Клара Алибекова: «АЙЧҮРӨК ЭЖЕНИН ЖОЛДОШУ МЕНЕН МАМИЛЕМ БОЛГОН ЭМЕС»

“Мага жалган жалаа жабылып жатат. Куру ушактын курмандыгы болгум келбейт. Эл чындыкты билүүгө тийиш”,- дейт кеңсебизге баш баккан ырчы Клара Алибекова. Эмне тууралуу сөз болорун ырчынын өз оозунан уксак.

– Клара, кеңсебизге келип калып­тырсыз...
– Ооба, жакында эле кайсы бир гезитке “Клара ичкен кудугуна түкүргөнбү?” деген аталышта макала жарык көрүптүр. Гезитте “Айчүрөк айым балапан кезинен таптап, чоң сахнага алып чыкканын көпчүлүк билет. Тилекке каршы, шакирти эжекесинин эмгегин текке кетирип, алдыдагы бактысын аттап кеткен дешет...” деген сыяктуу көп сөздөр жазылган экен. Чынында, мени сахнага биринчи Айчүрөк эже алып чыккан эмес. Мен эжеге 8-классымда келгенмин. Сахнага болсо 5-классымдан тарта эле чыга баштагам. Ал кезде мен өтө жаш элем, Айчүрөк эженин сунушу менен анын тобунда иштеп калгам. Мен буга чейин устатым катары сыйлап келгем. Анан “бактысын аттап кетти” дегендери болмок беле?!
– “Кларанын Айчүрөк эженин өмүрлүк жолдошу Таалай менен байланышы бар экен” дешкенине кандай дейсиз?
– Окуп алып төбө чачым тик турду. Гезиттин жазганына караганда, Айчүрөк эженин өмүрлүк жолдошу менен мамилем болгон үчүн экөөбүздүн ортобузду кара мышык аралаган имиш. Мен эже менен бир жылдай гана иштешкем. Ал кезде секелек кыз болсом, кайдан жолдошу менен мамиле курмак элем? Окуган соң дароо “кандай далилге таянып жаздыңар?!” деп гезиттин редакциясына бардым. Эки күн өткөндөн кийин мага “ушундай кат келиптир” деп катты көргөзүштү.
Баса, гезит чыккандан кийин мага Айчүрөк эже чалыптыр, “Клара, биз жөнүндө маалымат кетип жатыптыр го” деп. “Ооба” деп гезиттин атын айтсам, “ушундай гезит бар бекен, укпаптырмын?” деди. Кийин гезитте иштегендерге “Айчүрөк эже силердин гезитти билбейм дебедиби?” десем, “билет эле” деп күлүштү.
Негизи, мен анча-мынча ушактарга маани бербейм. Бирок бул жолкусу жаныма батты. Көптөгөн ырчылар Айчүрөк эжеден “Клара сенден эмнеге кетти?” деп сурашса, “жолдошум менен мамиле түзүп алганы үчүн кетирдим” деп жооп берип жүргөнүн өз кулагым менен уккам. Өзү кетирмек тургай, кетип жатканымда “Клара, кетпей эле койчу...” деп ыйлаганы дале эсимде.
– Анда мындай ушактар кайдан чыгууда деп ойлойсуз?
– Чынын айтсам, кайдан, кимдин чыгарганын билбейм. Бирок мен мунун баарын Айчүрөк эжеден көрөм. “Менин колумдан тарбияланган кыз” деп сыймыктанып койгондун ордуна журтка жаман көрсөтүп жатканына таң калуудамын. Ушундан уламбы, учурда эже менен мамилем жок.

