Адилеттик кайда? Бул суроого жооп издеп редакциябызга баш баккандар көп. Алардын бири кызын жоготуп, адилеттик издеп жүргөн Шааркан аттуу эже. Табышмактуу өлүмдүн болгонуна бир жылга жакындаптыр. Бул баянды угуп отуруп, “чыныгы детектив да бул жакта калат” деген ойго аргасыз туштуктум.
ТУРМУШТАН ЖОЛУ БОЛБОЙ...
– Жамиля кичүү кызым эле. Мындан 4 жыл мурун Таласта окуп жүргөн кезинде Көктөм аттуу бала ала качып кеткен. Кыргызчылык кээде туура эмес кадамдарга түртөт экен. Кызыбызды алып кетип калганды намыс көрүп, Жамиля ошол боюнча жаңы журтунда отуруп калды. Башында жакшы эле жашап жүрүштү. Күйөө баламдын мүнөзүн көп деле билбейм, анткени бир-эки эле жолу көргөм. Ошентип, эркек балалуу да болушту. Кийин эле кызымдын жаркылдаган мүнөзү өзгөрүп, көп сүйлөбөй калганына аябай кыжалат болуп жүрдүм.
“Балам, анчалык кыйналбачы, ажырашкандар аз бекен?” деп четин чыгарып көрсөм, “күйөөм жакшы, апа, кайненем эле мени жактырбай койду” деди.
Турмуш менен жакшы эле күрөштү байкуш кызым. Бирок улам эле чатакташа бергенинен улам ажырашып, баласын алып кетип калды. Ажырашкан соң бул жерде деле көп жүргүсү келбеди окшойт, Орусияга кете турган болду. “1 жылдан кийин келип жаңы жашоо баштайм” деп чечти. Ошентип, Орусияда иштеп келди. Ала качып кеткендиктен окуусун да уланта албай калган эле, аны да улантмай болду. Ошол убактарда күйөө бала жанын койбой эле телефон чалып жүрдү. “Албай эле койчу ошонун телефонун, дүйнөдөгү акыркы эркек болсо да тим эле койчу” деп айтсам, кызым унчукпай кутулчу. Анын үстүнө күйөө бала эбак эле үйлөнүп алганын билип, ичимден сызып жүргөм.
“БАЛАМДЫН АТАСЫ ДА...”
– Москвадан келген соң 15 күндөй үйдө жүрүп, окуусун бүтүрүп келгени Талас шаарына жөнөдү. Ошондо көчөдөн күйөөсүнө жолугуп калыптыр. Кандай максат кылганын ким билсин, айтор, ошол жерден Жамиляны алып Бишкекке жөнөптүр. Бир маалда эле мага телефон чалды.
– Кайда жүрөсүң, кызым,- дедим мен дароо эле бир нерсени туйгандай.
– Апа, мен Көктөм менен жолуктум. Ал “экөөбүз баарын кайра баштайлы” деп жатат,- деди ал.
– Койчу, балам, ошону жөн койчу,- дедим.
– Апа, баламды атасыз калтыргым келбейт. Азырынча Бишкекте жашап туралы. Кийин Орусияга кетели деп жатабыз. Ушинтип сүйлөштүк,- деди.
Бир нерсе деп айтайын десем, “апа, сөз бүттү!” деп койду. Ошол боюнча телефонун өчүрүп салды. Андан бир күн мурун бир окуя болуп өткөн эле. Кызым күйөө балам менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатса, кайненеси тартып алып жаман сөздөрдү айткан окшойт. Ошол сүйлөшүүдөн кийин кызымдын кабагы бүркөлө түшкөн. “Апа, кайненем мени катуу тилдеди. Сөзү кулагыма азыркыга чейин угулуп жатат. Түнү менен уктай албай чыктым” деген эле. Ошентип, кызымдын акыркы сөзү “Көктөм менен кетип баратам” болду. Жаркылдаган жарыгымды ошол боюнча көрбөй калдым.
Шааркан эже ыйлап, андан ары сөзүн айта албай койгондуктан, Жамилянын курбусу сөздү улады:
– Жамиля Бишкекке келгенде мен да бул жакта элем. Алгач мага Көктөм менен келгенин айткан эмес. Бирок үйүнө барып жатып келгенде Көктөм жанын койбой чалып жатканына күбө болгом. Жамиля Бишкекке келгенде мага жолугат деп ойлогом. Бирок ал артка кетенчиктеп, такыр эле жолугууга келбей жатты. “Сени эмне, чыгарбай жатышабы?” десем, “жок” деди. Алар Көктөмдүн туугандарынын үйүндө жашап жатышкан экен.
