Бул айым гезитибизге берген бир маегинде “үйгө кирип аялдын, сыртка чыгып эркектин жумушун кылам” деп айткан эле. Дал ошол күчтүү айым, эстрадабыздын чолпон жылдызы Динара Акулова түз байланышка чыгып, окурмандардын жана www.super.kg сайтынын колдонуучулары калтырган суроолорго жооп берди.
Мээрим, 16 жашта, Ош шаары:
– Саламатсызбы, Динара эже? Сизге суроом: Жакында өлкөбүздө дагы бир чоң саясий өзгөрүү болгону турат. Президенттикке ким татыктуу деп эсептейсиз?
Динара Акулова:
– Мм-мм... Мен саясатка анча кызыга бербейм. Эл өзү тандаган адам болсо жакшы болор эле.
Майрам, 32 жашта, Балыкчы шаары:
– Тойлордогу “ставкаңыз” канча?
– Сүйлөшкөнүбүзгө жараша болот. Кээде жакшы санаалаштардын тойлоруна бекер ырдап деле берем.
– Ырчылар мамлекетке салык төлөшөбү? Эгер төлөшсө, канча өлчөмдө?
– Концерт бергенде сөзсүз төлөйбүз. Ал эми суммасы концерттин өтүшүнө карата болот. Мисалы, концерттин канча убакыт созулганынан тартып, канча эл келгенине чейин каралып, ошого жараша төлөнөт.
Айдана, 11 жашта, Токтогул району:
– Үч сөз менен өзүңүздү мактап бериңизчи?
Динара Акулова:
– Сүйүктүү элимдин ырчысымын.
Кубаныч, 25 жашта, Бишкек шаары:
– Сизди казинолорго көп барат деп уккам. Мунун канчалык чындыгы бар?
Динара Акулова:
– Менби?! Казиного барат бекенмин? Ал жакка өмүрүмдө бир эле жолу баргам, Ош тарапта шайлоо менен жүргөнүмдө. Анда да сахналаштарым, Бек өңдүү бир топ таланттар чогуу киргенбиз. Бирок кирип, кайра эле чыккандай болгом. Негизи, мен казино дегенге таптакыр кызыкпайм.
Гүлниза, 40 жашта, Бишкек шаары:
– Динара эже, спирт ичимдиктерин ичүүгө кандай карайсыз? Сизди ичкиликке жакын деп уккам. Бирок мен буга анча ишене бербейм.
– Эгер мен ичкилик ичсем, күнү-түнү машина айдап жүрбөйт элем да. Мурда “Динара” тобумда жалаң жаш балдар иштечү эмес беле. Ошондо бизде “сухой” деген мыйзам иштечү. Негизи, көп ичкен адамдарды жактыра бербейм.
Нургүл, 27 жашта, Кара-Балта шаары:
– “Динара Акулова жаш жигиттерге тийише берет” деген кептерди байма-бай угуп келем. Чын эле ошондойсузбу?
– Кыргызда жакшы сөз бар “жалгыз бой адамга чөп да, ит да жабышат” деген. Мен жаш жигиттер менен иштешем. Азыр продюсерлер, композиторлордун баары жаш муундан. Кыскасы, жумушум жаш балдар менен байланыштуу. Эми алар канча жашта, мен канчадамын? Керек болсо менин ошол балдар менен тең күйөө балам бар. Жогоруда айтылган сөздөр көрө албастардын чыгарганы деп 100 пайыз ишенсеңиздер болот.
– Жеке стилистиңиз барбы?
– Албетте, бар. Мисалы, Барапбаева Ольга, Стогова Ольга, Мадина аттуу айымдар менен иштешип келем.
– Өзүңүздү жаш курагыңызга ылайыктуу кийинем деп эсептейсизби?
– Биз, сахна адамдары кандай кийинсек да жараша берет.
Айдай, 20 жашта, Бишкек шаары:
– Канча өлкөнү кыдырып чыктыңыз?
Динара Акулова:
– Чынында, санабаптырмын. Көп эле өлкөлөргө баргам. Акыркы жолу АКШнын штаттарын кыдырдым.
– Малика кайсы бир телеканалга түз эфирге чыкканда кыргызча сүйлөй албай уят болду. Чын эле кыргызча сүйлөгөндү билбейби?
– Сиз айтып жаткан түз эфирге чыкканда абдан шашып жаткан болчу, бул бир чети. Экинчиден, кызым орус тилдүү бала бакчага барган, анан мектептен да орусча окугандыктан кыйналып, кичине катачылыктарды кетирди окшойт.
Жандос, 19 жашта, Бишкек шаары:
– Акыркы учурда эмнеге көрүнбөй кеттиңиз? Качан концерт бересиз?
– Ооба, көптөн бери чоң концерт бере элекмин. Ошондуктанбы, “көрүнбөй кеттиң” деген сөздү көп угуудамын. Быйыл күз айларында концерт берсемби деп пландап жаткам. Бирок шайлоо болуп калат экен. Буюрса, шайлоодон кийин берем.
Айка, 16 жашта, Бишкек шаары:
– Бул жашоодо жетишкендигим деп эмнени айта аласыз?
Динара Акулова:
– Эне болдум. Чыгармачылыгым менен элге таанылдым.
Бактыгүл, 43 жашта, Каракол шаары:
– Эгер эркек балалуу болсоңуз, кайсы кесипке окутат элеңиз?
Динара Акулова:
– Эркек балалуу болсом кана?!
Чолпон, 21 жашта, Бишкек шаары:
– «Жеңишбек Мамбеталиев деген киши менен мамилеси ысык» деп уктум. Чын элеби?
Динара Акулова:
– Сиз айткан адам менен чыгармачылык чөйрөдө гана байланышым бар.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg