Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов 30-октябрда өтүүчү президенттик шайлоонун жаңы тартиптери менен тааныштырды. “Учурда шайлоочулардын тизмесин тактап чыгуу өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Андан кийин добуш берүүчүлөр катталган жеринде эмес, турган жеринде шайлоо тартиби киргизилип жатат”,- деди төрага. Анын айтымында, буга ички мигранттардын кызыкчылыгы себеп. Буга чейин добуш берүүчүлөрдүн катталган жайына карап ал жакка бланкалар жөнөтүлчү. Мунун айынан шайлоо учурунда көптөгөн талаш-тартыштар жаралганы белгилүү.