Мээ кайнаткан ысык баарыбыздын маселебизге айланып турат эмеспи. Бишкектин тургундарынын абалын жакшы түшүнүү менен, бул жолу бассейндер тууралуу макаланы сунуштоону туура таптык.
ТАРЫХЫНАН
Керемет жашоонун маңызын издеген байыркы Римдин тургундары бассейнди биринчилерден болуп ойлоп табышкан. Бирок мындай ырахат ошол доордун эң бай адамдарына гана тиешелүү болуп, алар дайыма сууга роза гүлүнүн желекчелерин таштап коюп түшүшкөн. Кийинчерээк Италияда жашыл чөптөр менен кооздолгон бассейндер пайда боло баштаган. Ал эми көпчүлүккө арналган акы төлөнүүчү бассейндер Германиянын Бремен шаарында алгач пайда болуп, фонтандар менен коштолуп турган.
ПАЙДАСЫ
Бассейнге түшүү, биринчиден, күндүн ысыгынан коргонуунун айласы. Экинчиден, салмактан арылууну каалагандарга да жардам берет. Сууда сүзүү көп кыймыл талап кылгандыктан, энергия сарпталып, арыктоого алып келет, андан тышкары организмде зат алмашуу жакшырат. Ошондой эле психикалык жактан чарчоону заматта калыптандырса, физикалык жактан жараат алгандар болсо, булчуңдардын тез-тез кыймылдап турушу менен жараат бат айыгат.
БАССЕЙНГЕ ЭМНЕЛЕРДИ АЛЫП БАРУУ КЕРЕК?
БАССЕЙНГЕ ТҮШҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ
ЖАНА ДА...
Бишкек шаарында эс алып сууга түшүү үчүн бассейндерден тышкары "ГЭС-5", "Комсомол", "Пионер" көлмөлөрү бар.
Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg
БИШКЕКТЕГИ БАССЕЙНДЕР МЕНЕН КӨЛМӨЛӨРДҮН АБАЛЫ СИЗДИ КАНААТТАНДЫРАБЫ?
Калыбек Базарбаев,
жеке ишкер:
– Көлмөлөргө бир-эки жолу эле баргам. Таза эмес экен. Ошондуктан бассейнге эле бара турган болдум. Баалары абалына жараша болот. Баасы арзан бассейндер санитардык талапка толук жооп бербейт. Ал эми баасы кымбат бассейндердин абалы талаптагыдай.
Аваза Абдрасулова,
үй кожойкеси:
– Жакында көлмөлөрдүн бирине түшүп келели деп барып алып, түшпөй кайра келдик. Себеби мурдагы союз кезиндегидей таза болбой калыптыр. Суунун үстү таштандыларга толуп кетиптир. Тиешелүү тараптар көңүл буруп тазалап турушса жакшы болмок.
Дүйшөн Даулеткулов,
таксист:
– Учурда ал жактарга барганга убакыт жок. Жылына бир жолу Ысык-Көлгө эле барып эс алып келем. Ал эми бул жактагы сууга түшүүчү жайлар санитардык талаптарга жооп бербейт. Бир жолу “ГЭС-5” деген көлмөгө барсак, суусу кир, тегерек-чети булганч экен.
Талгарт Балкыбеков,
милиция кызматкери:
– Көлмөлөр, чындыгында, санитардык талапка жооп бербейт. Ал эми бассейндер көлмөлөргө салыштырмалуу тазараак, бирок баасын арзандатышса жакшы болмок. Бош болуп калган кездерде бассейнге барып эс алып келем.
Нурзада Черикбаева,
экономист:
– Көлмөлөрдө тазалык болбогондуктан, ал жакка түшүүдөн корком. Ар кандай ооруларды жугузуп алышың мүмкүн. Ал эми бассейндердин абалы көлмөлөргө караганда бир топ жакшы. Убакытым болуп калганда бассейнге барып калам.
Азис Курбанов,
айдоочу:
– Канааттандырбайт. Ал жайлар каралбай калды. Тазалык жок. Өзүм “Тез жардам” кызматында айдоочумун. Андыктан аталган жайларга барып, ичеги-карын ооруларына кабылып, ооруп калгандарды ооруканага көп эле ташып калам.
Кубаныч Сыдыков