ТҮЛКҮГӨ АЛДАНГАН КАРЫШКЫР

Жомоктор дүйнөсүндө

(Башы өткөн санда)

Мына ошол учурда анын сөзүн угуп отурган түлкү кокусунан эле ыйлай баштайт. Карышкыр «менден утулуп калганына ыйлап жатса керек» деп өзүн күнөөлүү сезип:
– Түкө, мейли анда, экиге бөлүп жейли. Экөөлөп көтөрүп чыкпадыкпы,- дейт.
Анда түлкү көзүнүн жашын сүртүп:
– Жок, сен туура эмес түшүнүп жатасың. Сен кичине кезиңдегилерди айтып жатсаң, мен өзүмдүн балдарым жөнүндө эстеп кеттим. Алар дагы ушул биз отурган тоо дөңсөө кезинде ушул жакка келип ойношчу. Кичинекейлерим сага окшоп сууга түшүп, жашынмак ойногону достору менен кетип калышчу эле.
Бир күнү мен аларга тамак алып келгени кеткем. Кайра кайтып келсем, мергенчи үйүмдү таап алып, балдарымды алып кетип калыптыр. Эгер балдарым азыр жанымда болгондо алар мага тамак таап беришмек,- деп капаланымыш болуп, боздоп ыйлап калат.
Анын айткандарын уккан ишенчээк карышкыр:
– Ой, мени кечириңиз! Эгер сиздин балдарыңыз мени менен чогуу ойношсо, анда сиз менин ата-энем менен тең турбайсызбы. Мен ата-энем менен теңдерди «ата-апа» деп сыйлап келем. Ошондуктан бул куйрукту сиз жалгыз жей бериңиз. Мен башка тамак таап тамактанайын,- деп түлкү менен коштошуп, жолуна түшөт.
Ошентип, ыйламыш болгон куу түлкү карышкырды калп ыйы менен алдап коёт. Анын карааны узаары менен көзүнүн жашын сүртүп, каткыра күлүп алат да, ишке киришет. Карышкырга көтөртүп келген куйрукту жалгыз аймап жеп, аябай тойгон экен.

(Аягы)

Салтанат Мукасова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurul
2011-07-27 19:23:14
shumshuk tulku dese:)
0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан