«АТА МЕКЕН» ПАРТИЯСЫНДА АЖЫРЫМ ЖОК

«Ата Мекен» социалисттик партиясынын Республикалык кеңешинин жыйналышы 9-июлда болуп өттү. Анда партиянын бир жыл аралыгындагы ишмердигине анализ жасалып, баа берилип жана кийинки жылга пландар аныкталды.

Буга чейин айрым басылмалар жазып келген «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү бириндеп, баары партиядан качып жатат» деген өңдүү ушактар ушул жыйналышта өзүнөн-өзү төгүндөлүп калды. Анткени партиянын райондук жетекчилери өз отчётторунда кандидаттык тажрыйбалары толуп, «партияга өтөбүз» деп партиялык билетти талап кылып жаткан жүздөгөн адамдар кезекте турушканын билдиришти. Өткөн парламенттик шайлоодо начар иштеп, партиянын сынына калып, баштапкы уюмдан чыгарылган бирин-серин адамды эске албаганда, партияга анык мүчө болууну каалаган адамдардын саны дале арбын экени ачыкталды.
Партия ичинде Республикалык кеңеш ири күчкө жана ыйгарым укуктарга ээ. Бул жыйналышында Республикалык кеңеш жобо кабыл алды. Жобого ылайык, кеңеш жалпы фракциянын жана ар бир депутаттын ишине баа бере алат, зарыл болгон учурда депутатты фракциядан чыгарып жиберет. Бул ирет айрым депутаттар Республикалык кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн кескин сынына кабылышты. Мисалы, «Фракцияда ынтымакта болгула, партия берген тапшырманы аткаргыла. Партиянын принцип-идеяларынан четтебегиле, оңго-солго басып, саясий «шабашка» кылганды токтоткула. Болбосо, фракциядан, ал тургай партиянын катарынан да чыгарып жиберебиз»,- дешти Республикалык кеңештин мүчөлөрү. Жобону кабылдоо менен Республикалык кеңеш партиянын төрагасына ушундай ыйгарым укуктарды берди. Андан сырткары партия төрагасынын 5 орун басарын жана 15 адамдан турган политбюрону бир добуштан шайлап беришти.
Көптөгөн журналисттер жана партиянын жүздөгөн мүчөлөрү буга күбө болгонуна карабастан, «24 kg» агенттигинин кабарчысы Айзада Кутуева жыйналышка катышпай туруп, башкалардан уккан бурмаланган маалыматты таркаткан. Макалада: «Аймактардан келген делегаттар Текебаевдин таш-талканын чыгара сындашты. Анын кетирген катачылыктарын айтып, аны менен макулдашылбай жасалган билдирүүлөрү боюнча күнөөлөдү. Съезддин ачууланган катышуучулары жыйындын аягын күтпөй, үйлөрүнө таркап кетишти»,- деп жазылган. Мунун өзү «Ата Мекен» партиясын алсыратып, «ынтымагы жок» деген маалыматтарды таратуу жасалма экендигине ушул өңдүү макалалар далил. Анткени делегаттар жыйналыштын аягына чейин гана эмес, кечинде бейформал кечеде да чогуу болушту. Жыйындын эртеси, жекшемби күнү партиянын лидерлери штаб жетекчилери менен жолугушкан. 25-июлга чейин партиянын
10 миң өкүлү участкалык шайлоо комиссияларына жылдыруу боюнча тапшырма, иш кагаздарын жана инструкцияларын алган соң гана таркашты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Taybas
2011-07-18 11:46:20
Редактор "Атамекендин" мучосу болгондон кийин албетте жамандагысы келбейт.Мен Айзада Кутуевага ишенем.
0
kyrqyz
2011-07-18 13:04:09
СУПЕР ИНФО Ата Мекенчилерди аябай колдодунарго.башка деле партиялардын кылган иштерин жазып чыкпайсынарбы.
0
azyat82
2011-07-18 14:01:53
Ха-Ха-Ха
илгери ар бир бай-манаптын колунда бирден ырчысы болчу экен.
азыр ар бир саясатчынын бирден журналистти бар.
0
nurlaaaan
2011-07-19 05:06:19
Аталышы тим эле Сонун!! Ата-Мекен !! бирок кылган кылыктары жакшы эмес!
0
Omurgul
2011-07-19 18:56:25
nurlaaaan, туура айтасын?
