Талантты Жараткан ар бир эле адамга бере бербейт. Көп өнөрдү насип кылып, ошол жолду ыраа көргөн адамдын тагдыры да татаал болуп калса керек. Сүрөтчү, фотограф, актёр, каскадёр жана акын Уланбек өзү тууралуу...
КЫСКАЧА
“ТӨРӨЛГӨНДӨ ЖЫЛМАЙЫП...”
– Апам мени “жаңы төрөлгөндө колума алганда жылмайгансың” дейт. Жылмайып төрөлгөн жаным жашоомдо кандай оор кырдаалга туш келбейин, жылмайып гана коём. Чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Кичине кезимде калем сыяктуу нерсе тапсам эле сүрөт тартып баштачумун. Кийинки кумарым жылкы болду. Аттын кулагы менен ойноп, аттан жыгылсам да болбой жармашып алчумун. Эс тартканда сүрөтчүлүк өнөрдүн аркасынан түштүм. Көркөм сүрөт окуу жайын аяктагандан кийин ар кандай сүрөттөрдү тартып, алар көрсөтмөлөргө коюлуп жүрдү.
Аттан жыгылып сөөктөрүм сынып, ошондон улам көп оорудум. “Кудай сүйгөн пендесине азап берет” деп коюшат го. Анын сыңарындай, мен 11 жолу оор операцияны башымдан өткөрдүм. Аман калганымдын себеби, менин дагы жасай турган көп иштерим бар окшойт. Үч жолу киши колдуу болдум. Бир эле жолкусун айтып берейин.
Бир жолу кеч чыгып калып, таксиге отурдум. Чөнтөгүмдө 200 доллар жана майда акчалар бар экен. Мен таксисттин көзүнчө досума чалып, “менде доллар болуп жатат, таксиге акча камдап күтүп турчу” дедим. Менимче, тигилер өтө көп доллары бар деп ойлошсо керек. Аркамда отурганы мойнума жип салып, башыма катуу урганда эсимди жоготуп коюпмун. Мен наркоздо жатканда башка чөйрөдө болдум. Маркумдар менен кезиктим. Акыркы жолкусунда Советбек Жумадылов менен көл үстүндө маектешип отуруптурмун.
“СҮЙҮҮДӨН ЖАБЫРКАДЫМ”
– Сүйүү мени менен кошо жаралса керек. Бир элес кичинемден бери эле ээрчип жүрчү. Ал адамды тымызын күтөр элем. Аны менен капыстан жолуктум. Алгач көлдүн ак куусу мени анчалык капарына албай жүрдү, көпкө сынады. Экөөбүздүн мамилебиз келишип калган убакта анын айыкпас дартка чалдыкканын билдим. Мен ал ооруса оорусун кошо тартышсам, ыйласа көз жашын сүртсөм дегем. Бирок ал аны каалабады.
Кудай ага көп нерсени (сулуулукту, ыймандуулукту, акылды) бергени менен, ден соолуктан айрып коюптур. Акыркы жолу телефон чалып, “мен ар дайым сенин жаныңда болом. Жамгыр жааса, анын тамчысына айланып, кыш болсо, карга айланып, дем алган абаң болуп жаныңда жүрөм” деп айтты. Ушул кыз мени көп ойлондурду, көп көз жаш төктүрдү. Азыр чет өлкөдө дарыланып жүрөт. Ички туюмум менен экөөбүз бул жашоодо чогуу болбой калганыбызды сезем.
“УЛУУ АКТЁРГО ОКШОШ ДЕШЕТ”
– Мени улуу актёр Сүймөнкул Чокморовго окшоштурушат. Бир жолу кышында филармониянын жанынан кетип баратканмын. Алдыман бир адам кайчылаш өтүп баратып, “токтосоң, жигит” деп калды. Мени көпкө тигиле карап, анан атымды сурады. “Сен актёр Сүймөнкулга окшош экенсиң” деди. Кесибимди сурады. Сүрөтчү экенимди айтсам, “баракелде, сенин өңүң гана окшош болбостон, талантың да окшош тура” деп сүйүнүп кетти. Ошол күндөн тарта Чокморов тууралуу изилдеп, ал адамды кумир тутуп калдым. Чокморовго окшошуунун өзү да чоң жоопкерчилик экен.
"Сүймөнкул Чокморов “менин эки канатым бар: бири – калем, экинчиси – актёрлук” деген экен. А менин үчүнчү да канатым бар. Ал – поэзия.
Көңүлгө сен сыяктуу толбойт эч ким,
Күн-түндөп муңдуу сүйүү суусун кечтим.
Баары бир шондо деле көксөөм суубай,
Көз көргүс алыс жакка келет кетким.
Жалганда жолукпасаң мейли, жаным,
Издебейт менден башка сени эч ким!
Эгерде бу дүйнөдө буюрбаса сени мага,
Акыретте кезигерим чын деп чечтим!"
Мен айтайын деген нерсемди сүрөт менен бергим келет. Эгер жеткире албасам, поэзия менен айтсам дейм. Анда да аксасам, ролдорум аркылуу жеткире алсам деп ойлойм".
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg