Ырчы Гүлнур Асанова Түркия телеканалындагы “Жаңы күн” көрсөтүүсүнө катышып кайтты. Ошондой эле түрк оркестринин коштоосунда жандуу үн менен ырдап, ири өлчөмдөгү гонорарды бөктөрө келиптир.
Байыш Момунов“кытайлык кыргыздардын тоюн башкарууга чакыруу алдым. Жакында сапар тартам” деп сүйүнүп жүргөн чагы.
Эже-сиңди Алина жана Назира Жетигеновалар Жалал-Абад дубанынын Аксы жергесин түрө кыдырып концерт коюп жүрүшөт.
Ырчы Бурашучурда бешик терметип үйүндө. Дегенибиз, жакында кыздуу болгон эжесине жардам берип, бала багышып жатыптыр.
Гүланда “Турналар” жана “Жангым келет” деген ырларына клип тарттыруу менен чуркап жүргөн кези.
Жол кырсыгынан жапа чеккен Бегимай Бекбоева Кант шаарында дарыланып жатат.
“Кыз-Бурак” тобу көлдө экс-эжекелери менен чогуу эс алышууда.
“Импульс” тобу Кыял, Гүлайым аттуу кыздар менен жаңыланды. Учурда “Издейм сени” деген ырга клип тарттырып жатышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kyrqyz
2011-07-20 14:20:27
БУРАШ бешикти токтотпой термет
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.