ЖАРДЫ АЙМАКТАН ЧЫККАН МИЛЛИОНЕР. МЭННИ ПАКЬЯО

Бүгүнкү коногубуз эки жыл мурун дүйнөнү дүңгүрөткөн “Жарды аймактан чыккан миллионер” тасмасынын башкы каарманына окшош. Бир гана айырмасы – ал тасмада эмес, реалдуу жашоодо талыкпаган эмгегинин натыйжасында чоң ийгиликке жетишкенинде. Анда эмесе, кызыл бурчта акыркы жылдары чоң боксто кыргын салган Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, филиппиндик Мэнни Пакьяо.

ЭММАНУЭЛЬ ДАПИДЕРАН ПАКЬЯО
Каймана аты – Пэк Мэн.
Туулган жылы – 1978-жыл, 17-декабрь.
Туулган жери – Кибаве, Филиппин аралдары.
Бою – 169 сантиметр, салмагы – 58 килограмм.
Жетишкендиктери – Профессионалдар арасында жарым орто салмакта WBO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону. “Ринг” журналы “Салмактык категориядан көз карандысыз дүйнөнүн мыкты мушкери” деп тапкан. Профессионалдык рингде өткөргөн 58 беттештин 53дө жеңиштин (38ин нокаут менен) даамын таткан (2 тең чыгуу, 3 жеңилүү).
Машыктыруучусу – Фредди Роуч (АКШ).
Үй-бүлөлүү. 2 уул, 2 кыздын атасы.
Учурда Женерал-Сантос ситиде (Филиппин аралдары) жашайт.

БОКСКО КЕЛИШИНЕ КҮЧҮГҮ СЕБЕП БОЛУП...
Бүгүнкү күнгө чейин чоң бокстун тарыхында Филиппинден чыккан Дүйнө чемпиону дегеле болгон эмес. Бирок атактуу Майк Тайсондун Бастер Дуглас менен болгон беттеши чоң бокстогу дагы бир тарыхый спортчунун жаралышына себеп болуп, 11 жаштагы филиппиндик Пакьяону шыктандырган. Катардагы үй-бүлөдөн чыккан бул мушкер алгач 11 жашында бокс залына барган. Бирок бул тандоосу анын апасына жаккан эмес. Бокстун айынан жаш мушкер 12 жашында үйүнөн качып кетет. Мэннинин ал күндөрү тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Мушкер өзү да бул жөнүндө кеп кылганды жактыра бербейт. Үйүнөн качкан Мэнни белгилүү бир убакыттай көчөдө токоч сатып, кардондордо жатып жан багууга аргасыз болгон.
Мэннинин америкалык машыктыруучусу Фредди Роучтун айтымында, Пакьяонун үйүнөн кетүүсүнө көптөн бери үйүнө келбеген атасынын үйүнө кайтып, анын жакшы көргөн күчүгүн союп жеп коюшу себеп болгон. Кыйын күндөрдү башынан өткөргөн келечектеги Дүйнө чемпиону жашоонун оордугунан мектепти таштап, 14 жашында жаркын келечекке умтулуу максатында бокс менен олуттуу түрдө машыга баштайт.

ДЕ ЛА ХОЙЯ, ХАТТОН, МОЗЛИ... WHO IS NEXT?
Атактуу мушкер профессионалдардын катарына өтүүдөн мурун сүйүүчүлөр арасында жалпысынан 64 жолу беттеш өткөрүп, 60 жолу атаандаштарын тизелеткен. Тынымсыз машыгуулардын негизинде эмгегинин акыбети кайтып, ал техникалык жана физикалык жактан өсүп, ийгиликтерге жетише баштайт. Мэнни профессионалдар арасына өткөндө алгачкы жолу рингге 1995-жылдын 22-январында, 16 жаш курагында Едмундио Игнасиого каршы чыккан. Беттеште жеңип чыгып, чоң бокско жол ачылган.
Акырындык менен Мэнни алдынан чыккан бардык атаандаштарын өз ордуна коюп, улам кийинки салмактык категорияга өтүп келген. Ошентип, дүйнөнүн эң алдыңкы мушкерлери анын муштумуна кабылышат. Алардын катарында чоң бокстун дөө-шаалары Марко Антонио Баррера, Хуан Мануель Маркес, Оскар Де Ла Хойя, Рикки Хаттон, Шейн Мозлини айтууга болот.
Чоң бокстун тарыхында өз атын калтырган Мэнни Пакьяо рингдеги өзүнүн аябай тез кыймылы менен айырмаланат. Айрым мушкерлер аны шамалдай кыймылдайт деп келишет. Анын ушундай тез ылдамдыкта аткарылган 5-6 соккудан турган серияларына дээрлик бардык атаандаштары туруштук бере алышпайт.