Айчүрөк эжекесине таарынган Клара бизге ушуларды айтып кетти. Окуучусунун таарынычын окуган устат буга эмне дээр экен? Анын да оюн угууга даярбыз.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Клара Алибекова: "Айчүрөк Иманалиеванын жолдошу менен мамилем болгон эмес"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
miranana
2011-07-26 09:40:09
Кайсы гезитти окубайын, Айчуроктун кара пиарлары. жетишет да эми. Же ырчы эмей эле сплетница болуп кеткенби эже? Клара таланттуу кыз, ээги шалпыйабы, элге белгилуу боло албайбы, силерге эмне. Баары аста секинден болот. Ийгилик Клара!
0
faiza
2011-07-26 10:13:40
Aichurok jawynakai kylyp yrdatyp jurgondo jyldyz oorusu m-n oorup Kerimbaevaga ketip kaldyn ele,owondo aitpagan uwakty emi 10jyldan kiyin chukumak bele,bul jerde ekoosun chagywtyruu uchun bawka uchunchu jak bar go syiagy,Anjelanyn mamasy go dep jatam,sebebi al Aichyrokty birinchi kuioosu arkyluu bir gezitten da uwundai jamandatty ele, Klara m-n Aichurok iiri oturup tuz kenewip bir jyiyntyk chygaryp alywsa,jakwy ele bolmok,Yryz aldy -yntymak!
0
mira85
2011-07-26 10:55:39
zaichenok en tuura aitasyn
0
Жаку
2011-07-26 12:42:23
Дагы жазып коеюн. муну окуган Айчурок жетип келеттир, же жан-жоокорлору менен келет болуш керек. Мен айтсам уят, силер айткыла мен жонундо мактагыла деп. Баягы Букаев, Жумалиев деген досторун ээрчитип алыпчы.
0
bagdat
2011-07-27 00:05:14
Айчурок кыргыз эстрадасынын примадоннасы деген наам алган турбайбы, ошону которо албай кеткенго. Бул эмне деген? кайактагы примадонна, эмгек синирген артист, фу блин ушуга кантип татыктуу болсун "КЫЗЫЛ ГУЛ".
0
elya2404
2011-07-27 18:48:08
bagdat, Бул примадонна деген сыйлыкты элим мага ыйгарууну туура деп корушту, мен рахмат айтам, деп колуна сыйлыгын кармап алып эки-уч кун мурун эле манас твдан чыкты. Эмгек синирген артист менен кыргыз эстрадасынын примадоннасы экоосунун айрымасы барбы же жокпу, билбейт экем?
0
AIKA2704
2011-07-27 00:09:44
оозу кантет ай?
0
oroz
2011-07-27 01:12:54
Силерге ушак эле болсо болду.Анан дагы сынап,башынан баштап бутуна чейин.
0
Buu
2011-07-27 15:18:28
мдэ... пугачева менен кристина болсо да мне болуптур елки.... ))) ишенбейм тигиге да тигиге да
0
jyldyzbek
2011-07-28 13:27:46
eeeeeeeeee ushu silerdin katun ushagunar butobu jakshu nerselerin jazgulachu suranam
0
dina
2011-07-29 12:57:08
Кетпе деп кучактап ыйласа калып калбайт белен, Анжеликадай да акылын жок анан ага кылгандын бирин кылбады дейсин, колдонушту дейсин, Анжеликадай болуп сен Айчурок эженди колдонуп койбойт белен. Иши кылып аман болгулачы.
0
AIZAD
2011-07-31 02:52:15
Айчурокко кыргыз шоу дуйносунун ушакчысы деген наам бериш керек!
+1
smallka
2011-07-31 16:33:15
Кептин баары Айчурок Иманалиевада туугандар. Концерти отпой иши журушпой калгандагы озун озу чыгаруу айласы деген синдром. Ушактын артынан кууп жургон аялдан баарын кутсо болот. Кларага асыла баштаган турбайбы эми.
+1
PepsiKolka
2011-10-22 20:41:47
Ой бети жок кыз экен го Клара,сен жонундо илгертен жаман создор журот,Айчуроктун жардамы менен кичине нан тапкансын,рахмат дегенден коро кайра аны жандайсын,Айчурокко эмне пайда сени жамандап?кичине тиги тооктун мээси менен тен мээн менен ойлонуп корсон?
0
PepsiKolka
2011-10-22 20:46:22
Эмне болуптур шоу бизнесте скандальная болуш керек,а то тез эле атын очот,Кларадай болуп.Кыргыздын кичине маданияттан артта калганы да билинип турат,канчалык жамандасанар Айчурокту ошончолук куноосу арылат,давайте продолжайте)))Айчурок менен Динараны эч ким туртуп чыгара албайт,ВОТ ТАК!!!!!))))))))
0
miki98
2011-10-26 21:00:23
Клара жаны ырларын менен качан чыгасын,биз сени сагындык,ЧЫКПАЙСЫНБЫ.унун жакшы сенин,
0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан