ШАКИРА

КИЧИНЕКЕЙ ШАКИ ЖАНА ТАЛАНТ
Шакира 1977-жылы Колумбиянын Барранкиль шаарында төрөл­гөн. Атасы Уильям Меберактын улуту араб, кесиби жазуучу. Ал эми апасы Нидия Риполлинин жердиги колумбиялык. Шаки апасынын жалгыз кызы, ал эми атасынын биринчи никесинен 7 баласы бар. Шакиранын таланты бала кезинен эле байкала баштаган. Бир жарым жашында алфавитти толук билип, үч жашында китеп окуганды үйрөнгөн. Ал эми төрт жашында мектепке барганга толук даяр болгону менен жашынын жетпегенине байланыштуу кабыл алынган эмес. Жашы 5ке толгондо ата-энеси атайын адистерди чакыртып экзамен алууну өтү­нүш­көн. Жүргүзүлгөн экзамендин на­тыйжасында Шакира “вундеркинд” деп табылган. Кичине кезинен сүрөт тартууга, ыр жазууга болгон кызыгуусун байкаган апасы Шакини сүрөтчү же атасынын жолун жолдоп жазуучу болот деп ойлогон. Бирок, 1-классынан Шакиранын бийге жөндөмдүүлүгү өзгөчө байкала баштайт.

БИЙЧИЛИК ӨНӨРДҮН БАШАТЫ
Бир күнү кечинде атасы кызын ээрчитип чыгыш ресторандардын бирине алпарат. Ал жерден кичинекей Шаки чыгыш бийин бийлеген кызды көрөт. Табигый туюму менен ал чыгыш бийин мындан да жакшы аткара алаарына көзү жетет. Ошондон тартып көп машыгууга өтөт да, акыры чыгыш бийин профессионалдуу бийлеп, көпчүлүктү таңкалдыра баштайт. Эми ата-энеси кызынын окуусун четке коюп, анын бий карьерасына чындап киришишет. Бардык жергиликтүү бий конкурстарынан биринчиликти бербей келген Шакира 8 жашка толгондо анын дагы бир таланты ачылат. Эми ал ырдап да чыга баштайт. Алгач “Сенин кызгылтым көз айнегиң” аттуу ыры сахнадагы алгачкы ыры болуп калат. Ошентип, Шакира сахнаны да багындыра баштайт.

КАРЬЕРАНЫН БАШТАЛЫШЫ
Таланты ташкындаган секелек кыз 13 жашында Sony Music компаниясы менен өзүнүн альбомун чыгаруу жө­нүндө келишим түзөт. Ошол эле жы­лы анын “Магия” аттуу биринчи альбому жарык көрөт. Аябагандай ийгиликтүү болгон альбому жаш кызды бүткүл Колумбияга таанытат. Шакира 14 жашында өлкөсүндөгү атактуу ыр­чыга айланып чыга келет. Ошол жы­лы “Eres” деген ыры менен “Винья дель Мар” аттуу фестивалга катышып, күмүш сыйлыкка татыйт.
Ал эми ырчынын экинчи чыккан “Коркунуч” аттуу альбому тескерисинче жолсуз болуп калат. Ошол себептен Шакира өз каалоосу менен бул альбомдун рекламасын токтоттуруп салган. Бул анын маанайына таасир тийгизип, туулган жерин, досторун таштап, апасы менен Боготу шаарына жол тартат. Шакира борборго келгенден кийин эң биринчи «Sony Music» офисине жана «TV GUIA» журналына барып, интервью берет. Бул интервьюдан кийин Шакирага «CENPRO» каналынан “Оазис”аттуу телесериалына башкы ролду ойноого сунуш түшөт.
Ошол убакта «TV GUIA» журналы “Колумбия Телевидениесинин сулуусу” деген конкурс өткөзүүгө даярдык көрүп жаткан болот. Шакира өзүн сынап көрмөккө талапкер кыздардын катарына кошулат. Конкурс үчүн атайын фотосессия болгон. Шакиранын конкурс үчүн тартылган сүрөттөрү башка өлкөлөргө да таратылган. Өзүнүн келбеттүү мүчөсү, сулуу жүзүнө ишенген ырчы бул журнал аркылуу популярдуулугун өстүрүүгө жетишкен.

