Продюсер Динара Эсенгулова менен режиссёр Ырыскан Жоомартова шоу-бизнес өкүлдөрү катышкан “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” тасмасынын акыркы съёмкасын Суусамыр жайлоосунан тартып бүтүп, монтаждоо иштерин башташты.
Тартуучу топ менен актёрлор “мындай учур бир келбеспи...” деп кымыз ичип, жаш козунун куурдагынан жеп, эшек менен жарышка түшүп, көңүлдөгүдөй эс алып кайтышыптыр. “Жакын арада тасманы элге сунуштайбыз. Эмгегим элге жакса, анда кинорежиссёрлукту да колго алам”,- дейт продюсер.