Үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бири – Женнифер Лопес менен күйөөсү Марк Энтони ажырашуу алдында турушат. Жети жыл чогуу жашаган түгөйлөр “бизге мындай чечим кабыл алуу өтө кыйынга турду. Бирок биз эки айрым жолго кетүүнү чечтик. Ортобузда достук мамиле калат. Биздин жеке жашообузга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз” деп билдиришкен. Эске салсак, кош жылдыз 2004-жылы жашыруун баш кошуп, 2008-жылы Эмма жана Макс деген эгиздердин ата-энеси болушкан.