Дүйнөгө таанымал “Форбс” басылмасы андан кем эмес Борбордук Азияга белгилүү “Дордой” базары жөнүндө жазып чыкты. Басылма базарды “челноктун акыркы турагы” деп атаган. “Орусиядагы Черкизов базарынан аянты боюнча 34 гектарга чоң, тактап айтканда, “Дордой” 100 гектардай аянтты ээлейт”,- деп жазган.
“Дордойдо” 10 миңге жакын контейнер, 40 миңден ашуун соода түйүндөрү бар. Товардын жалпы айлануусу айына 330 миллион долларды, ал эми бир жыл ичинде 4 миллиард долларды түзөт. 2008-жылы болуп өткөн каржылык каатчылыкка чейин бир жылдык айлануу 7 миллиард долларга чейин бааланып турганын белгилешет. Товардын дээрлик 90 пайызы коңшу Кытайдан ташылып, кийин бул жактан Орусия менен Казакстанга тарайт.