Мындай ой кечээ жакында шотландиялык 64 жаштагы пенсионер Колин Вейр “Евромиллион” лотереясынан 185 миллион евро уткан соң туулду. Аталган лотереянын тарыхында эң чоң утушка ээ болгон абышка учурдун №1-футболчусу Лео Мессини сүйүктүү командасы “Лагс Фистлге” алып келүү тууралуу ою бар экенин билдирген.
Учурда Аргентинада өтүп жаткан Америка кубогунда үй ээлеринин мелдештен “учушу” Мессинин баасын түшүргөнү анык. Демек, бактылуу миллионердин кыялы орундалат өңдөнөт.