МОСКВАЛЫК ФОРУМЧУЛАР ЖОЛУГУШТУ

Суперстандыктар ар убак активдүүлүгүн көрсөтүшүп, ар кыл акцияларды уюштуруп келишет. Бул ирет биздин Москвадагы активисттерибиз кезектеги жолугушууну уюштурушту.

КОМУЗ КҮҮСҮНҮН КОШТООСУНДА ШИШКЕБЕК ЖЕП...
26-июнга белгиленген бул жолугушуунун демилгечиси болуп Barika (Бааргүл Жаныбек кызы) деген ник менен катталган колдонуучу чыкты. Москвадагы кездешүү жөнүндө теманы москвалыктар күтүп эле турган белем, Бааргүлдүн демилгесин жерге таштабай, колдоп беришти. Ал эми кечеге баруучулардын тизмесине катталуучулар четинен чыга баштады.
Ошентип, белгиленген күнү, белгиленген жайда кездешкен суперстандыктар алгач эртең менен кафеге барышкан. Бул жагын да алдын ала ойлонуштуруп алышса керек, айтор, улуттук колоритте жасалгаланган кафе тандап алышыптыр. Муну менен колдонуучулар мекенге болгон сагынычын дагы бир ирет далилдегилери келген окшойт. Кафеден соң көңүлдүү маанайда бардыгы токойго барып, шишкебек жасап, топ ойноп, жайыл дасторкон үстүндө ыр ырдап, тамашаларды айтып, болушунча чер жазып жыргашты. Ал эми форумда Narynbek деп таанылган Нарынбек Эрматов колуна кармай барган комузун чертип, форумчулардын өз жерине болгон сагынычын бир аз да болсо таркатты деп ойлойбуз. Баш-аягы 14 колдонуучу чогулуп, бири-бири менен таанышып, форумдагы достук мамилесин арттырып, жашоодогу мыкты досторго айланышарына күмөнүбүз жок. Анткени мындай жолугушуулардын максаты – ар дайым колдонуучулар арасындагы ынтымакты жогорулатуу болуп эсептелет эмеспи. Кеченин соңунда шишкебекке тойгон суперстандыктар кино көрүп, андан соң үйлөрүнө бет алышкан.

КАЙРАДАН ЖОЛУГУШУУ
Жогорудагы айтылган жолугушуудан дем-күч алышса керек же баарлашуу баарына жакса керек. Анткени биринчи жолугушуудан 2 апта узап, тактап айтканда, 9-июлда Москвадагы суперстандык активисттер кайрадан жүздөшүп, көңүл ачып кайткандыгы тууралуу кабарыбыз бар.
Эскерте кетсек, өткөн жылы, жайдын аптабында “Супер-Инфо” атайын Москвадагы форумчулары менен кезигип, баарлашуу үчүн барып, жагымдуу эмоциялар менен келген. Мындай жолугушууну суперстандын колдонуучулары өз алдынча уюштуруп, кезигишкени бизди, албетте, кубандырбай койбойт.
Эмне демекчибиз, ынтымагыңар бекемдей берсин. Ушундай жолугушуулар көп болуп, саныңар күндөн күнгө өссүн!

Мирана Мамырбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
burana
2011-07-25 19:55:13
оооо супер инфо!сиздерге таазим.биз абдан кубанычтабыз.жолугушу озу эле керемет экен да.а супердин бетине бажырайып чыксан жашоо керемет ошо экенда
0
Evelet
2011-07-25 21:08:49
moldocy uwintip joluguwup turgula bat bat
0
ilgiz
2011-07-25 21:13:42
А Москвада эмеестерчи((((
0
timurkg
2011-07-26 00:47:46
супер биз меен арта калбай!!!!
0
jigitt
2011-07-26 01:10:31
Азаматар аябай жыргадынарбы чорт мен баралбай калдымдааа
0
Аида
2011-07-26 10:59:48
Бизди деле чакырып койсонор болмок капа болдум(тамаша)азаматтар.
0
abyl
2011-07-26 18:56:50
мен билгенде бармакмын каап кеч калам качан болсо
0
Sezy
2011-07-27 09:07:07
Молодцы ! Биз деле жолукпайлыбы Америкадагы форумчулар
0
Juliana
2011-07-28 03:36:40
Amerikanyn Chicago shtatynda je NY shtatynda joluksak jakshy bolmok,
0
abdibaky
2011-07-28 15:36:42
juliana chikagodo zholukula alzhakta menin baikem bar mendagy silerdi super infodon zholuguushunardy koroyun
0
solomon3dark
2011-07-30 11:23:22
Эээй бизчи? Биз калып кетиптирбизго, бизге да кабар берип койгулачы! ЦАО добуз!Эээй бизчи? Биз калып кетиптирбизго, бизге да кабар берип койгулачы! ЦАО добуз!
0
Arstan
2011-07-30 14:08:05
Оо экинчи жолу гезитке чыктым рахмат СУПЕР ИНФО.


Жолугушуу соонун болду,дагы жолуккум келтат достор менен .
0
elya2404
2011-07-30 19:51:22
Молодцы!
0
Zamira
2011-07-31 23:27:00
Азаматсынар!!!
0
jass00
2013-07-24 16:04:28
мен деле бармакмын,билбей калыпмын
0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан