Казак ажосу Нурсултан Назарбаевдин айыптарын ачып келген анын экс-күйөө баласы Рахат Алиев футболго байланышкан бир былыгын ачты. Анын айтымында, Нураке Владимир Путинден небереси Айсултанды лондондук “Челсинин” курамына кошуу үчүн Роман Абрамович менен сүйлөшүп берүүсүн суранган. Бул маалыматты Назарбаевдин кишилери четке какса, 21 жаштагы Айсултан бул тууралуу: “Мен Казакстандын өспүрүмдөр курама командасында ойноп жүргөндө чет элден сунуш түшкөн. “Челсинин” кароосунда болгом. Бирок “Портсмутту” тандап кеткем”,- дейт.
Эске салсак, жаш футболчу 2009-жылга чейин Лондондогу Британ падышалык аскер академиясында окуган. Учурда “Астананын” экинчи курамында ойнойт. Ошентип, Айсултан атаандаштыктан сестенип “Портсмутка” кетсе, небересинин футболдук келечегин ойлогон чоң ата Володя байкени ортого салган окшойт.