Ырчы Курал Чокоев Түркиянын маданият жумалыгына карата өткөрүлгөн сынакка катышып, 3-орунду алып келди. “Мага ийгилик алып келген “Оп майда” жана “Кереметтүү аппак Ала-Тоо” деген ырлар болду. Ушул эки ырды ырдап кубок жана диплом менен сыйландым. Сынакта калыстар тобунун төрагасы болуп композитор Муратбек Бегалиев агай да отурду”,- дейт сүйүнгөн Курал. Ал гана эмес, ырчы жигит алыскы сапардан келер замат “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги менен да сыйланыптыр.