Ай чырайлуу ырчы Николь Шерзингердин атасы Формула-1 боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону, автожарышчы Льюис Хэмилтон кызынын колун сурагандыгын билдирген. Ырчынын атасы Альфонсо Вальенте кызынын келечектеги күйөөсү менен былтыр таанышып, ал жөнүндө жакшы ойдо калганын айткан. Эми минтип атактуу Хэмилтон күйөө баласы болоруна кубанганын жашырган эмес. Жакында атактуу ырчы үлпөт көйнөк кийип, жубайлык милдетин аткарып калат өңдүү.