0
eraly
2011-07-19 09:33:14
"АТА МЕКЕН", "Дүжүр чал", "Ана Ватан", "сеператист" дегендер баары бир элего дейм
0
udast2
2011-07-20 13:54:25
Тайбас,Кыргыз,Азият 82,Омуркул и Ералы силер кайсыл партиянын Текебаевтей иштеген кишисин коруп жатасынар. Буга чейин айтып келген ар бир созун аткарып кележатат. Убагында черныйына да красныйына да каршы туруп Бакиевтин жана Акаевтин и Отунбаеванын бетине айткан жалгыз Текебаевго жердештер. Кимиси суйлоп коюптур ошолордун кетирген катачылыгын бетине, набарот Атамбаев, Бабанов,Ташиевдер президенттин артын тазалап бутуп жылтыратп салдыго. Силерге окшогондорду алдап журоберет, жакшысын тандабасак.
0
kyrqyz
2011-07-20 14:16:19
udast2, БЕТКЕ айтса эле иш бутуптурда э.сен алдап жургонубузду коргондой суйлоп коюпсунго иним
0
ismail
2011-07-20 20:11:38
Кылычбек Султанов Ата-Мекен партиясынын мучосу болот болуш керек жанылбасам.Ал эми Текебаевти колдоп жургондорго тушунбойм, дагы канча далил керек.
0
Кылычбек Султанов
2011-07-20 23:48:25
Урматтуу, ismail, саламатсызбы.
Мен Сиз айткан партиянын мүчөсү эмес экенимди буга чейин да айтып келгенмин, азыр дагы кайталап айтам. Ал эми Ата-Мекенге байланыштуу далилиңиз болсо редакцияга алып келип бериңиз. Жок болсо, анда жалган маалымат таркатпооңузду өтүнөм. Рахмат.
0
papyev
2011-07-22 20:10:14
Кылычбек Султанов, жанылбасам былтыр шайлоо алдында оз гезитиниздин бетинде суротунуз коштоп "мен редакторлукту тапшырдым, 20 жылдык тарыхы бар "Атамекен" партиясына кирип шайлоого катышам" дебединиз беле? Урматым менен...
0
Кылычбек Султанов
2011-07-22 23:14:45
Урматтуу, papyev! Жаңыласыз. Мен Ата-Мекен партиясына эмес, Ата-Мекен партиясы көрсөткөн депутаттыкка ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТИЗМЕСИНЕ киргенимди, Пайда боло калып эле кайра жок болуп кетип жаткан партияларга караганда ("Алга, Кыргызстан", "Ак Жол") 20 жылдык туруктуулугу жана принципиалдуулугу үчүн бул партияны тандаганымды айтканмын. Партияга кирүү жана талапкерлердин тизмесине кирүү дегенге жатпасы айтпаса деле түшүнүкт
0
Кылычбек Султанов
2011-07-22 23:42:09
Тизмеге кирүү менен партияга кирүү деген түшүнүк бир деп ойлосоңуз, Атажурттун тизмесине кирген, бирок, партияга кирбеген Нариман Түлеевди мисал келтире алам (мындай мисалдар көп).
0
Jaman_Balashka
2011-07-20 20:34:04
Ойгонгулачы Жердештер!
0
zamko
2011-07-21 00:28:00
ии жаман бала кыргыз копкондо орусча суйлойт болбочу Чындыгында бир партия да сенин казанына аш салы бербейт
0
tasma
2011-07-22 10:28:41
Ata Meken partiyasyn maktagym kelbeit. Alardyn da koptogon jetiwpegendikteri bar. Birok Ata Mekenden da durus bir dagy partiya koro elekmin azyryn4a.Azyrky u4ur u4un en ele tatyktuu Ata Meken dep esepteim!!!!!
0
papyev
2011-07-22 20:07:13
tasma, ооба, Лш окуясынын чыгышына эн коп салым кошкон партия ушул
0
Кылычбек Султанов
2011-07-22 23:49:28
Менин туулган жерим Ош областынын Өзгөн району. Ош окуясына Ата-Мекендин эч кандай тиешеси жок!!! Далилиңиз бар болсо редакциябызга алып келип бериңиз. Бул жалааны мен миллион ирет уктум, бирок, бир кымындай дагы далилин көргөн жокмун.
0
beknur9
2011-07-23 13:04:28
Кылычбек myrza Jyldyz Joldoshevanyn dokmentalduu filmin kordunuzbu eger koro elek bolsonuz korsonuz bolot oshodo osh okuiasy kandai bashtalgany aitylgan.
0
kyrgyzajym
2011-07-22 17:11:28
Kyrgyzstanda prezident da,partijalar da,al jakta ishtegen deputat-ministrler da,ishi kylyp baarysy eptep-septeep,olbo- janym-olbo.
0
tiletork
2011-07-22 18:17:57
Ушак менен эле журо бербей, кайсы партия кандай иштеп жатканын ачуу чындык менен корушушбуз керек
0
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан