 1 миллиард долларга чейин жетет.
  • Белгилүү зер марка деп америкалык Чарльз Льюистин “Tiffany&Co” компаниясы эсептелинет. Бул маркада чыккан зер буюмдар дүйнөнүн бардык бурчуна тараган.
  • Дүйнөгө таанылган бренддер: “Tiffany’s”, “Cartier”, “Bulgari”, “Van Cleef & Arpels”…
  • Зер буюмдун шопоголиги деп ырчы Риананы атаса болот. Каражатынын баарын зер буюмга жумшай берип, көчөдө да калып кала жаздаганын интервьюларында айтып келет.

ТАРЫХТАН
Тарыхка үңүлсөк, алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдар эзелтеден эле колдонулуп келет. Байыркы доордо адамдар жалтырак жана кооз таштарга туш болушуп, андан көрктүү нерсени жасоону ойлонушкан. Асыл таштарга ар түрдүү форма берип, андан зер буюмдарды жасай башташкан. Ушинтип зергерчилик пайда болгон.
Кыргыз эли да бул нерседен куру калган эмес. Баалуу металлдан ар түрдүү чөйчөк, зер буюмдар жасалып, аталган өнөр өркүндөй баштаган. Зергерчиликтин башаты Азия өлкөлөрүндө башталып, кийин Европага тарап, өзгөчө стилдер пайда болгон. Бул мода Греция, Мексика, Перу өлкөлөрүн каптаган.

ЗЕРГЕРЧИЛИКТИН ТЕРС ТААСИРИ ДА БАР
Бүгүнкү күндө актуалдуу кесиптердин бири болгон зергерчилик тууралуу «Кыял» элдик көркөм өнөр жай бирикмесиндеги цехте бир нече жылдан бери эмгектенген Нурдин Касиев маек куруп берди.
– Нурдин байке, деги эле зергерчилик адистигин кайдан алса болот? Атайын окуу жайы барбы?
– Бул адистикке Бишкектеги Сүймөнкул Чокморов атындагы №92-кол өнөрчүлүк лицейинде окутат. Зергердин окуусу бизде 1 эле жыл, ал эми мындан аркысы адамдын фантазиясына жана аракетине жараша. 1 жыл ичинде алтын, күмүш жөнүндө бардыгын билип чыкканга болот.
– Учурда бул кирешелүү эле кесип болсо керек...
– Эми ар кандай. Мисалы, 1 грамм күмүштүн баасы – 40 сом, ал эми алтындын 1 граммы 1200 сомду түзөт. Бир күндө орто эсеп менен 2-3 комплект жасалат. Бирок көбүнчө адамдын маанайына да байланыштуу болуп калат. Ар бир комплекттен зергерге 250-300 сом акча калат.
– Зергерлер да ич ара бөлүнүшөт экен го, ушул жөнүндө кеп кылсаңыз.
– Ооба, зергерлер ич ара бир нече топко бөлүнүшөт. Кээ бири эксклюзивдүү өздүк эскиздер менен акча таап, продукцияны чыгарат. Ошондой эле алтынды эриткени башка, андан ылайыктап куйма куюп, форма берген мастер өзүнчө. Ага оймо-чийме, кымбат баалуу таштарды бекиткени да өзүнчө. Бир асыл буюмдун түйшүгүн 3-4 адам тартат.
– Зер буюмдар кандай жол менен жасалат?
– Эң биринчи эле буюмдун эскизи тартылат. Андан кийин алтын же күмүш тигелге (чоподон жасалган кичинекей идиш) салынып, электрондук тапанча менен эритилет. Кээ бири күкүрт же туз кислоталарына да эритишет. Бул процесс аффинаж деп аталат. Күкүрт кислотасынын
1 литри – 300 сом, ал эми туз кислотасынын 1 литри – 200 сом. Алтын эритилген соң атайын идишине (изложница) куюлат. Андан кийин ал вальцага салынат (тешикчелери бар форма берген станок). Ал жактан чоюлуп, тартылып, өз формасын алып чыгат.
Бор машинадан тазаланып, тешикчелер басылат. Ашыкча быдырлардан арылтуу процесси да мына ушул машинанын функциясында. Ошондой эле газ тапанчасы да колдонулат. Ал бириктирип, чаптай турган бөлүкчөлөрдү чаптайт. Анан гана жарашыктуу чиймелер, кооз таштар жайгаштырылып, азем буюм жасалат. Мындан кийинки процесс – жылмакайлоо (полировка). Эң акырында жасалган зер буюм атайын идишчедеги ультраүнгө (ультразвук) салынган соң даяр болуп чыгат. Бул ыкма даяр болгон зер буюмдун кемчиликтеринин бар же жок экенин аныктайт.
– Алтын менен күмүш буюмдарын жасоодо ден соолукка зыяны тийиши мүмкүнбү?
– Мындай кымбат баалуу металлдарды эриткенде көбүнчө азот колдонулат. Күкүрт кислотасы ашказанга өтө зыян. Бул суюктуктарды дайыма колдонуу импотенцияга да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан зыяндын алдын алуу үчүн зергерлер сүт жана аз өлчөмдө спирт ичимдигин ичип турушат. Күмүш колуңа же бутуңа кирип кетсе, ал жер эч качан ириңдеп, жара болбойт. Денеге кирип кетсе деле жүрө берет.
Ар бир эле кесиптин кыйынчылыгы бар эмеспи. Биздин кесипте, мисалы, билерик жасадык дейли, баарын бүтүп, отко кактап жатканда ал куйкаланып калса, жараксыз болуп калат. Мына ушундай учурларда, албетте, эмгегиң акталбай калат. Кайрадан жасоого туура келет.
– Зергерлердин байып кеткен учурлары болгонбу?
– Зергерчилик менен алектенип бутуна тургандар көп эле кездешет. Анткени алтын өзү байлык чакырат. Мени менен бир тайпада окуган балдардын баары эле учурда калаадагы белгилүү зергерлер. Нургазы деген зергер бар, ал зергерчиликти Москвадан окуп келген. Мунун таланты да, шыгы да өтө күчтүү, бирок азырынча аты чыга элек. “Келдикени” да ушул жигит баштаган.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
elya2404
2011-07-19 04:17:19
Мен алтынга оло кызыгам, бирок куйоом урушуп тактырбайт, башынды кошуп жулуп кетет деп, только бирге жургондо эле, а мындай кумуш тагам. Анан баары айтышатко, алтын улуу корсотуп коет деп, мен ойлойм наоборот женственной и назик корсотот деп.
0
kyrqyz
2011-07-20 16:12:09
РИАНА алдаба
0
Melis-Aruuke
2011-07-20 18:23:01
Алтын эркектерге зыян деп уккам.Эркекке кумуш пайдалуу экен.
0
peach
2011-08-05 21:38:41
menin altyn,kumushton bashkaga allergiyam(mounum,kulagym kyzaryp,tytyna bashtaym,temiri bar remen' da problema)bar.birok kiyimime jarasha tash,shuru j.b.kyzygyp ala berem.kim bilet,ne kylsam allergiyam jogolot?
0
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан