Телевидениедеги дикторлорду күн сайын көргөндүктөн, алардын жеке турмушу тууралуу маалымат окурмандарды кайдигер калтырбаса керек. Дайыма бир калыпта экран алдына отуруп алып акыркы кабарлар менен тааныштырган дикторлор жеке жашоосунда кандай?
КАНАТ АБАЗБЕКОВ
Коомдук биринчи каналдын белгилүү дикторлорунун бири Канат Абазбеков быйыл Алыкулдун ак боз атын минип 30дун кырына чыгып бараткан кези. Токтогул жергесинин кулуну, 4 бир туугандын эң улуусу. Үй-бүлөлүү, Нурболот аттуу 4 айлык наристенин бактылуу атасы. Телевидение тармагында 2006-жылдан бери эмгектенип келет. Алгач 5-каналдан тушоосу кесилип, анда 4 жыл талыкпай кызмат кылган соң өз каалоосу менен андан кетип, бир жыл мурун республикалык деңгээлге чыгуу максатында Коомдук каналдын “Ала-Тоо” маалымат программасына келген.
Жаңыдан иштеп жүргөн кезинде түз эфирде телесуфлёр өчүп калып, 10 секунд текстти таппай, чоң каталык кетирген. Ошондо алгачкы жолу жетекчилик тарабынан катуу эскертүү алганын айтат диктор. Канаттын айтымында, дикторлуктун эфирдеги өмүрү кыска болот. Андыктан кийинчерээк эфирге чыкпай калганда да өз кесиби менен журналист катары телевидениеде иштей бермекчи.
НАРГИЗА НАНАКЕЕВА
Талас жергесинин кызы Наргиза Нанакеева 29 жашта. Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун энеси. Телевидение тармагында 2002-жылдан бери эмгектенип келсе да, НБТ каналынын диктору катары көпчүлүккө 2007-жылдан тарта тааныла баштаган.
“Жаңылыктар” берүүсүнүн алпаруучусу бир жолу эфирде сюжет бүтөр замат текстти башкарган педалды таппай калып, эңкейип карагыча эфир башталып, көрүүчүлөргө столдун астынан чыгып келаткандай көрүнүш жаратканын эстеп күлөт. Жетекчилик мындай кырдаалдарда түшүнүү менен мамиле кылгандыктан, диктор уруш жеген эмес. Бирок бир топко чейин көрүүчүлөр менен кесиптештери “шым кийип жаттың беле?” деп күлүп жүрүшкөн. Андан бери мындай чоң катачылыктардын кетпегенин айткан Наргиза айым бул тармакта дагы деле иштей берерин билдирди.
АЙНУРА КАБАТАЙ кызы
Өлкөбүздөгү эң тажрыйбалуу дикторлордун бири Айнура Кабатай кызы учурда 37 жашта. Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылында төрөлгөнү менен, атасы аскер адамы болгондуктан, балалыгы Кыргызстандын көп жерлеринде өткөн. 20 жаштагы бир уулу бар. Телевидениеде иштеп келатканына быйыл 20 жыл толот. Диктор эжебиздин ийгилик сыры – ишке олуттуу жана жоопкерчилик менен мамиле кылып, позитивдүү ойдо жүргөндүгүндө.
Кыргыздын салт-санааларын карманып жүрүүгө ар дайым аракеттенет. Мындан 20 жыл мурун сынак аркылуу КТРге келип эфир жылдызына айланган диктор кийин КООРТто, учурда НТС каналында иштеп жаткан убагы. Айнура эже телевидение тармагынан тышкары Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги коммуникация факультетинин радио-телевидение жана киноискусство бөлүмүндө ага окутуучу болуп эмгектенет. Ошондой эле Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы аспирантурада окуйт.
ЧЫҢГЫЗ ЭСЕНГУЛОВ
Чыңгыз Эсенгулов – Коомдук биринчи каналдын дикторлорунун бири. Бирок анын башкалардан өзгөчөлүгү бар. Гүлшан Кулматова аттуу диктор – Чыңгыздын жубайы. Ортолорунда Адеми деген бир жарым жашар кызы бар. Нарын шаарынын кулуну Чыңгыз учурда 24 жашта экендигине карабастан, алпаруучулуктан тышкары Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз катчысы болуп да эмгектенет. Бош убактысы боло калса, мечитке барып турганды жактырат.
Телевидениеге келип калгандыгы туурасында Чыңгыз: “2006-жылы Нарындагы “Теңир-Тоо” радиосунда иштеп жүргөнүмдө КТР журналисттерге кастинг жарыялап, “диплому жок болсо деле жарайт” дегенин угуп эле шаарга келип калгам. Кастингге барсам, бир да киши жок экен. Дароо эле мени кабыл алышып, ошол замат Жогорку Кеңешке маалымат үчүн жиберишкен. Ошентип иштеп калдым да, 2009-жылдан баштап эфирге чыга баштадым”,- дейт.
КЫМБАТ КЕРИМБАЕВА
ЭлТР коомдук телеканалынын жүзү болгон диктор Кымбат Керимбаева 1990-жылы 1-февралда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында төрөлгөн. 2007-жылы мектепти аяктаган соң Бишкек шаарына келип, БГУнун журналистика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырган. Учурда 5-курстун студенти. 2009-жылдан баштап алпаруучулукту аркалап, узун элдин учуна таанылууга жетишти.
Кымбат 6 бир туугандын үчүнчүсү. Күйөрманы катары анда-санда телефон номерин сурап тийишип калган жигиттерден кичи пейил мамилеси менен кутулат. Жигиттердеги баалаган сапаты – адамгерчилик, жөнөкөйлүк жана туруктуулук. Диктор кыздарга тиешелүү үй иштеринин баарын так аткара билгендигинен тышкары сууда сүзүүгө кызыгат. Көөдөнү букка толгон күндөрү бир аз ыр жазып калмайы да бар.
КАНЫБЕК АСАНКАРЫ уулу
“Учурда 27 жаштамын, 3 бир туугандын улуусумун. Нарындын Кочкор районунан болом. Үй-бүлөлүк абалымды айтсам, азырынча бойдокмун. Бирок жакын арада сүйлөшкөн кызыма үйлөнгөнү турам. Аты – Бегимай. Сулуу, акылдуу, түшүнүктүү, жөнөкөй, бир аз уялчаак, айтор, мен каалагандай. Ал эми алпаруучулук жаатында айтсам, бул ишке келгениме эки жылдан ашты. Тааныштарымдын “5-каналга эркек алпаруучу керек, сен барып көрбөйсүңбү?..” деген сунушу менен эле келип калгам. Дикторлуктан тышкары өзүмө тиешелүү чакан бизнесим бар. Бош убактымда досторум менен шаар сыртына чыкканды, бильярд ойногонду, бассейнде сүзгөндү жактырам. Фотоаппарат менен кооз жерлерди сүрөткө түшүрүү – менин хоббим. Андан тышкары жакшы ырдагандыктан, караоке клубдарга көп барам”,- дейт Каныбек өзү жөнүндө кыскача.
Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg