Бир бүркүм... ЭГИЗДЕР СЫНАГЫ ӨТТҮ...

  • Гидрометеорология агенттиги 14-20-июль күндөрүнүн аралыгында өлкөнүн тоолуу аймактарында катуу жаан жаап, сел жүрүү мүмкүндүгүн эскертет.
  • Соңку 5 айдын ичинде Кыргызстанга ташылган күйүүчү майдын көлөмү 26 пайызга кыскарды.
  • Мамлекеттик медициналык академия быйылкы жылы 716 бүтүрүүчүсүнө диплом берди, анын 529у кыргызстандыктар.
  • Ош облусунда быйылкы жылдын январь айынан июнга чейин адам сатуу боюнча 14 далил катталды. Бул тууралуу “189” кызматы билдирет.
  • ЖОЖдор негизсиз түрдө контракттык бөлүмдүн окуу акысын жогорулата алышпайт”,- деп Монополияга каршы агенттиктин өкүлү билдирди. Көптөгөн билим берүү мекемелери бааны мурункудай калтырган.
  • Экономикалык тескөө министрлиги мамлекеттик ипотека компаниясын түзүүнү сунуштап жатат.
  • Баткен шаарында таланттуу эгиздердин сынагы болуп өттү. Уюштуруучу “Сурия” кайрымдуулук фонду мындай иш-чараны башка облустарда улантышы ыктымал.
  • Реконструкция жана өнүгүү боюнча Европалык банк Токмокто жайгашкан айнек чыгаруучу “Интергласс” заводуна
    8 миллион евро бөлдү.
  • Кадамжай районунда Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевдин эстелиги жана музей-комплекси ачылат.
  • “Кыргызтелекомдун” Директорлор кеңеши компаниянын башкаруу тармагын толугу менен кызматтан алды.
  • Өкмөт 2010-жылы болуп өткөн окуяларда жабыркаган ишкерлерге 200 миллион сом жеңилдетилген насыя бөлүп берет.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Celiya
2011-07-18 22:58:54
кайдан куйуучу май арзандады, бугун Бишкектин копчулук май куючу жайларында бензин жок, бар болсо да 40 сом дейт.
0
elya2404
2011-07-19 04:23:27
Эгиздердин сынагы боюнча толугураак маалымат берип коесунарбы, мумкун болсо.
0
kyrqyz
2011-07-21 15:11:51
айнек чыгаруучу заводтун директору жыргап жатат экенда
0
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан