Былтыркы жылдын июль айында Москвадагы кыргыз кызынын өлүмү коомчулукту шок кылган эле. Москвага болгон сапарыбызда ошол кыздын сотуна катышып кайтканбыз.
ТҮЙҮЛДҮК МЕНЕН КОШО КЕТТИ...
Орусиянын “Федеральный судья”, “Суд идёт” аттуу телеберүүсүн көрүп, биз “оо, сот туура чечим кабыл алды. Карачы, орустарда мыйзамдын күчтүүлүгүн” дейбиз. Бирок сотко катышкан беш кыргыз сот залынан баш чайкап чыктык. Себеби...
Ош облусунун Кара-Кулжа айылынан келген Эгембердиева Гүлзат 31 жашта болчу. Турмушка чыгып, кыздуу болгон соң жолдошу каза тапкан. Кийинки жолдошу экөө Москвада иштечү. Москвада иштегенине былтыр 9 жылдын жүзү болгон экен. Ал 2010-жылдын 29-июль күнү эртең менен Москвадагы "Гемотест" деп аталган медициналык лабораторияга 12-14 жумалык түйүлдүктү боюнан алдыруу үчүн кайрылган. Бирок ага медициналык борбордон анализдери жаман чыккандыгын жана тез арада аборт кылуу керектигин айтышат. Гүлзат ага макул болуп "кандайдыр бир коркунучтуу жагдай туулса, жоопкерчиликти өз мойнума алам" деген документке кол коюп берген. Абортко Гүлзат кечки саат 20:00гө, лаборатория жабылгандан кийинки убакытка чакырылат. Белгиленген убакытта ал сиңдиси Нурзат менен келип, операция бөлмөсүнө кирип кетет. Ал эми Нурзат кабыл алуу бөлмөсүндө эжесин күтүп калган.
Операцияга 50 жаштагы гинеколог-эндокринолог катары Елена Олейникова аттуу врач башка медициналык борбордон чакырылган. Ал операция жасоонун алдында Гүлзатка ооруну сездирбөөчү укол жасап, абортко киришет. Сайылган ийнеден Гүлзат аллергия болуп, денесин шишик басып, дем алуусу оорлоп, эстен танат. Мындан чочулаган врач Гүлзатка жасалма дем алдырып кирет. Тилекке каршы, жардам кеч берилгендиктен, аял операция столунда каза табат.
“ЭЖЕҢДИ “ТЕЗ ЖАРДАМ” АЛЫП КЕТТИ, ӨЗҮҢ ТААП АЛ”
Бул учурда сыртта эжесин күтүп турган Нурзат да тынчсыздана баштаган. Ал эми дарыгерлер болсо, ал аралыкта Гүлзаттын сөөгүн кантип жашыруу аракетинде эле. Врач Елена Олейникова түнкү саат 22:00гө жакын айдоочусу, Орловск облусунун жашоочусу Марат Кунарбековду чакырат. Ага Гүлзаттын сиңдиси Нурзатты кетирип жиберүүсүн айткан. Эжесине тынчсызданган Нурзатка ал “эжеңди “Тез жардам” менен алып кетишти. Билбейбиз, кайсы оорукана экенин, өзүң чалып тактап ал” деген. Андан көп убакыт өтпөй, жеңил унаанын арткы орундугуна Гүлзатты салып алып кетишет. Алар аялдын сөөгүн Лосиноостровск токой-сейил багына жеткиришип, таштап салышкан. Сейил бакта эс алып жүргөндөр өлүктү көрүп, милицияга кабарлашат. Ошол учурда Гүлзаттын жакындары “Тез жардам” борборуна жана ооруканаларга телефон чалып, эч бир жерден Гүлзаттын жеткирилгендиги туурасында маалымат ала албай жатышкан эле...
АР КИМ ӨЗ КӨМӨЧҮНӨ КҮЛ ТАРТАТ
Оперативдүү иликтөөнүн натыйжасында, кылмышкерлер клиниканын ээси Елена Самойлова, врач-гинеколог Елена Олейникова жана айдоочу Марат Кунарбеков табылат. Ал тургай медициналык борбордо орнотулган видеокамерада тартылып калган боюнча, Гүлзаттын сөөгүн кантип алып чыккандары аныкталган. 2-август күнү бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлер кылтакка алынган. Бирок бул кылмыш иши көпкө сүйрөлөт. Врачтын шалаакылыгынын айынан эжесинен ажыраган Нурзат Москвадагы элчиликтин консулу Айжигит Бурановго 2010-жылдын 17-ноябрында кат жолдойт. Каттан кабардар болгон консулдук Орусиянын ТИМине кайрылуу жасап отуруп, соттун жыйынтыгы быйыл чыгарылды.
Сот залында айыпталуучу врач Олейниковага сөз бергенде ал “22 жылдык тажрыйбамда мындай окуя болбогон эле. Аял кокустуктан көз жумду. Маркумдун жакындарынан кечирим сурайм. Бирок мени камабагыла, уулум бар, али бутуна тура элек” деп көз жашын сүрттү. Соттолуучу Елена Олейникованы сот эки жыл эркинен ажыратып, 500 миң рубль компенсация иретинде төлөп берүү өкүмүн чыгарды.
«СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ МАКУЛ ЭМЕСПИЗ»
Сот баштала электе «сот бүтсө эле кетет элем, Кыргызстанга, тажадым» деген Гүлзаттын иниси Бактыбек соттун мындай чечиминен кийин тамекини дембе дем тартып, маанайы чөктү.
Ал эми элчиликте юрист болуп иштеген Алмаз Абдисияев:
“Биз соттун мындай өкүмүнө макул эмеспиз. Өкүмдүн кагазы колубузга тийгенден кийин Жогорку Сотко арыз жазабыз. Медициналык борбордун камерасына тартылып калган эки жардамчы кызматкер кылмышка аралашканына карабай туруп, аларды күбө гана кылып, жазасыз калтырышты. Медэкспертизанын жыйынтыктарында күмөн пайда болгон: “Балким, Эгембердиеваны сейил бакка алып барып ыргытпай, башка реанимациялык бөлүмдөргө көрсөтсө, тирүү калышы мүмкүн эле”,- делген”,- деди.
Мына окурман, алыста жүргөн мекендештердин тагдырлары ушундай. Айтор, мындай окуяны угуп кайгырасың, зээниң кейийт...
Бурул Исмаилова
koom@super.kg