КЕЛДИБЕКОВ БАЛИГЕ БАРАМ ДЕП БАЛЭЭГЕ КАЛДЫБЫ?

Коомдун назарында ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков менен кеткен делегациянын Түштүк Чыгыш Азияга барган сапары. Ага бюджеттен 10 миллион сомдон ашуун акча кеткендиги айтылууда.

“Спикер Ахматбек Келдибеков Малайзия жана Индонезияга “Кыргызстан” авиакомпаниясынын учагы менен 40 депутатты учкаштырып, Бали аралына бир аптага чардаганы кетти” деген сөз дуу эле тарады.
ЖКнын делегациясы 10-17-июль күндөрү расмий сапары менен Малайзия жана Индонезияга кетишкен. Жөнөкөй каттам менен эмес, литердик каттамды, башкача айтканда, аларды гана ташуучу атайын учакты жалдашыптыр. Ал эми Президент Роза Отунбаева чет мамлекеттерге барган көпчүлүк сапарларында катардагы эле каттам менен учуп жүрөт. Айтмакчы, буга чейин бай деп айтылган Малайзиянын спикери деле 5-6 депутаты менен эч кандай учакты өзүнчө ээлебей, жөнөкөй каттам менен келип кеткен.
Экинчиден, «депутаттардын саны – 40 эмес, 15»,- деди ЖКнын басма сөз кызматы. Бирок бул эч нерсени өзгөртпөйт. Эмне үчүн депутаттарды өзүнөн көп коштоочу ээрчип алган? Анын ичинде Ахматбек Келдибековдун жубайы жана дарыгери да бар. Интернет сайттарда буга байланыштуу: “Бала-чакасын, тууган-туушкандарын, ит-мышыгын деле ээрчитип алса болмок экен”,- дешүүдө.
Үчүнчүдөн, эмне үчүн депутаттар эс алуу учурунда расмий сапарга барышат? Алардын иши мыйзам чыгаруу эмеспи? Анда өкмөт эмне кылып отурат?
Бали аралы боюнча айтсак, ал жерге конуп кетүү сунушу болуптур. Элдин камын ойлогон биздин депутаттар каражатты үнөмдөйлү деп баш тартышкан. Буга “оп, бали” дейли. Тилекке каршы, бул актануу да жарабайт. Бали бир арал, ал эми алар барган мамлекеттин өзү курорттук зонага кирет. Экзотикалык мамлекетке жөнөшөрдө эле депутаттардын «дүңүнөн» жөнөп бергени кызык баарынан.
Өткөндө “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев «Роза Отунбаева айылчылаганын токтотсун» деген болчу. Эми башкы “ата мекенчи” кесиптештерине кандай сын айтар болду экен?
Кезектеги депутаттардын акылга сыйбаган жоругун эл кандай кабыл алат? “Делегациянын курамын кыскартып, катардагы каттам менен учса болот беле?” деген суроолор алар келгенден кийин нөшөрдөй жааса керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
Арина
2011-07-20 17:16:50
Бир жылы биз ХИПКке киребиз дегенде атайын эксперттер келишиптир Кыргызстанга. Караса баары эле 100 миң доллар турган ЖИПтерде чалкалайт, кечинде казы-карта дегендей... Анан эксперттер айтышыптыр: "Кайсы арыңарга ХИПКке киргени жатасыңар? Уялсаңар боло",- деген тура.
0
saya4ka
2011-07-20 19:10:04
Чынын айтсам мага бир дагы жаккан жок кылгандары. Жинди келтиришет ушунтип. айылчы дегн сөз туура айтылган, бирок жалгыз президент эле эмес, бул сөз баардык чоңдорубузга жарашат.
0
FORCE
2011-07-20 23:49:39
Булардын баарын Отунбаеваны баш кылып соттош керек таза айкын сот менен.