ЧОҢ БОКСТОН ЧОҢ САЯСАТКА
Филиппиндик мушкер 2010-жылы Филиппиндин парламентинин Төмөнкү Палатасына болгон шайлоодо жеңишке жетишип, депутаттык милдетти аркалап келет. Буга чейин Мэнни Пакьяо 2007-жылы дагы шайлоого катышып, мандатка жетпей калган. Машыктыруучусу Фредди Роучтун айтымында, 2 жылдан кийин Мэнни чоң бокстогу карьерасын аяктап, чоң саясатка кетет. Ушундай ийгиликтеринен кийин 2011-жылдын 15-февралында АКШнын президенти Барак Обама Мэнни Пакаьяону жубайы менен кабыл алган. АКШнын президенти филиппиндик боксчунун талантын сыйлаарын билдирип, ага мөөрү басылган саатты белек кылган. Эскерте кетсек, Пакьяо Дүйнө чемпиону катары АКШнын Ак үйүнө чакырылган биринчи мушкер. Буга чейин Мухаммед Али экс-чемпион кезинде чакыруу алган.

АКЫРКЫ МУШТАШТА 20 МИЛЛИОН ТАПТЫ
Жакыр үй-бүлөдөн чыккан мушкер чоң жеңиштеринин артынан миллионер спортчуга айланды. Учурда ал дүйнөдөгү миллионерлердин катарын толуктап келет. Оскар Де Ла Хойя менен болгон беттеште Мэнни 15 миллион доллар киреше тапкан. Рикки Хаттон менен беттеште – 13 миллион, Мигель Котто менен – 13 миллион, Жошуа Клотти менен – 12 миллион, Антонио Маргарито менен – 15 миллион, ал эми акыркы жолу америкалык Шейн Мозли менен болгон беттеште 20 миллион доллар гонорар алган.
Атактуу “Форбс” журналынын 2011-жылдын эң көп киреше тапкан спортчуларынын тизмесинде жылдык 28 миллион кирешеси менен 50 спортчунун катарында. Пэк Мэн миллиондогон кирешелерин өз атаандаштарын «сабап» гана эмес, жарнамадан да табат.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Мэннинин жубайы – Мария Жеральдин. Жимуель, Майкл аттуу уулдардын жана сүйүктүү Мери Дивайн Грейс, Ханыша Елизавета аттуу кыздардын атасы. Акыркы жолу тартылган тасмасындагы Кристина Панильо деген актриса менен мамилеси бар деген ушак-айың анын үй-бүлөсүнө дагы залакасын тийгизбей койгон эмес. Өзү бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып келет.

Азамат Абдраев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздар жөнүндө - Мэнни Пакьяо
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
djeki
2011-07-25 15:17:00
otlichno!!!
0
Prokuror
2011-07-26 10:38:34
Балдары ширин экен.
0
zzz---zzz
2011-07-26 17:18:39
Тиги суротундо артында турган биздин Турусбек Жумалиев алып баруучу болгон эмеспи
0
NukeBrat
2012-10-02 20:08:39
Мэнни Пакьяо Красавчик! Эркек! Сыйлайм ушул боксчунун. Мен дегендерди талкалаган
0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан