“KG 77” командасынын өкүлү Зияш Анталияга билет алып койгонун угуп, ага байланышка чыктык. “Ким менен эс алганы баратасың?” деген тамашалуу сурообузга: “Кайдагы эс алмай? Барбайт болчум. Жашоомдо каржы жагынан кризис болуп турат. Барып эки күн эс алам да, анан курулушта иштейм”,- деп жооп берди. Угушубузча, Зияшты Анталияга Асел аттуу бийкеч чакырыптыр. “Асел ким?” десек, “тамашоучу” жигит “таанышым болот” деп койду. Бул бийкеч анын таанышыбы же башкасыбы, Зияш кайтып келгенде билербиз.