Бойдокчулук менен кош айтышып, чыгармачылыктан алыстай түшкөн ырчы Замир Мырза жандана баштаган сыяктуу. 12-июль күнү КРнын Маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев өз колу менен “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды. Ырчынын өзү: “Менимче, бул сыйлыкка мен мурда эле татыктуу болгом. Учурда иштебегендер деле алып жатышпайбы. Министр мага ийгилик каалап, “Эмгек сиңирген артист” наамына жет” деген каалоо-тилегин айтты. Мамлекет эмгегимди баалап, көңүл бурганы үчүн рахмат. Буюрса, эл үчүн кызмат кыла бермекчимин”,- дейт кубанган мугалим-ырчы.