БИРИҢЕРДЕН БИРИҢ ЭР, АЖО БОЛЧУ КИМИҢЕР?

«Жакында президенттик шайлоо болсо, кимисине добуш берет элеңиз?» деген сурамжылоонун кезектеги жыйынтыгын тааныштырабыз. www.super.kg расмий сайты менен катар Ош жана Бишкектеги сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча ажо болчулардын мүмкүнчүлүктөрүн карап чыктык.

WWW.SUPER.KG сайтынын сурамжылоосу (5%дан көп добуш алгандар):
Алмазбек Атамбаев (16,3 %), Өмүрбек Текебаев (16%), Адахан Мадумаров (15,5%), баарына каршы (9,5%), Камчыбек Ташиев (8%), булардан башкасына (7,4%), Мелис Мырзакматов (5,2%).

“Дизель” форумунун сурамжылоосу (5%дан көп добуш алгандар):
Баарына каршы (19,6%), Нариман Түлеев (13,8%), Феликс Кулов (11,5%), Алмазбек Атамбаев (8,7%), Темир Сариев (6,4%), Өмүрбек Текебаев (5,8%), Өмүрбек Суваналиев (5,2%).

“Акипресс” сайтынын сурамжылоосу (5%дан көп добуш алгандар):
Алмазбек Атамбаев (18,7%), баарына каршы (14%), Өмүрбек Текебаев (8,4%), Адахан Мадумаров (8%), Марат Султанов (6,4%), Темир Сариев (5,7%), Камчыбек Ташиев (5,5%).

Популярдуу деп аталган сайттардын жыйынтыгын талдап көргөндө, жалпысынан “АКИpress” менен www.super.kg сайтындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы окшош чыкты. Андагы ысымдар дээрлик жанаша жүргөндүгү даана көрүнөт. Ал эми орус тилдүү колдонуучулары басымдуу болгон “Дизель” сайтынын жыйынтыгы кыйла айырмаланып турат.
Баса белгилөөчү жагдай, www.super.kg сайтынын колдонуучулары басымдуу кыргыз тилдүү болушса, ал эми “АКИpress” менен «Дизель» сайттары, негизинен, орус жана кыргыз тилдүү колдонуучулардан турат.

Ош шаары боюнча (5%дан көп добуш алгандар):
Адахан Мадумаров (43,5%), Камчыбек Ташиев (29,5), Мелис Мырзакматов (14%), Акматбек Келдибеков (10%).
Сурамжылоону жүргүзгөн Уулбү Каныбекованын айтымында, 40-45 жаштан жогору шаардык тургундар, негизинен, Адахан Мадумаровду тандашкан. Алар муну “бул киши азыр кызматсыз” деген сыяктуу сөздөр менен түшүндүрүшкөн. Ал эми 20-35 жаштын өкүлдөрү жалпысынан Камчыбек Ташиев менен Мелис Мырзакматовго добуш беришерин айтышкан. Сурамжылоого жалпысынан 200 киши катышкан.

Бишкек шаары боюнча (5%дан көп добуш алгандар):
Алмазбек Атамбаев (20,5%), Өмүрбек Текебаев (20%), Адахан Мадумаров (12,5%), Өмүрбек Бабанов (10%), баарына каршы (8%), Темир Сариев (6,5%), Феликс Кулов (6%), Камчыбек Ташиев (5%).
Ал эми Бишкек шаары боюнча абал бир топ башкача. Анда 40-60 жаш курактагы жооп берген эркектер басымдуу түрдө Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевди тандашты. 25-35 жаштагы эркектер көбүнесе Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевге добуш беришкен. Cалыштырмалуу жаш саясатчы болгон Өмүрбек Бабановго, негизинен, аялдар өз колдоосун билдиришти. Сурамжылоого жалпысынан 200 киши катышкан.

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Беш түрдүү булак боюнча сурамжылоонун орточо жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын беш саясатчысы президент болушу мүмкүн деген тизмеде алдыга чыкты (6-орунда Ф.Куловдон анчалык аз эмес артта Н.Түлеев турат). Интернет чөйрөсүнүн колдонуучулары сурамжылоого жандуу катышкандарга караганда, «баарына каршы» деген жоопту көбүрөөк узатышкан. Демек, бул топтун өкүлдөрү кырдаалдын өзгөрүшүнө карай өз тандоосун шайлоого чейин өзгөртүшү да ыктымал.
Ош шаарындагы сурамжылоонун катышуучулары, негизинен, А.Мадумаров, К.Ташиев жана М.Мырзакматов менен чектелүүнү туура көрүштү. Ал эми Бишкекте катышкандардын жооптору көп кырдуу чыкты.
Президенттикке аттанчу талапкерлердин арызы БШКга берилип бүтө электигин эске алсак, анда сурамжылоолордун сезону али алдыда экендигин айта өтөлү.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
Elish
2011-07-27 11:02:38
Мен да кошулам президент Адахан болот го 100%
0
TolonturCN
2011-07-27 12:09:56
Манастай чачылган КЫРГЫЗДЫ чогулткан бирөө чыкбады КЫРГЫЗЫМДЫН бактына, өтө эле өкүнүчтүү. ким эле бийликке олтурса мен кыйратам деп убада берет албетте, а бирок иш жүзүндө гана билинет.
0
monchok
2011-07-27 13:57:59
Мадумаровго добуш берем!
0
Elmira14
2011-07-27 15:36:09
Мадумаров, Ташиев, Келдибеков деп учко болунуп калат туштук жактагылардын добуштары, Чуй, Ыссык-Кол, Нарындыктардын кобунчосу Атамбаевге салышат деп ойлом. Ошондуктан Атамбаев эле отот болуш керек.
0
jugorsk
2011-07-27 19:26:52
Кимиси президент болсода махалла дебеген кыргызга куйгон адам шайлансында
0
nurjigit
2011-07-28 02:08:22
Ким келсе да патриот адам болуш керек ошондо кыргызстан онугот!
0
HEROY
2011-07-28 12:03:34
АЛЛАХ буюрса Ташиев президент болот
0
ayzatkyz
2011-07-28 18:07:06
ушул адамдар аман эле болсун!рахмат баарына,эч кимиси кыйратышпайт.элден акча гана сорушат!
0
baibolot71
2011-07-28 22:33:32
Президент болуш аста аста,качып кетиш бир паста...
0
aslanaslan8888
2011-07-29 16:21:11
мадумаров болот
0
Amangeldi
2011-07-30 08:06:20
Ким болсо да жебей ичпей, Кыргызстандын келечегин ойлогон адам келсе болду президенттикке. Мадумаров ошого татыктуу адам деп ойлойм. Бирок Ташиев деле андан калышпайт.
0
avaz86
2011-07-30 13:06:32
Адахан Кыргызстандын келечеги. Чынында мамлекетте эмне болуп жатканын кобунор билбейсинер. Данный моомент в бюджете страны появился большая дыра или нехватка денег в нашем бюджете кризис
0
guzi90
2011-07-30 23:25:56
Мелис Мырзакматов татыктуу ал кыргыз элине куйгон чыныгы кыргыз кулуну!!!
0
sezim
2011-07-31 13:51:10
Адахан Мадумаров биздин президент, мадумаров келсе убактылуулар качарга жай таппай калатго,
0
Nurwin
2011-10-19 23:41:41
Алмазбек Атамбаев 100% президент болот! Адахан, Ташиевдерин качарга жай таппай калышат.

0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан