«Дайыр Исмадияров эми дагы кимди жандап калды?» деп таң калып жаткандырсыз. Кучагындагы кыз «Элегия» тобундагы Айчүрөк деген сулуу. Биз да бул сүрөттү көрүп «Дайырдын кезектеги сүйүүсүбү?» деп турсак, көрсө, эки ырчы режиссёр Ырыскан Жоомартованын “Токолдор тополоңу” деген тасмасында сүйүшкөндөрдүн ролун жаратып жатышыптыр. «Кыз жандуумун» деген Дайырдын сүйүүсү тасма менен эле чектелеби же уланып кетеби, назар сала туралы.