ДҮЙНӨЛҮК АТАК
Альбомдорунун ийгилигинин аркасында Шакира тез эле дүйнөлүк турнеге аттанат. Жыйынтыкта анын ыр жыйнактары миллиондогон нуска менен сатылып, ырлары жергиликтүү хит-параддарда биринчи орундарды ээ­лейт. Колумбиялык гезит-журналдар тарабынан Шакирага “Жыл айымы” жана “Жыл адамы” деген наам ыйгарылат. Анткени, Шакира мынчалык алыскы өлкөлөрдү багындыра алган биринчи колумбиялык ырчы болуп табылат. Бул наамды алгандан кийин миңдеген күйөрмандары Шакиранын кийинки альбомун күтүп калышат. Бирок, ырчы жаңы альбом жаратууга даяр эмес эле. Себеби, ал бир аэропорттон ырлары жазылган дептерин уурдатып алат. Күйөрмандарынын кө­ңү­лүн калтыруудан корккон ырчы продюсери Эмилио Эстафен менен жаңы альбом жаратууга киришет. Көп өтпөй “Уурулар кайда” деген альбому жарыкка чыгып, ырчыга чоң ийгиликтерди тартуулайт. 2000-жылы Шакира Америкага көчүп келет. 10 миллиондогон дисктери сатылып, миллиондогон элдин оозуна алынганы менен Шакираны чыныгы жылдыз кылып тааныткан альбому 2001-жылы жарык көрөт. Ал “Кир жуучу жайдын тейлөөсү” (Laundry Service) аттуу альбому эле. Бул альбомдун ичиндеги тогуз ыры англис, төрт ыры испан тилинде жазылган. Альбомдогу “Качандыр бир” (Whenever, whenever) аттуу ыры өзгөчө мыкты аткарылып, ырчыны дүйнөгө таанытат. Ырга жарашыктуу клип дагы тартылган. Бул клипте Шакира өзүнүн бийлөө талантын жакшы көрсөтө алат. Бул ыры дүйнө жүзүндөгү 1-орундагы хит болуп аталган. 2002-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин Шакира дүйнөнү кыдырып концерт коюп, популярдуулугун жоготпой келет.

СҮЙҮҮСҮ
Шакира тун сүйүүсүн өзүнүн коңшусу Оскар Прадо деген балага арнаган. Шаки келечекте профессионалдуу ырчы болуу тилегин эң биринчи Оскарга айткан. Ал эми бой жеткен соң, чыныгы сү­йүүсүн Аргентинанын экс-президентинин баласы Антонио де ла Руага арнаган. Эки жаш 2001-жылы үйлөнүү тууралуу макулдашып коюшканы менен ал тилектерин ишке ашырыша элек. Эл арасында Антонио Шакиранын тапкан акчасы менен жашайт деген сөздөр айтылып келет. Ошентсе да 29 жаштагы Антонио сүйүктүүсүнүн чыгармачылыгын колдоп “Ич кийимиңдин ичинде” деген ырын тажабастан угат. Анткени, Антонио сүйгө­нүнүн бул ырынын клипине өзү тартылган.

НААМДАРЫ ЖАНА СЫЙЛЫКТАРЫ

  • Шакира Колумбия Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Латын Американын мыкты ырчысы, Колумбиянын кылым артисти, “Миллениум артисти” наамдарынын ээси.
  • Колумбиянын абройлуу «Алтын жылдыз», «Күмүш факель» сыйлыктарынын ээси.

АКЫРКЫ МААЛЫМАТТАР

  • Учурда Шакира дүйнөлүк турнеде жүргөн мезгили. Испания жана Германияда концерттери ийгиликтүү өттү. Ушул жылдын 22-июлунда Шакира Москва шаарында концерт берет. Ошондой эле анын акыркы “Hips Dont Lie” деген ыры дүйнө радиолорунда хит болуп, алдыңкы орундарды багындырып жаткан учуру.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-08 16:09:14
жакшы ырчы
0
№ 192, 7-13-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан