Учурда жаш таланттар чыгармачылыкта талпынып жатышкан өңдүү. Комузда кол ойноткон Темирбек Сайдинов Ысык-Көлдө өтө турган “Тогуз кайрык” телесынагына катышууга камылга көрүп жатыптыр. Сынакта күү чертип, комуздун коштоосунда ырдамакчы. “Жети облустан катышкан таланттардан ашып түшүп, байгеге коюлган 500 000 сом акчалай сыйлыкты жеңип алсам” деген Темирбекке ийгилик каалайбыз. Ошондой эле ырчы Ысык-Көлгө барганда эки ырына клип да тарттырып келүү оюнда экенин айтты.