Телефондон сүйлөшүп жатканда мага кайниси менен кайын сиңдиси келип коркутуп жатканын айтты. “Көктөмдүн аялы бар, сен эми аны жайына кой!” деген кептерди айтышкан экен.
Ошол күнү кечинде телефон чалдым. Гудок кетип жатты, бирок эч ким алган жок. Айлам кетип СМС жаздым. Анда да жооп келген жок. Жүрөгүм жамандыкты сезе баштады.
“УКСУС ИЧТИ, ӨМҮРҮН КЫЙДЫ” ДЕШИП...”
Мындан аркы окуянын жүрүшү да кудум кинодогудай. 17-август күнү Жамиляны белгисиз жигит (болжол менен Жамилянын алысыраак кайниси) Чүй райондук ооруканага алпарып таштайт. Ал эми Жамилянын кайненеси алысыраак туугандарына “Жамиля реанимацияда экен. Өлөм деп уксус ичип алыптыр. Барбайсыңарбы, карабайсыңарбы!” деген СМС жөнөтүптүр. Мындай кабар ага кандайча жетти? Дагы табышмак. Баянды кайрадан Жамилянын апасы улады:
– Ошентип, Бишкектеги эжесине кабар жетет. Ал келип дайынын сураса, врачтар “сенден чоңураак эч ким жокпу?” дешиптир. Анткени ал кыздын боюнда бар эле. “Жок, акем бар” деп агасына телефон чалып, эмне болгонун билбей ошол жерде отура берет. Врач колуна бир пакет карматыптыр. Пакетти ачса, кан болгон халат жана жоолуктар, ич кийимдер бар экен. Көрсө, Жамиляга абысынынын кийимдерин кийгизип коюшкан экен. Алар дагы ылай, кан-жин аралашкан экен. Биз өлүк сасып кетпесин деп эч нерсени сураштырбай алып кетип калдык.
Ошентип, сөөктү жууп жатканда гана кызым катуу тепки жеп каза болгонун билдик. Ага чейин “уксус ичип өлүптүр” деген менен эле турганбыз. Жууп жаткан аялдар ушундай мыкаачылыкка таң калышты. Денесинин баары көк ала, башы кан. Колдору бычак менен тилинген, кабыргалары сынган экен.
Ошол жерден кызымды сүрөткө тартып алдык. Экспертизага жиберели деп жатсак, Аламүдүн районунун тергөөчүсү Байдылдаева Махабат деген келин “бизде бардык далилдер бар. Кайра экспертизага бериштин кереги жок. Баары аныкталат” деп койду. Ошону менен токтоп калдык.
Ал эми азыркы колубузда турган сотмедэкспертизаны кийин чыгардык. Ошентип, жаркылдап турган кызымдан айрылып кала бердим. Кызым оңой менен бирөөгө бой берчүлөрдөн эмес болчу. Менин оюмча, кайындары кызымды коркутабыз деген ой менен катуу сабашкан. Анан “баары бир сотко беришет” деп биротоло көзүн тазалаганга аракет кылышса керек.
Жаны такыр чыкпай койгондо оозуна уксус куюп, «өзү ичип өлдүгө чыгаралы» дешсе керек деп ойлоп жатабыз.
КЫЛМЫШ ИШИ АЧЫЛБАЙ...
– Бирок Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Махабат Байдылдаева кылмышты ачуудан баш тартты. Азыр Жамилядан калган неберемди Көктөм талашып, уялбай сотко берип жатат. Кайындары бизге басып да келишкен жок. Көп эшикти каккыладык, бирок эч кандай жыйынтык болбой жатат. Кызымдын өз ыктыяры менен жанын кыйды деген нерсе чындыкка такыр коошпойт. Анткени ал өтө баласаак болчу. Баласынын келечеги үчүн көп пландары да бар эле. Мен эне катары адилеттүүлүктү талап кылып, суранып жүрөм.
Кылмыш ишин ачуудан эмнеге баш тартышкан? Жаңы турмушту баштоону чечкен Жамиля өз жанын кыйышы мүмкүн беле? Көп суроолордун жообу али табылбады. Бул тууралуу Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Махабат Байдылдаевага телефон аркылуу байланышка чыктык. Ал бул тууралуу кылмыш иши козголгонун, учурда изилденип жатканын кабарлады. Ал эми бул ишке байланыштуу маалыматтарды, изилдөөнүн жыйынтыгын кийинки сандарыбызда маалымдайбыз.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg