8-9-июль күндөрү Ош шаарында обончу Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдык мааракесине арналган аткаруучулар арасында сынак өтүп, анда КРнын Эл артисти Жолболду Алыбаев 1-орунга жетишти. 30 000 сом акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланган ырчы учурда жакындарына жакшылыгын майлап жүргөн кези. Калыстар тобу КРнын Эл артисттери Эрмек Мойдунов, Шахра Талипова, Түгөлбай Казаков, Гүлшайыр Садыбакасова, Керим Турапов сыяктуу таланттардан куралыптыр.