0
andormeda
2011-07-21 12:24:36
Эс алсын да, чарчады да)))
0
ХАНЗАДА
2011-07-21 14:13:10
"Литердик самолеттун акчасын жеке ишкерлер толошту. Анан анча-мынча казынадан да кетти акча" дептир. Келдибековго 10 миллион сом анча-мынча деген маанини билдирет экен. Баса, аялын эмнеге кошо ээрчитип кетти дегенге "коллегам ал жакка жубайы менен келген экен, мен да ала бардым, протоколдо ошентип жазылыптыр" деп актанды Акмат бай.
0
elya2404
2011-07-21 22:27:21
200 000$ сарпташып келишиптир. сом менен 9 000 000 сом! Элдин казынасындагы акчаны кичине уномдоп колдонушса болмок экен, чача беришпей. И так олкобуз кыйналып турганда. Же ошол сапарында бир нерсени кыйратып келишсе, мейли эле. Вообще булар туура эмес кылган, ар бир партиядан бирден-экиден депутат барса болмок! А чакырган тарап бардык кеткен чыгымдарды оздору толоп берсе, хоть дарыгер эмес, уй жумушчуларын ала кетишсин!
0
samarakan
2011-07-22 12:05:04
Бир айтасынарбы,эки айтасынарбы буларга баари бир.Озулорунун ойунда булар бир тоону антарышып,туура иш кылып жатышат.
0
tashdobo
2011-07-22 15:28:17
ee bul atka minerler ka4an bir nerseni kiyratti ele. otkondo bizdin ukuk korgo4ular amerikaga kirgizstandan bargan jetim baldardin abali menen taniwkani bariwip, birok abaldarin taaniwmak turgay ameikanin beker bergen ak4asi menen dukondon dukongo kidirip,oozdoru a4ilip birin4i jolu korup jatkanday bolup barip kaytiwti,ozdorun kolhoz ekendikterin korsotuwup. Emi alar KG'ga kelip aliwip toodoy iw kilip keldik dep maktaniwat ta e? anan dagi biz ukuk korgoybuz dewet uyalbay!!!!!!!
0
kyrgyzajym
2011-07-22 16:42:34
Ej bul Ajbanizm!
Keldibek- AKMAKbekov ekensin!
Urdum silerdi
0
nurjigit
2011-07-22 19:51:17
Молодоестер да, эптеген экини жейт, жей бергиле колунардан келгенче,.... ниетибизге жараша болот да баары,..
эшегине жараша кашеги, эмнесине жараша тушагы дечу эле???????
0
Debi
2011-07-23 20:05:47
Кимдин ким экени ушинтип эле билинмек.
0
sejin
2011-07-24 04:39:52
turmodo otura turgan kishiler el bashkaryp jurushot ne degen shumduk bular jyrgatpai kaaldy go kyrgyzdy ashata ele sogoiun deisin
0
sejin
2011-07-24 04:46:03
120 deputatka karaganda 1 migrant erdik kylyp jatat azyrky kundo aiyrmasy myndai 1 migrant 1 uui-bulonu bagat bular bolso eldi tonoit. emi chynynda elbagaar kim? elsataar kim?
0
Ismanov
2011-07-24 13:47:08
Мына сага парламенттик башкаруу эн сонун, ушуга окшогон кыныр иштери заматта билинип эл талдай баштайт. Ал эми эгер президенттик башкаруу болсо ушуга окшогондор комускодо калмак.ОШОНУ УЧУН КЫРГЫЗ ЭЛИМ ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУГА ОТОБУЗ ДЕГЕНДЕРДИ КОЛДОБОГУЛА!!!!
0
Ismanov
2011-07-24 13:55:44
Парламенттик башкаруу эн сонун, ушуга окшогон кыныр иштери заматта ачыкка чыгат. Эгер президенттик башкаруу болсо мындай кылык жооруктары комускодо калмак. Ошону учун Кыргыз Элим шайлоодо президенттик башкарууну колдогон кандидаттарды Колдобогула!...
0
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан