ТАЛАССОТЕРАПИЯ – ДЕҢИЗ МЕНЕН ДАРЫЛОО

ТАРЫХЫНАН
Талассотерапия – грек сөзү. Бизче “thalassa” – “деңиз”, “therapeia” – “дарылоо” дегенди билгизет. Талассотерапия – бир убакта эле деңиз факторлорун: деңиз климатын, сууну, деңиз өсүмдүктөрүн, ылайды, кумду дарылык максатта пайдалануу.
Деңиз менен дарылоо байыртадан белгилүү болсо да, XVIII кылымда гана расмий дарылоо түрү катары кабыл алынган. Алгачкы колдонуучулар болуп англиялык дарыгерлер эсептелишет. Алар өздөрүнүн пациенттерине деңиз суусу бар ваннаны кабыл алууну сунуштай башташкан. Кийинчерээк мындай ыкманы француздар колдонууга өтүшкөн. Ошентип, башка өлкөлөргө акырындап жайыла баштаган.

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
Биздин организмдеги керектүү элементтердин запасы стресс, начар тамактануу, айлана-чөйрөнүн булганышынан улам азайып отурат. Ал эми талассотерапия организмдеги магний, калий, йод, кальций, деги койчу, бардыгы болуп 53 элементтин запасын толуктай алат.
Деңиздин абасынын курамында озон, йод, деңиз тузу көп болгондуктан, дем алуу жолдорунун жана тери ооруларын, ошондой эле суукка урунуудан келип чыккан ооруларды айыктырууда салымы чоң. Жалпысынан деңиздин климаты, суусу тери, дем алуу жолдорунун жана нерв системасынын, сөөк-булчуң системасынын ооруларын айыктырууда пайдаланылат.
Эгер деңиз суусун ысытып, анан ванна катары кабыл алса, натыйжасы өтө жогору болот.

БИЗДЕ ТАЛАССОТЕРАПИЯ БАРБЫ?
Бар. Кыргызстандагы Ысык-Көл суусунун курамы, климаты бардык жагынан талассотерапиянын кызматын аткара алат.
Көлдүн суусунун иондору (суунун электрдик заряддалган бөлүктөрү) адамдын териси аркылуу организмге кирип, кандын курамына оң таасирин тийгизет. Тери аркылуу өзгөчө кальций өтө алат. Ал сөөктүн бекем болушу үчүн эң керектүү элемент болуп эсептелет. Андыктан остеопороздо (сөөктүн борпоңдугу оорусу) талассотерапия
башкы дарылоо ыкмасы катары кала алат.
Негизи, көлдүн дары баткагы, суусу, климаты биригип псориаз, дерматит, экзема, бронхит, астма, булчуң атрофиясы (булчуңдун кичирейип кетүү оорусу), остеохондроз, гайморит, богок сыяктуу ооруларды айыктырууда колдонулат. Ал эми шамал, күн нуру организмди жалпы чыңдоого салым кошот. Жөн гана деңиз же көл жээгинде эс алуу активдүү болсо жакшы. Мисалы, эртең менен чуркоо.
Сууга түшпөй жээкте күн нурунун астында сейилдеп басуу эле иммунитетти көтөрүп, зат алмашууну жакшырта аларын айта кетели.

SPA САЛОНДОРУ
Учурда деңиз суусу менен дарылык ванна бардык өлкөлөрдөгү SPA салондорунда кеңири колдонулат.
“SPA” – гректин “sanatio per aqua” (“суу аркылуу дарылоо”) деген сөзүнүн баш тамгаларынан алынып, кыскартылышы. Бул жаатындагы алгачкы клиника 1899-жылы Британияда ачылган. Анда деңиз суусу менен ысытылган деңиз баткагына деңиз өсүмдүктөрүн салып колдонушчу.
Учурда SPA салондорунда дарылык жаатындагы бир нече ыкмалар колдонулат: атайын бассейнде гидромассаж жасоо (деңиз суусу менен), деңиз суусу менен душ кабыл алуу, пилинг (терини тазалоо), деңиз өсүмдүктөрүн денеге ороо, суу гимнастикасы. Айта кетсек, деңиз өсүмдүгү болгон ламинария терини жумшартып, жылмакай кылат. Денеде чогулган ашыкча суюктуктарды чыгарып, кан жана зат алмашууну жакшыртат.

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?
Талассотерапия өнөкөт оорусу курчуп тургандарга, жүрөк-кан тамыр ооруларынан көп жабыркагандарга, талма оорусу барларга болбойт.

КЫЗЫКТУУ

  • Гиппократ балыкчалардын балык уулоодон улам тытылган, кесилген колдору жара болбой, ириңдебей айыга тургандыгын байкап, изилдеген. Анан “көрсө, деңиз суусу дарылык касиетке ээ экен” деп айткан.
  • Байыркы гректер деңиз суусунун касиетин жакшы билип, колдоно да алышкан.
  • Байыркы Рим императорлору бири-бири менен атаандашып, деңиз жээгинде дарылык жуунуучу жайларды (мончо сыяктуу) салышкан.


Билип ал

КӨЗ ҮЧҮН ВИТАМИНДЕР

СУУДА СҮЗҮП АРЫКТООГО БОЛОТ
Эс алуу активдүү кыймыл-аракеттери менен жакшы. Андыктан жагымдуу нерсени арыктоо менен айкалыштырууга болот. Төмөндө спорттун кайсы түрү менен 1 саат алектенип, канча калориядан арылууга болору берилди:
Тоо туризми – 420-600 калория
Сууда сүзүү – 350-600 калория (ылдамдыгына жараша)
Велосипед тебүү – 280-370 калория
Баскетбол – 240-370 калория
Бат басуу – 240-340 калорий
Жайдан басуу – 215-290 калория
Боулинг – 180-250 калория
Бильярд – 125-175 калория
Демек, жогоруда белгилүү болгондой, эң көп калориядан тоо туризми жана сууда сүзүү менен арылууга мүмкүн. Андыктан тоо туризмине кызыкпагандар көлдө, бассейнде сүзүү менен арыктай алышат.

КИНДИК – ДЕНЕНИН ЭҢ КИР БӨЛҮГҮ
АКШнын изилдөөчүлөрү денедеги эң кир бөлүк адамдын киндиги экендигин аныкташты. Изилдөөлөр киндикте эле 1400 түрлүү микробдун бар экендигин көргөздү. Алардын 662 түрүнүн көбү киндикте гана жолуга турган болсо, кээ бирлери илимде эми гана белгилүү боло баштаган микробдор. Изилдөөчүлөр 1400 түрлүү микробдун 80 пайызы адамга зыянсыз экендигин да айтышууда. Эгер адам киндигин таза жууп жүрбөсө, анда чогулган жана көбөйгөн микробдор киндикти сезгентет жана тери ооруларын пайда кылат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
19zamir87
2011-07-25 20:32:24
Совет үчүн рахмат.
Эми жуунганда киндигиме да бир көз жүгүртүп жууп коем киндик байкушту карап да койбойт экем.Микробдорду бир коркутуп койбосом.
Мен күнүнө көптөгөн км жөө басып өтөм.1 саатка 240-340 калорий жоготсоң,анда мен күнүнө көп эле калория жоготот экем.Ошон үчүн да аарыкмын!!!
0
kyrgyzajym
2011-12-18 22:10:53
Kudajym bujrusa men Jaiynda Ysyk Kolumo baryp es alyp kelem!:)
0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан