Жакында эле Кейт Мосс 42 жаштагы рок-ырчы Жейми Хинске турмушка чыкканы тууралуу кабарлаганбыз. Андан аз өтпөй, атактуу модель тойдун чыгымын өзү төлөгөнүн айткан. Үлпөт тойго 300дөй конок чакырылып, ага көлөмдүү каражат кеткен. Айта кетчү нерсе, өткөн саныбыздагы моделдердин кирешелери тууралуу жазган макалабызда модель Кейт Мосстун сүрөтү алмашып кеткенине байланыштуу окурмандарга тактоо беребиз.