Калкты каттоо жана турак жай фондунун маалыматы боюнча, өлкөдөгү жаштар санынын өсүүсү белгиленди. Учурда Кыргызстанда катталган 14төн 28 жашка чейинкилер жалпы калктын 30 пайызын түзөт. Жөнөкөйлөтүп айтканда, дээрлик ар бир үчүнчү кыргызстандык жаш болуп саналат. Ал эми 1000 аялга өлкөдө 1015 эркек туура келери да айтылды. Ведомствонун маалыматына ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эң жогорку төрөлүү көрсөткүчүнө ээ. Айрыкча 2000-жылдан бери туруктуу түрдө төрөлүүнүн өсүүсү байкалып келет.
Маалымат үчүн: Кыргызстандын жалпы калкынын саны – 5 миллион 363 миң адам.