ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Кипр

ЖАРЫЛУУ ҮЧҮН ПРЕЗИДЕНТ КҮНӨӨЛҮҮ
Кипр Республикасынын Лимасол шаарында өткөн аптада жарылуу болуп өттү. Анда аскердик майдандагы жардыргыч заттар сакталган жайга жакын таштандыдан өрт чыккан эле. От уланып отуруп кампага жетип, кырсыктын айынан 13 киши көз жумду. Ошондой эле өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн электр энергия менен камсыз кылган электр станция жарактан чыкты. Учурда аралдын жашоочулары мындай кырсыктын алдын албаганы үчүн мамлекет башчыны айыпташууда. Дээрлик ар бир үчүнчү кипрлик: “Президент бийликтен кетсин же өз жазасын алсын”,- деп жатат.

АКШ

ОБАМА ДАЛАЙ-ЛАМА МЕНЕН ЖОЛУКТУ
АКШнын президенти Барак Обама Тибеттеги буддисттердин лидери Далай-лама менен жолугушуу өткөрдү. “Бул сүйлөшүү менен Тибеттин диний, маданий жана тилдик өзгөчөлүктөрүн сактоо боюнча америкалык мамлекет башчынын колдоосун түшүнүүгө болот”,- деп Ак үйдүн басма сөз кызматы кабарлады. Көп өтпөй “Бул жолугушуу – Кытайдын ички иштерине одоно киришүү катары эсептелди” деген билдирүүнү Кытайдын Тышкы иштер министрлиги таратты. Демек, эки лидердин сүйлөшүүсү эки мамлекеттин арасындагы мамиленин салкындашына таасир тийгизиши толук ыктымал. Эске салсак, Далай-ламаны Кытайда сепаратист дешип, саясий куугунтуктун айынан Индияда жашап келет.

Англия

КЫБЫРАГАН ҮЛҮЛДӨР ЖАРЫШЫ
Норфолк графчылыгында бакта жашаган үлүл­дөр­дүн жарышы боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Бул сапар алты жашар Антон көтөрүп келген дебютант-катышуучу Зумер турнирдин жеңүүчүсү деп табылып, салат жалбырагына ээ болду. Үлүлдөрдүн жарышка коюлган дистанциясы 32 сантиметрден турса, Зумер аны баарынан батыраак ашып өтүп, 3 мүнөт 23 секундада марага жеткен. Айтмакчы, жарыш күнү аба-ырайынын нымдуулугу чемпионаттын жүрүшүнө таасир кылган. Анткени эртерээк жеңишке жетүүнүн ордуна үйүн чайпалбай ташыган жаныбарлар салкында жай жүрүп отурушкан.

Казакстан

НАЗАРБАЕВ НООКАСТАП КАЛДЫБЫ?
Коңшу Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаевдин ооруп, мунун айынан Германиядагы бейтапканалардын бирине жаткырылгандыгы кабарланууда. Бирок бул маалыматка Казакстандын президенттик администрациясы түшүндүрмө бербей, аны тастыктаган да жок. Болгону, анын эс алууда экендигин билдиришкен. Ал эми «Рейтер» агенттигинин маалыматы боюнча, 71 жаштагы президент операция жасатуу үчүн кайрылып, соңунда хирургдардын кийлигишүүсү ийгиликтүү өткөн. “Учурда ал операциядан кийин организмин калыбына келтирүүчү курстардан өтүп жатат”,- деген кабарын таратты.

Өзбекстан

ШАВКАТ МИРЗЯЕВ ЖҮЗҮН АЧТЫБЫ?
Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Шавкат Мирзяев биринчи жолу телевизордо чоң план (адамдын тулку-боюн экрандан толук көрсөтүү) менен көрсөтүлдү. Анда премьер-министр Мыйзам чыгаруучу палата жана Сенаттын депутаттарынын алдында өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу өкмөттүн жыйынтыгы менен тааныштырган. Бул окуя өзбекстандык ММКлардын арасында чыныгы дүрбөлөңдү жаратты. Анткени жазылбаган эрежеге ылайык, өлкөнүн телеканалдарында президент Ислам Каримовдон башка аткаминерлерди чоң план менен көрсөтүүгө тыюу салынат. Айтмакчы, дүрбөлөңдүн демилгечиси президенттин өзү экендиги айтылууда.

Эрлан Нурманбетов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kyrqyz
2011-07-26 03:03:05
бечара улулдор
0
Prokuror
2011-07-26 10:49:06
Охооо озбектер
0
Juliana
2011-07-28 03:23:23
olsun oshol ozbekter, alar jonundo ukkum da kelbeyt
0
abai
2011-07-28 12:39:14
Juliana,
0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан