«ЭЛ КАЙДА КӨЧӨТ» БУТЕРБРОДУ

Өзүң жаса

Керектелүүчү азыктар:

  • Нан
  • Сыр
  • Колбаса
  • Каймак
  • Зайтун (оливка) мөмөлөрү

Жасоо ыкмасы:

  1. Нанды тилимдерге кесип алабыз.
  2. Нанга каймак сыйпап, үстүнө сырдын бир тилимин коёбуз.
  3. Эми колбасанын бир тилимин алып, сүрөттөгүдөй кылып кооздоо керек.
  4. Колбасаны да нандын үстүнө коюп, эл кайда көчөттүн башын жана буттарын зайтундун мөмөсүнөн жасайбыз.

“Эл кайда көчөт” бутерброду даяр болду. Тамагыңар даамдуу болсун!


УЧКУЛ СӨЗДӨР

  • Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
  • Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
  • Аркандын узуну жакшы, сөздүн кыскасы жакшы.
  • Баш – акыл үчүн, акылман – эл үчүн.
  • Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
  • Бирөөгө күлсөң, өзүң ыйлайсың.
  • Досуң миң болсо да аздык кылат,
  • Душманың бирөө болсо да көптүк кылат.

ЭКИ ОКШОШ СҮРӨТТҮ ТАП

Салтанат Мукасова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
DilyaKiev
2011-07-28 02:20:07
1 менен 4 окшош
0
saya4ka
2011-07-28 09:47:28
азаматсың Диля! мен эле таптым экен десе... ха-ха-ха. Экөөбүз тапкан турбайбызбы.
0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан