“Мыкты жигиттер” сериалындагы 4 жигитке ашык болгондор көп эле болсо керек. Кезек кыз жандуу, жылмайыңкы жигиттин ролун аткарган Ким Бомго келди. Сериалдан соң кыздардын кыялына айланган Ким Бомго кызыксаңыз, төмөнгө караңыз.
Толук аты-жөнү – Ким Сан Бом
Кесиби – Актёр, ырчы
Туулган жери – Түштүк Корея
Туулган жылы – 1989-жыл, 7-июль
Бою – 181 см
Салмагы – 63 кг
Хоббиси – Футбол жана бейсбол
Билими – Кёнбок (Gyeongbok) мектебин аяктап, 2007-жылы Чунан (Chung-Ang University) университетинин Кино жана театр бөлүмүнө тапшырган
«КЫЗДУУ БОЛОТ ЭКЕНМИН ДЕП ЫЙЛАП...»
Ким Бомдун ары табышмактуу, ары жагымдуу жылмаюусу жаңы төрөлгөндө эле бар экен. Балакайды ким колуна албасын, дайыма бактылуу жылмаюу менен жооп берчү. Актёрдун апасы интервьюларында: “Мен Ким Бом төрөлөрдө түш көргөм. Түшүмдө 3 жакшынакай торопой жүрөт. Алардын бирөөсүн колума алдым, ал эми экөө эки жагыма коргоочу болуп жабышып алышыптыр. Ошондо мен колумда укмуш сонун ургаачы торопой кармап турганымды сездим. Чочуп ойгонуп, “кыздуу болот турбаймынбы” деп аябай ыйлагам. Анткени мен уулдуу болууну кыялданып жаткам. Уул төрөгөндө катуу кубангам”,- деген. Ким Бом бала чагынан эле ар тараптуу болчу. Корейлердин өзгөчө жөрөлгөлөрү бар экен. Наристе 1 жашка чыкканда алдына ар кандай буюмдарды коюп, ал эмнени тандаса, ошого жараша кайсы бир кесиптин ээси болорун жоромолдошот. Ал эми Ким Бом биринчи туулган күнүндө тыйынды, андан соң калем сапты тандап алган. Андыктан апасы билимге умтулган окумуштуу адам болот деп жоруган.
АТАКТУУЛУК АЙДЫҢЫНДА
2006-жылы KBS каналы тарабынан уюштурулган “Survival Star Audition” аттуу жаш актёрлордун сынагына катышып, 17 жаштагы Ким Бом миң катышуучунун ичинен ондукка илине алган. Алгачкы жолу актёр “Кыжырды келтирген аялдар” (“Возмутительные женщины”) сериалында өзүн сынап көргөн. Андан кийин биринин артынан экинчи сунуш түшүп, тасмаларда роль жаратып, атактуулукту 2009-жылы чыккан “Мыкты жигиттер” тасмасынан алган.
ЧЫНЫГЫ ЖАШООСУНДА ДА КЫЗ ЖАНДУУ
Ким Бом экранда эле эмес, чыныгы жашоосунда да кыз жандуу. Ал 18 жашка чейин 6 кыз менен сүйлөшкөн. Бирок актёр кайсы кыз менен сүйлөшпөсүн, жүрөгүн багындырган бир да айым болгон эмес. “Жүрөгүмдү багындыра ала турган айым сөзсүз түрдө менден улуу болушу керек. Анткени алар менен тил табышуу мага жеңил”,- деген Ким Бом маектеринде. 17 жашында өзүнөн 2 жаш улуу айым менен мамиле түзүп көргөн. Анын эң кыска сүйүү романы бир ай болсо, эң узуну бир жылга созулушу мүмкүн. Айтмакчы, “Мыкты жигиттер” тасмасындагы Чан Динин курбусу Га Ылдын ролун аткарган актриса Ким Со Ён менен чыныгы жашоодо да кыз-жигит болгон. Актёр Түштүк Кореяда моделдик бизнести да жакшы өздөштүрүп кеткен. Аны көчөдөгү көрнөк-жарнактардан сулуу кыздардын курчоосунда көп кездештирүүгө болот. Учурда ата-энеси, карындашы жана жээни болуп жашашат.
Бир собол
«F4төгү» 4 ЖИГИТТИН КИМИСИН ЖАКТЫРАСЫЗ?
АСЕМА, актриса:
– Мага тасмадагы 4 жигиттин арасынан Ким Бом жагат. Анын аткарган ролун, айрыкча кийинүү стилин өзгөчө баалайм. Кайсы жерде болбосун, жылмаюусунан жазбаганы да жагымдуу. Образды мыкты жараткан.
ЭЛИНА АБАЙ кызы, актриса:
– Мен да элден калбай бул тасманы көргөм. Мага төртөө тең жакпайт. Кыздардан айырмасы жок. Чач жасалгасы, кийимдерине жиним келе берет. Эркектин эркектей эле болгону жакшы да!..
КАЙЫРГҮЛ, ырчы:
– Бул тасманы өтө деле берилип көргөн эмесмин. Төртөөнүн ичинен мага башкы ролдогу Ли Мин Хо жагат. Анын келишкен келбети, шыңга бою бардык эле кыздарга жакса керек.
Лунара Бекиева
star@super.kg